“Секс адамды арыктатат” деген кеп илгертеден бери эле эл арасында айтылып келген. Бирок, бул тууралуу эч кандай так маалымат айтылган эмес. Жакында британиялык жана италиялык окумуштуулар бул жаатта терең изилдөө жүргүзүшүп, натыйжада, чындыгында эле секстин организмдеги калорияны азайтарын аныктап чыгышты. Анткени, алардын билдирүүсү боюнча, төшөк кумарына батуу учурунда физикалык активдүүлүктөн тышкары жүрөктүн, булчуңдардын иштөөсүнө күч келет.
Эгерде салыштырып карап көрсөк, төшөк кумарында 200 килокалория жок болсо, бул жарым саат сууда сүзүүдө кеткен килокалорияга барабар. Ошондой эле май менен кыям сүйкөлгөн төрт кесим нан менен чарчы түрүндөгү 13 канттын килокалорияларын бириктирсек да 200 болору такталган.
Төмөндө кездешүүгө даярданган учурдан баштап төшөк кумары аяктаганга чейинки ар түрдүү кыймыл-аракеттер, эмоциялар жана алардын ар бирине канча килокалория сарпталары берилген...
Кездешүүгө даярдануу
Душка түшүү – 8 килокалория;
Ваннага түшүү – 6;
Чачты сүлгү менен кургатуу – 9;
Фен менен кургатуу – 3;
Тишти жуу – 2,3-5,25;
Чачты тароо – 5;
Сакал-мурутту алуу – 3;
Боёнуу – 4;
Кийим тандап, жасана кийинүү – 73;
Үйүндө кийип жүргөн кийими менен бара берүүнү чечүү – 1.
Уктоочу бөлмөнү иреттөө (буга полду шыпырып-жуугандан башкасы кирет) – 39-45;
Ошол эле бөлмөнү шыпыруу же чаң сордургуч менен тазалоо – 6.
Ваннаны жыйноо – 2.
Төшөк кумарына чейин...
Курсак бийин же стриптиз бийлеп берүү – 70;
Төшөк кумарына болгон пассивдүү каршылык (мисалы, колун түртүп, “суранам, кереги жок...” деп гана коюу) – 0,5-1,25;
Активдүү каршылык (уруп-согуу, качуу, кыйкыруу ж.б.) – 62;
Өз каалоосу менен чечинүү – 12;
Бирөөнүн кыйноосу менен чечинүү – 187;
Байпакты кол менен эмес, бут менен чечүү – 431;
Көкүрөк тарткычты эки кол менен чечүү – 7;
Бир кол менен чечүү – 18;
Тиштин жардамы менен чечүү – 87;
Чечингенден соң сүйүктүүсүнүн (же өнөктөшүнүн) жылаңач мүчө-келбетин жактырбай кароо – 35.
“Төшөктө жагамбы же жакпай каламбы?” деп коркуу – 22;
Жылаңач денесинен тартынып, уялуу – 15;
«Иш» башталганда...
Презервативди кийүү – 6;
Акыштоо – 600;
Оргазмдын узагыраак болуп, эмоция менен коштолуусу – 87;
Оргазмдын эмоциясыз өтө тез бүтүүсү – 36;
Белсуунун түшүүсү – 470;
Секс учурунда башка адамды ойлоо – 70;
Төшөк ыкмалары
Эркек үстүндө, айым астында – 26;
Айым үстүндө, эркек астында – 15;
Экөө тең капталынан бетме-бет жаткан абалда – 48;
Экөө тең туруп турган абалда – 60;
Эркек аркасында – 32;
Ар кайсы ыкмаларды колдонуу (универсал) – 118.
Эгерде...
Ойношу менен болгон секс учурунда кимдир бирөөгө кармалып калса – 60-66;
Кармап алган адамга ар кайсыны айтып актанса – 165;
Эмне дээрин билбей мукактанып жер тиктесе – 25;
Кармап алган адам тарабынан кубаланып чыкса – 45.
Бетти даярдаган Астра Айдарова