ТАГДЫР ОЮНУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Азирет келет дегенди уккандан кийин эки кыздан тең уйку качты. Бири-биринен ала салып, уктай албай жатканын сезип турушту. Дагы да болсо Бегимай чыдабай кетти. Башын акырын көтөрүп, Алинага тигилди.
– Алина, сен уктабай жатасыңбы?
– Ии, уктай албай жатам.
– Мен дагы...
Андан ары экөөнүн тең сөзү жок калгансып унчукпай калышты. Бегимай жакшы сөз айтып жубаткысы келди. Азирет келгенде экөөнүн ортосунда турбасын, курбусуна кыянаттык кылбасын айтайын деди. Антейин десе жүрөктөгү бир үмүт үзүлбөй, кандайдыр бир керемет менен ал жигит Аскат болуп калчудай сезим коё бербей жатты. Ай жаркырап чыгып турган экен. Мындай айдын канчасын тиктешпеди Аскат экөө. “Сен айсың, менин айымсың” дечү ал. “Сен күнсүң. Дайым жарык чачып, жылуулук, мээрим чачып турасың” дечү өзү. “Койчу, анда ай менен күн таптакыр кезигишпейт эмеспи. Ай кетип калган соң күн чыгат. Анда мен жылдыз болоюн” деп тамашалаган Аскаттын сөздөрүн эстеди. Эскерүү кайрадан жүрөгүн мыжыгып баратканын сезип, толукшуп турган айды да карагысы жок башын жуурканга катты.
Ошентип, эки курбу үчүн көптөн күткөн убакыт да келди. Бегимайдын жүрөгү элеп-желеп болуп, бир орунга тура албай жатты. Тамак ичейин десе тамак өтпөйт, сабагына алаксыйын десе эч нерсе кулагына кирбейт. Лекциядан суранып алып, акырын жылып чыгып Алинага телефон чала кетти. Ал дагы ошондой абалда эле.
– Алинка, кайдасың?
– Университетте...
– Мен азыр лекциядан суранып чыктым. Сага баратам. Экөөбүз Азиретти күтүп алабыз.
– Бема, мен коркуп жатам,- деди акырын шыбыраган Алина. Табиятынан эч нерседен тайманбаган кыз өзүн али көрө элек жигиттен коркуп, айбыгып турганы кызык эле.
– Сен эч качан, эч нерседен коркпойсуң. Азыр барып калам.
Жүрөктөрү дүкүлдөгөн эки курбу аэропортко келгенде учак конуп, андагы жүргүнчүлөр эки жагын каранып, айрымдар тааныштарын көрө жылмайып утурлай жөнөп жатышкан экен.
– Кана?
– Мага көрүнбөй жатат. Ушул рейс менен келет беле?- деп бири-биринен сурап жатышты, алды жагына тигилген экөө жан талаша.
Жүргүнчүлөрдүн артында бою узун, кең далылуу жигит айлананы кызыга тиктеп келе жаткан. Бул караанды биринчи көргөн Бегимай болду. Далай жолу Аскатты мелдештерге жөнөтүп, кайра ушинтип тосуп алчу. Ал дагы элдин аркасында, башын жерге салып басчу эле. Бегимай андан ары өзүн токтото албай калды. Аскаттын каза болгону да, ортодон эки жыл өткөнү да эстен чыгып кетти.
– Аскат!
Жүрөктүн түпкүрүнөн атылып чыкты бул ысым! Өзүн таң кала тигилген курбусун да унутуп, тиги караанды көздөй зуулдап жүгүрүп жөнөдү.
Азирет өзүн көздөй чуркап келе жаткан узун бойлуу бийкечти көргөндө алгач апкаарый түштү. “Бегимай!” деди ичинен. Көз жашын төгө өзүнүн кучагына бой урган бийкечти ал дагы кучактай берди. Жаштуу каректер өзүнүн жүзүнөн алда нени издегендей тигилип, көкүрөгүнө башын жөлөй күбүрөп, өзүнө гана дайын болгон арманын төгүп жатты. Азирет эмне кыларын билбей чачынан сылап жубатуу менен алек.
– Бема, койчу эми, болду эми, ыйлабачы...
Бир топтон кийин гана эсин жыйган Бегимай күнөөлүү тигилип, жылмайып койду. Анын жылмайганы ыйлагандай аянычтуу эле.
– Кечирип кой мени. Кээде ушундай жиндимин. Таптакыр өзүмдү токтото албайм.
– Кабатыр болбо, мен сени түшүнөм...
Бегимай эми гана эсине келгендей көзүн бардап-бардап тигилип калды. Үнү башка! Аскаттын үнү коңур келип, мээримдүү эле. Ал эми Азирет тез-тез жана үндүү тамгаларга басым коюп сүйлөйт экен. Ошондо гана оор уйкудан ойгонгондой денеси чыйрала түштү.
– Тигине, Алина экөөбүз келгенбиз,- деди ал күнөөлүү адамдай башын жерге салып.
Алина жай басып келди да, экөөнү сынай тигилип туруп калды.
– Саламатсыңбы, Алина, мен сени дал ушундай элестеткен элем.
– Салам. Кандай жеттиң? Кыргызстанга куш келипсиң.
Алина Азиретти колтуктай, быдылдай бир нерселерди айтып жетелеп жөнөдү. Сөзгө алаксыган Азирет бир топто барып артына кылчайды. Бегимай бүк түшкөн боюнча жерди телмире тиктеп отурган экен. Жигиттин жүрөгү сайгылаша кетти. Өмүрүндө биринчи жолу...

ххх

Аскар Токтосунович чакырылган жерге таптакыр кечикчү эмес. Бирок бул жолу шашпады. Өлкөдөгү эң бараандуу адам аны күтүп жатканын эске албагандай, галстугун түздөп, буурул баскан чачын сылап көпкө турду. Анан адатынча уулунун сүрөтүнүн алдына барып, эриндерин күбүрөтө бир нерселерди айтып кеңешип жаткан сыяктуу болду да сыртка чыкты. Жан сакчысы аркасынан ээрчий бергенде колун жаңсай токтотуп койду.
– Бүгүн бошсуңар!
Жанына айдоочусун гана алган Аскар чыгып кетти. Дүр-дүйүм дасторкон жайылып, элитанын да каймактары өзүнчө шапар тээп жаткан эле. Аларга аралашкан Аскар бир топто гана өзүнө белгиленген ишараны түшүндү да, Баатырбек Асанбековичтин кабинетине бет алды. Купкуу жүзүнө апакай чачтары кошулуп, бул адамды арбактай кылып көрсөтчү. Ал сынай тигилди да, Аскарга отур дегендей ишарат кылды.
– Аскар, экөөбүз далай жерди чогуу бастык. Далай ишти чогуу бүтүрдүк. Бири-бирибизге ага-инидей эле мамиле кылып келдик. Бирок кийинки кездери бир жагдай мени кыжалат кылып келүүдө. Биздин чөйрөгө аркаңды салгансып жүрөсүң,- деди акырын.
Өзү мышыктай жылып баскан, акырын сүйлөгөн адам болгону менен, эчен кандуу окуялар анын чеңгелинен өтчү. Аскар ичинен “кара, дегеле периште болуп чыга келгенин” деп турду.
Сыртынан болсо:
– Жок, Баатырбек Асанбекович, аркамды салганга себеп деле жок. Өзүңүз билесиз, акыркы жылдар мен үчүн оор болду,- деди.
– Ооба, жалгыз уулуңдан айрылып, оор абалда жүрөт деп укканым бар. Бирок баарыбыздын барар жерибиз ошол эмеспи. Мындайда сабыр кылыш керек. Жакында бир чоң ишти максат кылып турабыз. Ошого кеңешке чакырайын деп жаткам. Өзүңдүн пикириңди билгим келди.
– Эми мени ал иштерге аралаштырбай эле коюңуздарчы. Жашым деле келип калды...
– Кой, антип айтпа. Мына мен 76дамын. Анан кырктын кырында турган жигитке антип айтыш уят. Али экөөбүздүн алдыбызда көп иштер бар.
– Мен бул жашоонун көйгөйүнөн алыс болоюн дедим. Мени тынч коюңуз.
Баатырбек Аскардын каршылыгын эле эмес, тээ тереңде кайнап турган жек көрүүсүн да сезип турду. “Бул жиндиге эмне болгон? “Уулунан кийин акылынан айнып калды” дешти эле. Чын окшойт го” деп астейдил таң калып да, таарынып да турду. Бирок ал колунан таптакыр чыгарып жибергенге макул эмес эле. Башын аста чайкап алды.
– Сен муну жакшы ойлондуңбу?
– Ойлондум.
– Болуптур, дагы кабарлашалы,- деген чал кете бер дегендей колун жаңсап койду. Аскар чыгып кетти. Шаңдуу үлпөткө да, досторунун азилине да жылмая албай, көңүлү азып турду. Ал жерден чыгып кетти. “Кемелбек! Азыр бирден бир каршылашым. Бул чалды алыстатпашым керек беле, балким. Эми Кемелбекти колго алышы мүмкүн. Кандай кылуу керек? Акырын баарын изилдейм. Ал үчүн азыр ымга келип, булар жактык болуп туруш керек окшойт” деп ойлонуп келе жатты.
Үйүнө кирип, аялынын бөлмөсүнө кирди да, чыракты жандырды.
– Аида!
Заңгыраган үйдө анын үнү жаңырып кеткенсиди.
– Аида, кайдасың?..- деди ал башка бөлмөгө чыгып кеткенби деген кыязда. Бөлмөнүн баарын карап чыгып, телефонуна чалды. “Абоненттин аппараты өчүрүлгөн” деген нерсени угуп, шалдайып отуруп калды. Бөлмөдөгү чаржайыттыктан улам ал бир жерге катуу шашылганы билинип турат. Өзүн кечеден кеч келет деп ойлогонун, кайдадыр кеткенин сезип турду.
Кыжыры, а балким, кызгануусу күч алып, өзүнө өзү батпай кетти. Заңгыраган үйүн тиктеп алып, көңүлү ого бетер бошоду.. “Кана айтчы, бул жашоодо эмне кылдың? Кимдин жолунан кайчы чыктың? Кимге жамандык, кимге жакшылык кылдың? Балким, ошол нерселердин эсеси ушул болуп жүрбөсүн” деп жатты ичиндеги бир үн. Думуктурган кууш бөлмөдөн чыга качкысы келип турду. Анан жин ургандай ордунан атып туруп, бөлмөдөгү кооз вазаны кош колдоп алып ыргытып жиберди. Өзүн курчап турган бардык нерсени чогултуп туруп өрттөп жибергиси келип кетти. Ошондо да акылы менен өзүн басып токтоду.
Уулунун бажырайган сүрөтү "ата, бошобо. Сен мындай эмес элең го. Кайда сенин сабырдуулугуң, акылмандыгың?" деп жаткандай туюлду.
– Макул, мен сенин өлүмүңө күнөөлүү адамдарды тапканга аракет кылам. Ошол иштин өтөсүнө чыгуу үчүн гана.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
aselka
2011-09-26 10:18:19
Аскат менен Азирет бир тууган болуп калышабы анда.......?
0
tori
2011-09-26 11:55:05
билбейм, журогум ооруп чыкты.
0
adelima
2011-09-26 12:16:36
ооба бир тууган болот. Тиги Аида айтпайсынбы,шуркуялардай тентип кеткенин,эркектерди колго алып койгон да. каалаганын кылдырып.
0
DIAFRER
2011-09-26 12:59:44
Бегимайды аяп кеттим,байкуш кыз куруду го. Жакын адамынды туболуко жоготуу айтып буткус арман, оорду толбос оксук, озокту орттогон окунуч. Кудайым анын бетин ары кылсынчы.
0
mafi
2011-09-26 14:02:50
мунун баары жашоодо деле болуп жатпайбы, бирок биз андай нерсени байкай бербейбиз
0
Arstan
2011-09-26 15:53:48
Эээххх....
0
ikitaidesu
2011-09-26 16:26:03
Begimai kantet emi dosu ekoo bir jigt menen. Aziret Begimaidy suyup kaldy okshoit. Aidanyn kylgany tuura emes.
0
beka8585
2011-09-26 19:01:46
суппер инфо сураныч кобуроок жазыныздарчы
0
JazgulA
2011-09-27 00:57:21
Бири кем дуйно деп бекеринен айтылбаса керек.Бироону катуу жакшы корсон ага баары бир жетпейт экенсин же ал башка адамды жакшы коргон болуп чыгат экен.Ушул убакка келип мен идеялдуу уй булону укпадым баары бир кандайдыр бир проблемасы болот экен!
0
barmalei
2011-09-28 14:37:49
Бул автордун ойлоп тапкан чыгармасы бекен, же турмушта болуп откон окуя бекен а?
0
maksimus
2011-09-30 15:50:46
barmalei men da owonu suragim kelip turat. jawoodon alingani az okwoyt.
0
janym_88
2011-10-01 21:19:43
кообурок жазгылачы сураныч Суппер инфо
0
Kitana
2011-10-02 03:01:07
Aziret Askat ekoo egiz boluwat,Azirettin apasin kelet,ayaginda Aziret anin apasi jana Begimay tortoo kaliwat,Azamat bolso Alina menen kalat!A Aida owentip jurup barinan ayrilat da kayra murdagi abalinda kalat)))
0
№ 464, 23-29-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан