Тасманын атын атаганда эле актриса Мила Йовович көз алдыбызга келет эмеспи. Эми жогорудагы фантастика жанрындагы тасманын уландысы жарык көрөрү анык болду. Актёрдук курамда Йовович сөзсүз болот. Мындан сырткары фильмдин биринчи бөлүмүндө тартылган актёрлор Колин Сэлмон жана Мишель Родригес да чакырылды. Тасма Япония, Канада жана Орусия өлкөлөрүндө тартылып, 2012-жылдын сентябрь айына даяр болорун айтышууда кино жаратуучулар.