БОЙДОКТОРГО АҢЧЫЛЫК ЖЕ ЖИГИТТЕР КАНДАЙ БӨЛҮНӨТ?

Учурда эркектер таңсык делет. Мындай учурда бийкечке сымбаттуу бойдок жигит сөз айтса, албетте, кыз аны колдон чыгарбоого аракет кылат. Бирок кыз алгач жигиттин мүнөзүн жакшылап билип, өзүнө ылайык келеби, анализдөөсү кажет. Бойдоктор кандай топторго бөлүнөт, байкап көрүңүз.

ШАЙЫР
Көңүл ачуу жаатында ойлоп табуучу, компаниянын “душасы”, сыра жана шишкебектин кайсы түрү жакшы экенин мыкты билет. Манералары жөнөкөй, интеллектиси эми эптеп. Бирок өзү тууралуу мыкты пикирде.
Эгер мындай жигитти тандап калсаңыз, анда акча табууну, чарба жүргүзүүнү, ал эле эмес, үйдүн долбоорун өзүңүз түзүүнү билүүңүз керек. Анткени ал эркегиңиз жарк эткен тишин көрсөткөндөн башка олуттуу маселени чечүүдө сизге бел болуп бере албайт.

ҮЙСҮЗ КҮЧҮК
Көзүңүзгө жалдырай карап “мен жакшы эле жанмын. Болгону, багып, тойгузуп, жуундурсаң” дегенсийт. Боорукер аялзаттын боору ачып, аны кыя өтө албай, алып кетет. Ал бат эле семирип, өзүнүн кайдан келгенин унутуп калат.
Кыскасы, канчалык тарбияласаң да жакшы биякта калсын, орто заар кожоюн араң чыгат.

КЫЯЛКЕЧ–ТЕНТИМИШ
Чатыр, уктоочу кап жана башка нерселерди артынып эле тигил же бул жакта жүрөт. Дарыя жээгинде от жагып, гитарада ырдоону баалайт. Үйүндө болуу ага зеригүүнү тартуулайт. Үйдүн ыңгайлуулугу ал үчүн эмес.
Эгер мындай жигитти жактырып калсаңыз, анда балдарды өзүңүз тарбиялап, чоңойтууга, отун-сууну өзүңүз камдоого даяр болуңуз. Мындай күйөө квартирант катары өмүр сүрөт.

НАРЦИСС
Сулуу же анча сулуу болбосо да дайыма өзүн карап, сыланып жүрөт. Аялдардын көңүл борборунда болууну көздөйт. Бирок аялзатын өзүн сүйгөндөй сүйө албайт. Мындай жигитти тандасаңыз, күзгүнү андан талашпаңыз. Сиздин кезегиңиз экинчи. Ошондой эле план, пикириңизди ушунчалык кылдат, куулук менен айтууну билүүңүз керек. Болбосо өзүн мыкты сезген, куру намыс эркек өзүнөн акылдуусунган аялды төркүнүнө жеткирип коё салат.

ЖАШООНУ АБДАН СҮЙҮҮЧҮ
Акылдуу, билимдүү, дайыма акчалуу. Даамдуу тамактарды жактырат, өзү да тамак жасай алат. Анын үйүндө жашоого керектүүлөрдүн баары бар. Болгону, аялзаты гана жетишпейт. Болгондо да сулуу, келбети келишкен, ар дайым өзүн да, күйөөсүн да күтө билген. “Үйдө халатчан, үй тапичкечен жүрсө болот” деген кыздар булардын тынчын албай эле коюшса болот.
Эгер мындай эркекке турмушка чыгам десеңиз, анын иш бөлмөсүнө уруксат сурап кирүүгө, уйпаланган чачыңызды бир да ирет көрсөтпөөгө, тамак-ашты жалаң “5ке” даярдоого даяр болуңуз. Болбосо, сизди акырын эшикке чыгарып коёт. Балдарына гана карап жашап калса, анда сизге түндө ойношунан бошогондо гана келет.

АЯЛДЫ ЖЕК КӨРҮҮЧҮ
Аялдарды жек көрүү жүрөгүнө орноп калган. Бул өгөй эненин каарынан же жакшы көргөн кызынын таштап кетүүсүнөн болушу мүмкүн. Көз карашы мыскылдуу, теше тиктейт. Эгер кыз менен мамиле түзсө, анда мурунку кыздардан ала албаган өчүн алуу максатын көздөйт. Эркелетсе да, артынан жинге тийген сөздү айтат.
Мындай эркекти тандап алган бийкеч мыкты психолог болуп, андагы аялдарга жек көрүүнү эритип, жок кылуусу керек. Ал үчүн убактылуу өзүн экинчи планга калтырып, жалаң жакшы мамиле кылуусу зарыл.

АПАСЫНЫН БАЛАСЫ
Кийими үтүктөлүү, батинкеси майланган. Өз ою жок, бир нерсе болсо эле “апам минтип айткан, апам макул болбойт го” деп турат. “Балама жаман кыздар жабышып албасын” деп апасы дайыма күзөттө.
Эгер мындай жигитти сүйүп калсаңыз, апасын дагы сүйүшүңүз керек. Башкача айтканда, апасынын мыйзамы менен жашашыңыз керек. Баласына тигиндей же мындай деп акыл үйрөттүңүз дегиче, апасы “баламды бузуп жатасың” деп ордуңузга коюп коёт. Же эшикти көздөй сөөмөй кезейт.

ЭРКИН СҮРӨТЧҮ
Адатта, сакал коёт, чачы да өскүлөң. Кээде резинка менен байлап алат. Анын жашоосундагы принциби – эркин болуу. Ага иш, акча, милдет (анын ичинде үй-бүлөлүк) дегендер жолтоо болбоосу кажет. Ал өзүнүн шедеврлери менен алек. Эгер мындай жигитти жактырып калсаңыз, анда анын дайыма чачылган иш бөлмөсүн жыйноого, уктоочу бөлмөдөн жылаңач натураны жолуктурууга даяр болуңуз.

Көрдүңүзбү, бийкеч, жакшы бойдок көчөдө жатпайт. Эгер куу, анан чыдамкай боло алсаңыз, башка кыздар байкабаган эркекти да мыкты күйөө кылып ала аласыз.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (39)
jalalabad
2012-03-16 18:26:45
хе,хе "чычалаган чын болот" деген!Ошондуктан чычалабагылачы.кантип эле жок болсун бар да арабызда андан да хуже эркектер анан дагы бул жерде соз кыргыз,татар дап болунгон жок жалпы мырзалар тууралуу соз кетип жатпайбы
0
sakalchan
2012-03-30 11:51:30
Чындап эле ошондой да!!!! Бирок мен жонундо жазылбаптыр да......
0
azatbek91
2012-04-23 05:14:33
жомок го бул жазганынар)))
0
isamurai
2012-04-25 14:55:23
кыргыздарда жазылгандан башка дагы 5-6 оригиналдуу типтер бар бул 100 удов которулган мат.
0
isamurai
2012-04-25 15:05:16
супердин репортору ушул теманы именно кыргыздарга мас келген типтегилер учун кайрадан жазып бериниздер колдон келсе апанар уруксат берсе . мен 3 кундон бери кайсы типке киришимди билбей озумду таппай капамын ото.
0
Ханбийке
2012-05-12 01:00:21
менин жигитимдин муноздорун бул жерден таппай койдум
0
nurbekov
2012-08-14 12:28:31
европанын жигитерин жазып коюпсунар биздики 2ге болунот
1-жинди
2-тушунукту
0
jikusya
2012-08-31 22:36:37
болдубу? менин жолдошумдун мунозу жокго, бул жерде бардык топ терс рольдогуларды жазышканго!
0
lady02
2012-09-08 20:21:13
Мен да жигитимдин мунозун таппай койдум ( бирок ал менин конулумо карайт же уйлонгучо ошондой болобу дейм да ...
0
_xXx_
2012-11-13 02:10:42
мен да жок экенмин
0
wumwuk93
2012-12-21 07:24:33
Чын чынына келгенде бааары туура:) эле. Мен натуральный эгоистмин мага бааардыгы онойлук м.н жакбайт!!!
0
omur2105
2013-01-10 05:04:01
Мага окшошун жазбаптыр.
0
mirba_91
2013-06-27 21:49:14
Менде мунун баары барго,тушунуксуз
0
nurjan_92sport
2015-07-04 19:58:38
Бул макала сьртьнан айтьп кетиптир бирок адам оз кьйьнчьльгьна жашоо турмушуна жана айлана чойрого жараша калптанат .
0
Altaibek
2020-05-01 03:07:07
Жазат десе эле ар кайсыны жаза бересинерби
0
№ 464, 23-29-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан