ОЙНОШ КҮТКӨН ЭРКЕК МЕНЕН АЯЛ КАНДАЙ ӨЗГӨРҮЛӨТ?
Жубайынын көзүнө чөп салуу – көпчүлүк учурда үй-бүлөнүн урашына жеткирүүчү жол. Ойнош күткөн аял менен эркектеги өзгөрүүлөрдү психологдор төмөндөгүчө бөлүшөт.
АЯЛДАРДАГЫ 7 ӨЗГӨРҮҮ
-
Ойнош күткөн аял күтүүсүздөн эле адатын, имиджин, стилин өзгөртүп, сырткы келбетине көп көңүл бура баштайт. Эртең менен кийимди кылдат талдап кийип, күзгү алдында адаттагыдан көп турат. Келбетине көңүл буруп, балким, арыктоого өтөт. Косметика, парфюмериясын жаңыртат.
-
Мурун сиз (күйөөсү) менен маселелерди чечүү үчүн кеңешип, сырдашып келсе, эми сизге жана сиздин жашооңузга кызыгы жоголот. Интимдик маселе тууралуу сүйлөшүүдөн качат. Сизди босогодон тосуп алуунун же узатуунун ордуна өз иши менен башка бөлмөдө жүрө берет.
-
Өзүнүн ой-толгоолору, иштери тууралуу айтпай калат. Бул, мүмкүн, сиздин алдыңыздагы өз күнөөсүн сезүүдөн чыгар?..
-
Үй-бүлөлүк иштерге анчалык аралашкысы келбей калат. Үйдө азык-түлүктөрдөн эмне бар, эмне жок экенине да көңүл бурбайт.
-
Сиз менен аз талашып, чатакташпай калат. Эмне айтсаңыз да “туура” дечү адат табат. Байпак менен кийимдериңиз чачылып жатса, мурункудай урушпай, кайдигер карап, жыйнап коёт.
-
Телефон менен көп сүйлөшүп, электрондук почтасын тез-тез текшерүүгө өтөт. Телефон менен сүйлөшкөндө шыбырап сүйлөп, сизди укпасын дегендей кылат.
-
Дайыма кечигет. Мунусун көбүнчө “жумушта кармалдым” же “курбуларым жолдон күтүүсүз жолугуп калышты” деп түшүндүрөт. Же “базарга кеттим” деп чыгып, абдан кеч келет.
ЭРКЕКТЕРДЕГИ 7 ӨЗГӨРҮҮ
-
Калпты көп айта баштайт. Башкача айтканда, “эмгекчил” же “жамаатчыл” болуп чыга келет. Мурункуга караганда “6-күнү да иштейм” же “жамаат менен мончого (саунага) барышым керек” деп турат.
-
Үйдө да чөнтөк телефонун коюп койбой, жанынан түшүрбөй калат. Сизден оолак барып же ваннага кирип алып сүйлөшөт.
-
Эгер машинасы бар болсо, анысы улам эле бузула баштайт. “Оңдотуп жүрүп кеч келдим” деп актануу адатка айланат. Машинадагы орундуктар жылып, кээде косметика каражаттары калып калган болот.
-
Күндө мурункуга караганда кылдат кырынып, атыр колдонууга өтөт. Жынсысын стилдүү костюмга алмаштырат.
-
Төшөктө рахатка мурункудай бөлөбөйт. Төшөк оюндарынын саны азаят. Муну чарчап жүргөнүнө шылтоолойт. Кокус секс болуп кетсе, башкача кошулуу ыкмаларын колдонуп, башкача эркелетет.
-
Сүйлөгөндө жаңы сөздөрдү кошуп сүйлөйт. Мурун юмор менен сүйлөбөсө, эми тамаша аралаштырып калат. Мимикалары, кол шилтөөлөрү, сүйлөө манералары өзгөрөт. Психологдор сүйүп калган адам өзү сезбей, сүйгөнүнүн кээ бир кыймыл-аракетин, сүйлөгөнүн туурап калат дешет. Кээ бир кыйын аялдар күйөөсүнүн өзгөргөн мимика, кол кыймылдарына карап үй-бүлөлүк тааныштарынын ичинде кайсы аял ошондой сапаттарга ээ экенин изилдеп, акыры күндөшүн таап алат.
Мүнөзү өзгөрүлөт. Мурункуга салыштырмалуу өзүн шайыр же туталанып, жинденген абалда алып жүрө баштайт. Кемчиликтериңизди көп айтууга өтөт. Байкасаңыз, сырткы келбетиңизди бирөөлөрдүкү менен салыштырып жаткандай болот. Же мүнөзү түнт тартып кетет.
-
Акча белгисиз тарапка кете баштайт. Өзгөчө бул майрам алдында байкалат.
Эротикалык жаңылыктар
УРГААЧЫСЫН «АЛИГИСИНЕН» ЧЫККАН ҮН МЕНЕН ЧАКЫРГАН КЕНЕ
Денесинин чоңдугу 2 миллиметрди гана түзүүчү суу кенесинин оозду ачырган өзгөчөлүгү аныкталды. Көрсө, ал ургаачысын каалап, дүүлүккөндө “алигисинен” укмуштуудай катуу үн чыгарып чакырат экен. Кене жоондугу чачтан ичке “алигисин” курсагына ургулаганда үн чыгат. Изилдөөчүлөр алгач күчтүүлүгү 99,2 децибелге жеткен үндү чоң жандыкка таандык деп ойлошкон. Бирок изилдөөлөрдүн жыйынтыгында үндү көзгө зорго урунган суу кенеси чыгарарын билип, таң калышкан. Эгер салыштырсак, пилдер күчтүүлүгү 177 децибелге жеткен үн чыгарышат. Бирок алар чоң. Аларга салыштырмалуу суу кенесинин кичинекейлигин кара да, чыгарган үнүн кара!
ЭРОТИКАЛЫК ТОРТТОР МОДАДА
Учурда дүйнөдө эротикалык торттор популярдуу. Баалары торттун көлөмүнө жана заказдын татаалдыгына жараша. Мындай тортту жасоочу бир ишкананын жетекчиси: “Урушуп кеткен аял-күйөөнү табыштырууга эротикалык торт жардамчы болмокчу. Мисалы, “биринчи болуп ал сүйлөсүн” дегендей кылып сүйлөшпөй калышты дейли. Ошондо бирөөсү эротикалык тортту алып келип, анан аны сюрприз кылып столго коюп койсо болду. Ошондо беркисинин жылмайбай койгонун көрөлү!”- дейт.
Астра Айдарова
erotika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (55)
бул озгоруулордун баардыгы турмуштан алынган.15 жыл жашаган эрим Москвадагы элдин баарын сугарып буткон бир аялды уйго апкелип "ойноп" жургонун 2 жыл откондон кийин билип жатам.жогоруда жазылган озгоруулордун баардыгы бар эле.Бирок эн жакын адамынан андай нерсе кутпойт экенсин.Самое обидное не то,что изменили,а то с кем. Она работала уборщицей, жила с мужем и с нами вместе.Самый последний [mod] не позарился бы,а мой позарился.Если это была бы достойная женщина, я бы поняла мужа
кудай озу нысап берсин ар кимге!
Salamalikke koshulam. Жанындагы адамдан жаман нерсени ойлогун келбейт да. Козун менен корбогондон сон эмне деп доказать этесин. Кудай ыйман берсин.
ne kil deisin zaman owondoi bolup
бул нерсе илгертен болуп келген ,аялымды измена кылбайын дейсин бирок бир айда бир эки жолу башка кыз менен болуп турсан эркектинда конулу жайдаары и уй булоодо да чыр жок .Эркектин конулу жайында болсо кайдагы жанжал
мен аялымды азырда суйом бирок кез кези менее ойношкода барып турам
менин жолдошум дагы телефонун чонтогунон тушурбой калган болчу
Кудай сактасын менин жолдошум ойнош ойнобосун эч кимге каалабайм
никесиз башка аялзаты менен ушундай мамилеге барыш куноо болот.андан коро оз никелеш аялын менен болсон ошол чоооон бактылуулук.
эн туура кенеш чындап эле эркек бузулганда аялынын кемчиликтерин коп айтып калат.
адайларга кудай озу ыйман берсин!
менин эрим классташым деп коюп бироосу менден бекинип суйлошот.анысынын эри жок,эмнени суйлошот сааттап сааттап,кенеш берип койгулачы,сиделка болуп иштейт
Берилген жети озгорушторго кошулбайм,эми ушундай нерселер болсо уй булодо уруш чыгышы мумкун.
Ар бир инсанга ыйман берсин
Salamalikke aitarym uwundaiga kirgen den kiin alahty aitpai ele koichu kirip okugandan kiin suilobo alahty kowup nege adamdar uwuntip ele akylduu bolo beriwet
Менин жолдошум базарда иштейт озунун сатуучу кызы менен ойноп журот далилдер да бар. мени билбейт деп ойлойт. бирок мен билем жана коптор эле айтып журот кыйналып кеттим жолдошума билээримди айтсам жоготуп аламбы деп корком. уй буломду бузгум келбейт эмне кылсам болот ал кыз менен суйлошсом жолдошума айтып коебу деп корком...