78 жаштагы польшалык режиссёр Роман Полански 22-сентябрдан 2-октябрга чейин өтө турган Цюрихтеги кинофестивалга катышат. Эске салсак, 2009-жылы ушул эле фестивалдан Швейцариянын полициясы аны АКШнын суроосу менен кармап, ал бир нече ай камакта отурган соң үй камагына бошотулган эле. Анткени режиссёр 30 жыл мурун «АКШда 13 жаштагы Саманта Геймер аттуу кыз менен жыныстык катнашка барган» деп айыпталып, бирок жазасын албай Францияга көчүп келе берген. Швейцариянын учурдагы Федералдык полиция башкармалыгынын катчысы Ингрид Райзер «режиссёр эми камоого алынбайт» деп билдирди.