Зари: «СҮЙҮҮМДҮ БИЛГИЗЕ АЛБАЙ КАЛГАМ»

Зари Москвадагы окуусун бүтүп келип, эми толугу менен ырчылыктын жолуна түшөм деп турган чагы. Мекенинен алыс жүрсө да ыр жаздырып, клип тарттырып, өргө карай жол чаап келет. Иреттүү, көркөм сүйлөгөн Зари менен маекке ортоктош болгула.

– Юристтин дипломун колго кармап турасың. Бул кесипти аркалайсыңбы же ырчылык менен эле алек болосуңбу?
– Эгерде чыгармачылык же дипломдогу кесип деген тандоо жаралса, албетте, ырчылыкка оомокмун. Ырчы болом деп кичине кезимден бери эле кыялданып келем. Эсимде, балконго чыгып алып, ары-бери өткөн адамдарды көрүүчүлөрүм деп кыялданып ырдай берчүмүн. Ал эми юристтик кесипке окуп калганым деле бекеринен эмес. Жашоодо ар кандай маселелер болот. Туруктуу бир кесиптин кереги тиет.
Буга чейин чыгармачылыгымдын тушоосу кесилген десем болот. Бир-эки ырым болсо да, эл угуп калды. Эми продюсерим экөөбүз стилимди өзгөртүү тууралуу ойлонуп жатабыз.
– Келбетиңдиби же ырдоо стилиңдиби?
– Экөөнү тең. Негизи, мен оор рокту көбүрөөк жактырам. Ошол жагына өтсөмбү деп да ойлонуп жүрөм. Бирок бизде оор рокту көбү эле уга бербейт.
– Стиль үчүн чачыңды кырдырууга даярсыңбы?
– Жок, эми анчалыкка барбайм. Кыска кылып салышым мүмкүн. Бирок кыздын кыздай болуп эле жүргөнү жакшы.
– Чыгармачыл дүйнөдөн кумир туткан адамдарың барбы?
– Көп эле ырчылар жагат. Бирок мен кумир туткан ырчылар София Ротару менен Лариса Долина. Негизи, мен курактуу кыздар жаш ырчыларды жактырышат. Анан мен жогорудагы ырчыларды айтсам, таң кала беришет. Сыягы, бул кичине кезимден улуу муундагы ырчылардын чыгармаларын көп укканымдан болсо керек. София Ротарунун ырлары менен чоңойдум десем да болот.
– Сүйүү темасына кайрылсак. “Махабат башатын мен өзүм баштайын, Намыс деп уялган оюмдан кайтайын...” деп ырдап чыктың. Сүйүүдө тартынбастардан окшойсуң...
– Бир жигитти мектеп курагымда сүйгөм. Бирок ага сүйүүмдү билгизе албай койгом. Ошол боюнча ал сүйүүм сандыкта сакталып кала берди. Махабатым үчүн тартынчаактык кылып, күрөшө алган жокмун. Эми чоңойдум, абдан сүйүп калсам, намыска карабай эле билгизүүгө даярмын.
– Жүрөгүңдүн ээси барбы?
– Жок. Азырынча мага сүйүү келбей коё турса экен дейм.
– Эмнеге?
– Азырынча жашмын. Алгач ырчылык карьерамды түптөп алууну максат кылып жатам. Бирок ким билет?..
– Продюсериң менен түзгөн келишимде бул жагы кандай каралган?
– Динара эже “келечегиңди ойлошуң керек. Сүйүктүү жар, татыктуу эне болууну да ойлоно жүр” дейт. Мунусу чын, шоу дүйнөдө жүргөндө ар кандай нерселер болуп кетиши мүмкүн. Жакшы ниет менен сөз айткандар, атайлап кара санатайлык кылгандар да болот. Бирок мен өзүмө гана ишенем.
– Кандай сапатка ээ адам сенин досуң боло алат?
– Көп окуган, маалыматка бай, айткан сөзүн аткара алган. Ал эми достук тууралуу айта кетсем, эң жакын бир эле курбум бар. Достук мамиле кылып жүргөндөр көп эле. Бирок аларды мен жакшы тааныш катары эсептейм. Азыркы заманда эч кимге ишеничтин кереги жок. Ал эми сырларымды апама гана айтам.
– Азыркы заманда оңой келер байлыкка кызыккан кыздар көп. Сенчи?
– Материалдык байлыкка көп жан талашпайм. Башынан эле өзүмө керектүү акчаны маңдай терим менен тапканга көнгөм. Москвадагы окуумдун контрагын деле өзүм төлөдүм. Күндүзү иштеп, кечкисин окучумун. Окуумдан сырткары баскан-турганыма жеткендей кылып акчаны үнөмдөгөндү үйрөндүм. Байлык үчүн турмушка чыккан кыздарды көп эле билем. Ал эмес, балдарды деле. “Оңой келген акча оңой эле колдон жуулуп кетет экен” деп кейип калгандарды деле угуп жүрөм.
– Мода куугандардын катарындасыңбы?
– Жок, мода куубайм. Бирок кыз болгондон кийин курбуларыңдан кем калбаш үчүн кийинесиң да. Кымбатына деле карабайм, жарашса, 200-300 сом болсо деле сатып алып кие берем. Бул нерсе эч кандай намысыма тийбейт. Негизи эле мода дүйнөсүнө кызыкпайм. Азыр бир укмуш кийимдер чыгып жатат. Ушундан улам модельерлердин фантазиясы түгөнүп калып эле түшүндө көргөн нерселерди жаратып жаткандай ой келет. Моделдикке чакыруулар көп түшөт, дайыма баш тартып коём.
– Диета кармайсыңбы?
– Кармабайм. Жаратылышымдан эле арыкмын. Канча жесем да толуп кетүү коркунучу менде жок. Келбетиме кам көрүү максатында спорт менен деле машыкпайм. Болгону, мылтык атууга абдан кызыгам. Бул жаатта окуп жүргөндө көптөгөн сынактарга катыштым.
– Сени үлгүлүү кожойкелердин катарына киргизсе болобу?
– Жасаган тамак-аштарым ушул убакытка чейин эч кимди нааразы кыла элек. Айрыкча палоону жана мантыны катырам. Түрктөрдүн тамактарын анча-мынча түрктөргө караганда жакшы жасайм. Үй оокаттарынан качпайм. Болгону, пол жууганды, кийим үтүктөгөндү жаман көрөм.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Зари:"Эс-акылымды жоготкондой чыныгы сүйүүгө кабыла элекмин"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Titi
2011-09-19 09:48:16
бийик такадан качып шиш така кийип алыптыр го
0
baiysh
2011-09-19 11:27:50
че за тупизм.чон кыз жон эле койчу ырчылыкты сен,ансыз деле эптемейлерден журок айланып турат.андан коро кесибин менен иштеп такшала бер,ошондо анан 10жылда барып жаакшы адис болосун.
0
PeRa
2011-09-19 15:37:08
baiysh,
Al uzu bilet da, kim bolushtu.Bul yrchy jok degende Moskavada okuptur.Jurbojbu bashkalyry ech kandaj bilimi jok,eptep yrdap.
0
Dollar
2011-09-19 16:13:02
baiysh, sozdordu abaylap tandasan "tupizm" debey. Ozun emne duynonun aalymysynby?? Kommentine karaganda sen nukura Tupoy ekensin!!!
Zari oylogonundan kaytpa, baaryna ulgurosun. Yrchylykka da, uy bulo kuruuga da.
0
jansezim26
2011-09-19 18:09:46
=))
0
Nuska587
2011-09-19 15:38:51
Очень красивая девушка!!! И поет ЧУДЕСНО!!!
0
adel.
2011-09-23 02:40:37
Nuska587, ty pohodu ne videl teh kto deistvitelno umet pet.tipicnaya devuwka,govorit vowe ne umeet normalno.i glaza vse begayut tuda syuda.pfff pochemu prodyussery ne rabotayut nad etim??!!nad rechyu,nad mimikoi nad artistichnostyu....
0
kyrqyz
2011-09-19 15:49:33
мага окшоп тил байлыгы жок экен.бир нерсени коопко тушундуруп
0
LadyD
2011-09-19 15:52:42
атайын Москвадан окугандан кийин, оз кесиби менен кетени туура, ырдаганын - хобби кылып
0
malikadina
2011-09-19 17:01:15
Талиясы 80 болбойт!
0
МээримКа
2011-09-19 19:21:59
malikadina, 60деп турат го!
0
KG-Tolkun
2011-09-19 19:38:07
Охооо, Супер Инфо был кыздын спецификациясын аябай бериптир го:
бою, салмагы, узуну,туурасы, объему....
Мындай маалыматтар машиналардын гана комплектациясынан кором дайым, "Полная" же круиз контролу, АБСси жок - Базовая спецификация деп.
0
Rooshan
2011-09-20 15:26:50
аябай адеми кыз экен,анан аябай старалась быть проще и понятней,но гламурность так и прет
0
nurjigit
2011-09-20 23:15:17
мыкты сахна адамы катары коро албадым...
0
Shekerbek
2011-09-22 14:18:40
тим эле адамдын ТТХсынан (тактико-технические характеристики) бери изилдеп
0
Jeki
2011-09-23 14:55:12
как всегда продюсери бар ырчыларды татыктуубу-татыксызбы гулдоптуп чыгарасынар Супер инфо! Ырынын дайны жок же. Вечно ырдады, ыр же клип тарттырды, москвада экзамен тапышрып журот, кырыгзстанга келгени жатат, эми келди деп жаздынар..ооба ушун эле баары кууп жатат. махабат башатын мен озум баштайын деп ырдаган кызды. Биздин кыздар качан ушинтип ырдачу эле, менталитетке туура келбеген нерсе! Коросунор жыргаткан ырчы чыкпайт мындан. Д.Эсенгулова продюсери болгон у-н чыгууда.Урушуп кетсинчи жокболот
0
danka
2011-09-24 14:10:06
Таланттуу эле кыз го Зари. Тим эле сындап отуруп аласынарда. Кайрадан эле биздин коралбастыгыбыз. Чет олколордун ырчылары мааниси жок эле музыкасынын 90 проценти музыкадан 10 проценти эле создон турган ырларды ырдап чыккан ырчыларды тим эле асмандын башына чыгарып мактайбыз го жарым жыланач болуп чыгып алса да. Озубуздун ырчыларды да колдоп турсак болбойбу. Ушундайда онугот беле анан олкобуз. Кызык болбосо же жакпаса жазбай эле койгулах окубай эле койгула. Азаматсын Зари ушундан жазба!
0
nurjazi
2011-09-24 22:56:28
nogi takie ne krasivye....cherez chur hudye
0
Aikusyalight
2011-09-27 00:40:32
дааа Данка, ичи таарлар жалан бул жакта! оздорун карап алышпайбы биринчи! вот именно жакпаса пусть далше гуляют че пишут! Нуржази, а про ноги так писать вообще некорректно, наверно и у тебя есть места где тебе не нравится! но никто же наверно тебе не говорит, ой ты такая толстая, ты прыщавая или ты такая страшная! побойся АЛЛАХА!
0
№ 463, 16-22-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан