Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ТАГДЫР ОЮНУ

№463 16-22-сентябрь, 2011-жыл


(Башы өткөн сандарыбызда)

Аскар бир топко үн катпай отурду да, акырын сүйлөй баштады.
– Бегимай, кызым, сен эч нерсени билбейсиң али. Аскаттын өлүмүнө бир гана мен күнөөлүүмүн. Жашырганда эмне, бийликти жакшы көрчүмүн. Өмүр бою бийлик дедим. Жолум ушундай болушун кааладым беле, каалабадым беле... Анын баарын айтып отуруштун кажети жоктур. Аскат ким колдуу болгонун мен билип турам. Мен алардан акырындык менен өч алам. Мен сенден коркуп жатам. Эгерде менин айымдан жабыр тартсаң, уулумдун алдындагы күнөөм көтөрө алгыс болор. Ал менин бул жоругумду эч кечире албас эле.
Бегимай үнсүз угуп отурду да, Аскарды тике карады.
– Сиз Аскаттын ким колдуу болгонун билет экенсиз да.
– Болжолдуу түрдө билем.
– Эмнеге мага айткан жоксуз?
– Айтканда эмне өзгөрөт? Сен бул иштин четин билишиңди каалабайм.
Ушуларды айткан Аскар алыска карап отуруп калды.
– А Азаматчы? Эмне үчүн анын күнөөсү жок экенин билип туруп, камалып кетишине макул болдуңуз? Эмне үчүн адилет өкүм болушун каалаган жоксуз?
– Адилет өкүм... Силердей куракта, балким, мен дагы адилет өкүм деген нерселерди билсем керек. Ал учурда мага баары бир эле. Билбейм, балким, менин уулум үчүн кимдир бирөө азап тартышын каалаган чыгармын.
Бегимай эч макул болгон жок. Башын чайкай берди. Мына, көп кишини аты менен сүрдөткөн адам! А анын жанында чарасыз, чарчаган абалда отурат.
– Кызык, Аскат сизге таң каларлыктай окшош. Сиз, балким, анын курагында ага окшош болсоңуз керек эле...
– Анын курагында...- деген Аскар жылмайып алды.
– Жок, уулум менден акылдуу болчу. Жок, ал акылдуулук деле эмес, кечиримдүүлүк, кең пейилдик... Ал көп жагынан апасына окшош. Сырткы келбети мага окшош болгону менен, мүнөзү, боорукерлиги, адилеттүүлүгү, мээримдүүлүгү апасына окшош болчу. А мен...
– А мен аны сизге окшоштурчумун.
– Билесиңби, азыр мен эмне деп ойлоп турам. Көп жолу бийлик үчүн, байлык үчүн же жөн гана “самовыживание” үчүн күрөштүм. Кээде жеңдим, кээде жеңилдим. Бирок менин жашоомдогу эң чоң жеңишим Аскат болгон экен. Дүйнөгө жасаган эң мыкты ишим, жакшылыгым да уулум үчүн болуптур.
Бегимай мындан ары угуп отурганга чамасы жеткен жок. Ордунан туруп, коштошуп, сүрөттөрдү жыйнап жөнөп берди. Аскар ошол калыбында көпкө отурду. “Чунак кыз, кайдагы нерселерди эске салат?!” деп сүйлөнүп алды. Эске түштү көп нерселер. Анын арасында Аскар “эч качан эстебейм” деп мээсинен биротоло чыгарып салгысы келген да нерселер бар эле.

ххх

Убакыт тез өтөт. Бирок темир тордун аркасындагылар үчүн эмес. Азамат азыркы абалына эч көнө албай койду. Кийимине, ичкен тамагына, жаткан жерине көнө албады. Аскаттын өлүмү үчүн бейкүнөө жерден камалып кеткенден бери көп убакыт өттү. Андан бери достору бир-эки жолу келип-кетишти. Ал эми Бегимай өзү тууралуу кабар берген жок. “Аны күтпөй элемин” деп өзүнө көп жолу айтканы менен, жүрөгүнүн түпкүрүндө аны күтө берчү. Бул жолку кабар анын жүрөгүн солк эттирди.
– Азамат, сага бир кыз келди. Укмуш сулуу...- деди конвой.
Ага Азаматтын атасы келген сайын акча бергендиктен, жакшы мамиле жасачу. “Бегимай!” деп алды анын атын айта электе эле. Ордунан обдулуп кетти.
Атайы жолугуу бөлмөсүндө жолугушту. Бегимай аны көргөндө эле кучактай берди. Адамдын өмүрүндө мындай көз ирмемдер аз эле болсо керек. Азамат эркек экенин да, кыздын алдында турганын да унутуп ыйлап жатты. Көз жашынан уялган да жок, жашырган да жок. Бугу чыгып кеткенче ыйлады. Анан оор улутуна бетин жууп келди да, Бегимайга жай бурулду.
– Эмнеге келдиң?
– Билбейм, Аза. Кыйналып кеттим. Сен экөөбүздүн азыр айырмабыз жок. Сен кандай эркиндикте эмес болсоң, мен дагы ошондой эле камактамын.
– Аскат! Ал мурункудай эле арабызды бөлүп, экөөбүздү тең кыйнап жатат. Экөөбүздүн тең кырсыгыбыз ошол адам экен.
– Антип айтпачы. Баса, эмне каалайсың, үйдүн тамагын сагынгандырсың...- деген Бегимай ала келген тамактарын столдун үстүнө жайната баштады.
– Бема, кереги жок. Алып кет,- деди Азамат башын чайкай. – Мага сенин боор ооруганыңдын кереги жок. Дегеле эч ким мени аяганын каалабайм. Мындан ары келбей эле койчу. Суранам, келбе...
– Мен баары бир сени актап чыгарам. Мен табам.
– Кереги жок. Эч нерсенин кереги жок. Жайыма койгулачы,- деген Азамат бөлмөдөн чыгып кетти.

ххх

Бегимай Азирет менен байланышка чыкпаганына көп болгон. Бирок таптакыр горизонттон жоготуп алуудан коркуп кетти. Бул жолу үнсүз гана Аскат экөөнүн чогуу түшкөн сүрөттөрүн өзүнүн баракчасына илип койду.
– Кандайча?- деп жазылды мониторго.
Аралыкка карабай тиги жигиттин кандай абалда отурганын, дендароо абалын көз алдына келтирди.
– Ушундай...
– Мен таптакыр түшүнбөй турам. “Экөөң окшошсуң” деп айткан Алина. Бирок мынчалык окшош экенибизди таптакыр билген эмесмин. Шок болуп отурам.
– А балким, бул түйүндү апаң чечип берер...
– Апам азыр жок. Чет өлкөгө маанилүү конференцияга кеткен. Жок, болбогон нерсе үчүн апамды тынчсыздандыруунун кереги жок.
– Билбейм, мен дагы бул иштин аягын ойлонуп таба албадым.
– Тиги жигиттин, Аскаттын атасы же апасы барбы?
– Апасы жок. Билбейм, ал үйдө апасы тууралуу таптакыр сөз болчу эмес. А атасы бул жактагы өтө таасирдүү адамдардын бири.
– Кызык, мен бул тууралуу ойлонуп көрүшүм керек,- деген билдирүү менен Азирет ошол боюнча эки-үч күн байланышкан жок. Бегимайдын чыдамы таптакыр түгөнүп баратканда гана андан кыска билдирүү келди.
– Мен окуумдан суранып, силер жакка жол тартмай болдум. Мени тосуп аларсың. Эки күндөн кийин Кыргызстанда болом.
Бегимай иш бул жагына айланып кетерин билген жок эле. Бир сүйүнүп, бир күйүнүп, эмне кыларын билбей карбаластап калды. Баарынан да Алинага айтыш өзүнчө бир тозок болду.
Кызынын мындай абалын байкаган апасы болду.
– Сага эмне болгон? Байкасам, бир нары басасың, бир бери басасың. Бир кубарып, бир кызарып... Аскат турнирге кетип, келе жатканда ушинтип калмай адатың бар эле. Эми эмнеге?
– Апа, баары жайында, азыр өзүмдү колго алам.
– Мага таптакыр сырыңды айткың келбейт, ээ? Балким, мен сага кеңеш беремин.
– Бул иште баарын өзүм чечишим керек, апа. Сизге өзүмө ишенгендей ишенем. Бирок майда нерселер үчүн тынчыңызды албай эле коёюнчу,- деп койду.
Бир топ убакыт терезени тиктеп турду да, апасына кайрылды.
– Апа, сиз Аскар байкени көптөн бери эле тааныйсызбы? Анын мурунку аялы тууралуу эмне билесиз?
– Көп деле нерсе билбейм. Биз кийин гана таанышып калбадыкпы... Элдин айтымында, ал кимдир бирөөнү ээрчип кеткен имиш. Аскар аялын жакшы көрсө керек, көп жылдар бою үйлөнбөдү. Кийин жанагы актриса аялын албадыбы. Анысы деле жакшы чыкпады. Сулуулугу үчүн эле алса керек.
– Бирок чын эле сулуу аял, ээ, апа? Сүрдүү дагы... Биринчи жолу Аскат мени ээрчитип барганда сүрдөгөнүмдөн тердеп кеткем. Көз карашы да башкача.
– Жыландыкындай муздак...- деп кошуп койду апасы жактырбай.
– Ушундай сулуу көздөр муздак тиктегени өкүнөрлүк, ээ, апа? Баары эле сиздей эркелетип, мээримдүү караса...
Бегимай апасын эркелете тигилди. Ошол учурда эшиктин коңгуроосу басылып, Алина кирип келди.
– Аяш апа, укмуш таттуу тамак жасап жаткан экенсиз, ээ?- деди адатынча кире элек жатып ашкана тарапты карап.
– Алиночка, келе гой, сенин келериңди билбей калбадымбы, болбосо андан да таттуу тамак жасап турмакмын.
Кирип келип, өзүнө тигилип туруп калган Алинадан Бегимай көзүн ала качты.
– Сага эмне болгон?
– Алишка, чай ичели...
– Башкага бурбай айтсаң. Бир маанилүү нерсе болуп кеткен экен, ээ?
– Анан айтып берем...
– Ага чейин чыдабай жарылып кетем, эй,- деген Алина Бегимайдын ой-боюна койбой кыйнап кирди.
– Болуптур, айтса айтайын. Азирет Кыргызстанга келет экен.
– Эмне-е?
Алинанын көздөрү чоңоюп кетти. Кыялында гана жашап келген адам жанына келерин ойлогондо азыртан сүрдөй баштады.
– Качан келет?
"Эки күндө келип калам, мени тосуп алгыла" деди.
– Сени дагыбы?- Алина эми гана иш кай жагына айланып баратканын түшүндү.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Башка сандарда:
Комментарийлер(21)
19.09.2011. 09:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
01-09-2011
Соӊку аракети:
14-09-2018 00:17
Жынысы:
Белгисиз
0
китеби бар бекен ушул чыгарманын
19.09.2011. 15:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
19-07-2011
Соӊку аракети:
18-10-2013 04:47
Жынысы:
Белгисиз
+1
beka8585, кайсыл жерден тапса болот экен бул китепти? анан дагы, китептин аталышы ушундай элеби
19.09.2011. 10:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
186
Катталган:
27-03-2011
Соӊку аракети:
23-09-2018 01:34
Жынысы:
Белгисиз
0
bugunku kundu ayabai kuttum
19.09.2011. 16:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
14-03-2009
Соӊку аракети:
21-09-2018 16:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Азырынча китеби чыга элек.Чыкканда сєзсїз кабарлап коебуз.
19.09.2011. 16:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
22-01-2011
Соӊку аракети:
11-04-2018 12:49
Жынысы:
Белгисиз
0
китеби бар,аталышы мындай эмес. цумдун 2-этажында сатылат.
19.09.2011. 17:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
06-11-2010
Соӊку аракети:
19-09-2018 16:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
0
Эми эмне болот?????
19.09.2011. 17:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
14-03-2009
Соӊку аракети:
21-09-2018 16:46
Жынысы:
Белгисиз
0
adelima эмне деген китеп? Жанылып жатат окшойсуз.
19.09.2011. 21:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
18-07-2011
Соӊку аракети:
22-09-2018 21:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
0
Откондо до айтпадымбы экоо эгиз жэ бир туугандар деп
22.09.2011. 16:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
17-09-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 14:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары
0
zzz---zzz, Менимче эгиз эмес. Жон эле атасы убагында курортто шоктонуп койсоо керек. Себеби экоо тен чон кызматтагы адамдар экен. Апсынын конференцияда жургонуно караганда.
20.09.2011. 08:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
197
Катталган:
13-11-2009
Соӊку аракети:
03-03-2015 22:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алтын тор
0
zzz-zzz козунуз ачык эсесби? Хехе
20.09.2011. 16:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
18-07-2011
Соӊку аракети:
22-09-2018 21:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
0
Коз ачык эмес бир окуп ошондой чечимге келдим.
20.09.2011. 16:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
18-07-2011
Соӊку аракети:
22-09-2018 21:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
0
Коз ачык эмес бир окуп ошондой чечимге келдим.
20.09.2011. 17:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
01-09-2011
Соӊку аракети:
14-09-2018 00:17
Жынысы:
Белгисиз
0
китеби бар ошон учун чыккан да газетага бирок кандай аталышта экени белгисиз жаны китептерди саткан жерден издеш керек
20.09.2011. 17:15 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
04-12-2008
Соӊку аракети:
02-01-2014 12:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
0
Бул сериал "Кыш сонатасы" аттуу корей сериалынын сюжети бираз озгортулгон бирок мааниси ошол бойдон алынган варианты экен. Кудум ошондогудай. Азирет Аскат болуп чыгат, ал эсин жоготкон, апасы уурдап кеткен атасынан ошол сценарийдин баарын уюштуруп. Корей сериалында да бала эсин жоготуп бир кызды бир омурундо эки ирет суйуп калат, бирок акырында эсине келип кыз менен мамилесин баштаган учурда экоо бир тууган деген жалган маалыматка ишенишип дагы азап тартышат. Акырында бирге болушат.
20.09.2011. 18:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
17-08-2011
Соӊку аракети:
13-12-2012 16:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Bombarbio, Сиз коргон окшойсуз чынында эле. Эгер анын баары чын болсо анда алдыда дагы коп окуялары бар экен. Уфффффффффф дагы уландысын куто берип кыйналат турбаймынбы. Озумо аябай боорум ачып жатат.
23.09.2011. 08:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
118
Катталган:
26-03-2010
Соӊку аракети:
24-02-2012 11:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Bombarbio, точно. Рахмат сизге дальше окубай деле койсо болот )))
20.09.2011. 17:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
14-03-2009
Соӊку аракети:
21-09-2018 16:46
Жынысы:
Белгисиз
0
жок ай, дегеле корей сериалынын жакындыгы жок.
20.09.2011. 18:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
17-08-2011
Соӊку аракети:
13-12-2012 16:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Агата Кристи, сиз кимсиз? Мага аябай кызык болуп жатат. Балким ушул окуяны газетага жазып чыккан супер инфонун журналисти эмессизби?
20.09.2011. 18:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
17-08-2011
Соӊку аракети:
13-12-2012 16:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай кызыктуу экен. Бекер эле окуп баштадым бул окуяны. Эми уктасан деле тушумдо эми эмне болот экен дей берем. Уффффффффф бир жагынан кызыгып экинчи жагынан тажап кеттим куто берип.
22.09.2011. 18:55 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
11-09-2011
Соӊку аракети:
27-02-2012 12:55
Жынысы:
Белгисиз
0
айлантып эле бардык нерсени корей дей бересинерби
26.09.2011. 05:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
506
Катталган:
06-12-2009
Соӊку аракети:
28-08-2018 11:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Kg-Ош-Ноокат
0
Корей порей эмес ,Кыргыздар мындай чыгарма жаза албайт деп ойлойсунарбы...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: