Дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркек. МАРСЕЛЬ БИЧ

3 ӨЛКӨДӨН БИЛИМ АЛГАН, ДЭЭРИНЕН ТЫҢ БАЛА
Дүйнөнү өзгөрткөн эркектердин катарында француз да бар. Марсель Италиянын түндүгүндөгү француздар көп жашаган Турин шаарында 1914-жылы 29-июлда жарык дүйнөгө келген. Атасы Еммануил курулуш инженери болгондугуна байланыштуу Европанын көп аймагын кыдырган. Бул саякат Марселге италиялыктарды, француздарды жана испандыктарды жакшылап таанып-билүүгө жардам берген. Жаштайынан жер көрүп, эл таануусу анын келечекте новатор болуусуна таасирин тийгизет. Атасынын иши боюнча көчүп жүрүшкөндүктөн, мектептеги билимди Франциянын Бордо шаарынан, Италиядан, Мадридден алат. Кийин Франциядагы атактуу Карно лицейине тапшырып, математиканы жана философияны тереңдетип окуйт.
18 жаш курагында эле ал Парижде ар бир үйдү кыдырып кол чырак сатуу менен акча табат. Кийин ошол тажрыйбасы абдан маанилүү болгондугун жылмаюу менен эскерчү. Окуусун аяктап, машина куруучу фирмага менеджер болуп кирет. Бирок Экинчи дүйнөлүк согуштун айынан анын карьерасы токтоп, 1945-жылы кайрадан жашоодон өз ордун издеп баштайт.

ИЙГИЛИК БАШАТЫ – БИР ЖОЛУ КОЛДОНУЛУУЧУ КАЛЕМ САП
Согуштан кийин досу экөө 1000 доллар чогултуп, ошол мезгилде калктын чоң кызыгуусун жараткан калем саптын негизин (стержень) жасап чыгара башташат. Бирок Марсель ал калем саптын сапаты анча эмес экенин түшүнүп, бир гана жолу колдонулчу, арзан, бирок сапаттуу калем сапты жасоону чечет. Ага 4 жыл коротот. Анан ойлоп тапканын чоң компанияларга сунуштайт. Тобокелдикке баруудан баш тартып, бирөө да андай калем сапты чыгарууга макул болбойт. Ошондо Марсель “Бик” аталышындагы калем сапты чыгарууга бардык күчүн жумшайт.
1953-жылы Францияда алгачкы ирет бир жолу колдонулуучу калем саптарды элге сунуштайт. Калем саптарга көпчүлүктүн көзү түшүп, эл аябай көп сатып ала баштайт. Марсель кыялында күнүнө 10 миң калем сап сатууга жетишүүнү ойлосо, иш жүзүндө күнүнө 200 миңден 250 миңге чейин сатыла баштаган. Мындай ийгиликтен кийин Марсель дүйнөлүк рынокту багындырууга аттанат.
Анын калем сабынын баасы 29 цент (15 сом) гана болгон. Ал эми мурунку калем саптардын баасы 10 доллардын тегерегинде эле. Ошентип, анын “Сесайт Бик” компаниясы негизделет. Андан соң Марсель бир жолу колдонулуучу оттуктарды (зажигалка) чыгарууга бел байлайт. Бул тармакта анын эң негизги атаандашы “Жиллетт Крикет” фирмасы болот. Көптөгөн ишкерлер “ал эч нерсе кыла албайт” деген ойдо болушканы менен, Марсель өжөрдүк менен эмгектенип, 80-жылдары “Жиллетт Крикетти” рыноктон сүрүп чыгарууга жетишет.
Тынымсыз күрөшкө көнүп калган бул инноватордун кийинки кадамы бир жолу колдонулуучу устара чыгарууга багытталат. “Жиллетт” фирмасы буга туруштук берүүнүн аргасын кылып, айласыздан бир жолу колдонулуучу устара чыгарганга өтөт. Эгер “Бик” болбосо, “Жиллетт” фирмасынын мындай устараларды чыгаруусу күмөн эле. Чындыгында, жогорку ийгиликтен кийин Марсель Бичти бир жолу колдонуучу буюмдардын негиздөөчүсү деп айтууга толук негиз бар.

ИННОВАТОРЛОР – ЭЛДИ ӨЗҮНӨ ИМЕРЕ АЛГАН АДАМДАР
Белгилүү англиялык жазуучу, театр жаатындагы реформатор Жорж Бернард Шоунун “генийлер – реалдуулуктун кожоюндары” деп айткан сөзү бар. Жорж мындай сөзү аркылуу кандай гана оор нерсе болбосун, инноваторлор аларды жөнөкөй кыла ала тургандыгын айткысы келген. Марсель жана башка инноваторлор алдыга койгон максатына сөзсүз жетүүгө аракет кылышкан. Мына ушунусу менен алар катардагы адамдардан айырмаланышат. Жөнөкөй адам чөйрөсүнө карай ыктаса, инноваторлор айланасындагыларды өзүнө карай имере алышат.
Марсель Бич эки жолу үйлөнгөн. Эки никесинен биригип 10 баласы бар. Француз инноватору 1994-жылы 30-майда 80 жашында дүйнө салган.

Азамат Абдраев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
honestbek
2011-10-15 17:28:13
дагы бир акылман экен кыргыздардан да чыгабы мындайлар ыя?
0
kubzero
2014-12-17 15:08:57
Onorun bolso orgo 4ap degen uwul eken da ee?
0
№ 466, 7-13-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан