Мусулмандар диний башкармалыгынын муфтийи Муратаалы ажы Жумановдун уурдалганын жашыргандыгы үчүн ИИМдин полковниги кармалды. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады. Тергөөнүн жүрүшүндө полковник менен туткунга алган кишилердин ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүүнүн катталгандыгы ачыкка чыкты. Бирок полковник алардан муфтийди токмоктобой бошотууну суранган. Азырынча кылмышка карата полковниктин тиешеси иликтенип жатат. Айрым ММКлар сөздүн баары ИИМдин 10-башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Абдували Акжолов жөнүндө болуп жатат дешүүдө.
Маалымат үчүн: Муратаалы ажы Жуманов 2010-жылдын 20-апрелинде белгисиз кишилер тарабынан уурдалып, кылмышкерлер андан 1 миллион доллар талап кылышкан. Кийин аны Байтик айылынан табышат. Ажы бул окуядан эки ай өтпөй рак оорусунан көз жумган.