КАНТИП ЖАКШЫ КҮЙӨӨГӨ ТИЙҮҮ КЕРЕК?

Жакшынакай жигиттерди сенин мурдуңдун түбүнөн ысык пирожки сымал алып кетип жатышабы? А сен “менин алардан эмнем кем?” деп ойлойсуңбу? Идеалдуу күйөөгө тийиш үчүн баарын өзүңдөн баштооң керек. Кантип? Келгиле, жообун чогуу издеп көрөлү.

1. БАШКАЛАР МЕНЕН ЧЫНЧЫЛ БОЛ
Чөйрөдөгүлөрүң менен баарлашууда калп эле жигиттин кереги жок дегендей түр көрсөтпө. Андан көрө күйөө издеп жатканыңды, “эгер жакшы жигит болсо, тааныштыргыла” деп ачык айт. Алар сенин каалооңду аткарууга аракет кылышат.

2. ЖАШООҢДУ АНАЛИЗДЕП КӨР
Кагаз алгын да ага абдан чоң тегерек тарт. Эми тегеректин ичине майда тегерекчелерди тарт. 1-тегерекче карьераңдын орду, 2-тегерекче эркектин орду, 3-тегерекче оюн-зоок менен хоббиңдин орду, 4-тегерекче досторуңдун орду болот. Кайсы тегерекчеге чоң орун бөлүүнү кааласаң, ошончо орун бер. Эми карап көр, сен үчүн азыр башкысы эмне экенин. Эгер эркекке чоңураак орун берүүнү каалабасаң, анда үй-бүлө күтүүнү анчалык каалай электигиң.

3. КАНДАЙ КҮЙӨӨ КЕРЕК ЭКЕНИН АНЫКТАП АЛ
Кагаз ал да аны 3 бөлүккө бөл. 1-бөлүккө эркектердеги кандай мүнөз жакса аны, 2-бөлүккө жакпаган мүнөздү, 3-бөлүккө эркектин кандай мүнөзүнө чыдаса болорун жаз. Ушулардан улам сен эңсеген эркек кандай экендигин тактап алсаң болот.

4. СТЕРЕОТИПТЕРДЕН АРЫЛ
Кайсы бир күнү сен “сулуу жана бай” деген түшүнүк “боорукер, ишенимдүү” дегенди билдирбестигин түшүнөсүң. Мүмкүн, сени бактылуу кылар эркек гладиаторго эмес, бухгалтерге окшош болушу мүмкүн. Сага жаккан мүнөздөгү эркек табылганы менен, анын маңдай чачы суюлуп, таз боло башташы ыктымал. Мындайда сен эмне кылсам деп ойлоносуң. Мүмкүн, кайсы бир мезгилде эркектердин чачы суюлуп, кашка баш болуп каларын эске алып, андай жигитти чанбай, мамиле курарсың?..

5. ӨЗГӨРҮҮГӨ УМТУЛ
Буга чейин жигиттер сени таштап кетчү беле? Чындыгында, баарыбызда кайгылуу романдар бар. Бирок мындан кийин сага жаккан жигит таштап кетпеши үчүн эмне кылуу керек? Ал үчүн жигит менен мамиледеги сенден кеткен кемчиликтерди эске түшүрүп, аларды кайталабоого тырыш. Өзүңдү өзгөрт. Колуңдан келбесе психологго кайрыл.

6. ӨЗҮҢДҮ СҮЙҮҮГӨ ҮЙРӨН
Күзгүнүн жанында туруп алып, биерим жакпайт деп капаланганды ташта. Анын ордуна өзүңдү сени сүйгөн жигиттин көзү менен кароого аракет кыл. Күзгүдөн каериң жакса, ошол жериңди карап, суктан. Мисалы, жылмайганда пайда болчу уячаңды же калыңды, же жайнаган көздөрүңдү, же калың чачтарыңды... Сексуалдуу деп эсептелген жылдыздардын деле кемчиликтери бар экенин эске ал.

7. ЭЛГЕ АРАЛАШ, КҮТҮЛБӨЙ ЖОЛУКЧУ БАКЫТКА ИШЕН
Үйдө отуруп жигит таба албайсың. Эл менен аралашып, алардын ичинен өзүңө түгөй изде. Адам эс тартканда жакшы нерсе күтүлбөгөн жерден пайда болоруна ишене бербей калат. А сен бакыт күтүлбөгөн жерден келерине ишен жана күт.

8. ЭРКЕКТЕРДИ КЕНЕНИРЭЭК БИЛҮҮГӨ УМТУЛ
Спорттук жаңылыктарды көр, машыгуучу залга же компьютердик курска жазыл. Машина айдоо курсуна бар. Спортко күйөрман же программист болуп чыкпасаң да, булар сени эркектерди кененирээк билүүгө жеткирет.

9. ЖҮРГӨН ЖОЛУҢДУ ӨЗГӨРТ
Сен дайыма ишке бир жол менен барып, бир жол менен келесиң. Эми жолуңду өзгөрт. Башка маршрут менен барып, кел, 2-3 аялдама жөө бас. Мүмкүн, сенин бактың болор жигит дал ошол жол менен жүргөндүр...

10. ЭСКИЛЕРДЕН АРЫЛ, ЖАКШЫ НЕРСЕЛЕРГЕ ОРУН БЕР
Сен жакшы мамилеге, жакшы баарлашууга, мыкты көңүл ачууга татыктуусуң. Андыктан эски буюмдарыңды ыргыт, аягы жаман аяктоочу фильмдерди көрбө. Жашооңду 2-сорттогулардан тазала. Ошондо жакшы нерселер үчүн орун бошойт.


Эрожаңылыктар

ГЕЙЛЕР ЖАНА ЛЕСБИЯНКАЛАР ҮЧҮН ШААРЧА КУРУЛАТ
Испанияда жалаң гейлер жана лесбиянкалар жашай турган шаарча курулат. Моклинехо шаарынын мэринин айтымына караганда, мындай шаарчада 600дөн ашык үй курулуп, баары күлгүн түстө боёлмокчу. Идея гейлерге таандык, алар бул тууралуу өздөрүнүн майрамында айтып чыгышкан. Шаар тургундары өздөрүнө шерик таап, таанышышы үчүн сейил бак да тигилет. Мэрдин билдирүүсүнө таянсак, мындай шаар туризмдин чордону болуп, андан көп киреше табууга болот.

ДҮЙНӨНҮ СЕКС БАШКАРАБЫ?
Австриялык психиатр Зигмунд Фрейддин: “Дүйнөнү секс башкарат”,- деп айтканы далилденип жаткансыйт. Анткени эротикалык сайттардан эле бир жылда алты миллион доллар киреше түшөт. Мындан тышкары секс-телефон, эротикалык журнал, сойкукана, порнофильмдер сыяктуулар да бар. Эксперттердин эсебине таянсак, булардан жылына миллиарддаган доллар түшөт. Ушулардан улам айрым изилдөөчүлөр “учурда дүйнөнү секс башкарууда” дешүүдө.

ЭРОТИКАЛЫК МУЗЕЙГЕ ЭЛ КӨП КИРҮҮДӨ
Жакында эле Москвада эротикалык искусство жаатындагы «Точка-G» аттуу музей ачылган. Учурда ага эл көп кирүүдө. Музейде 3000ден ашык экспонат коюлган. Анда Байыркы Кытай гравюралары, Тибет эротикалык сүрөттөрү, атактуу сойкулардын сүрөттөрү, китептер, комикстер, байыркы секс-оюнчуктар, учурдагы секс-куурчактар, жылаңач эркек-аялдардын айкелдери жана башкалар коюлган. Музейде эротикалык тасмаларды көрсөтүүчү кинозал да жайгашкан.

ТӨШӨК ОЮНУ ҮЧҮН OPEL
Амстердамдын (Нидерланды) романтикалык жолугушууну баалаган жашоочулары каалаган убагында кызыктуу жайга шашылышат. Ал – жерден 4 метр өйдөдө жайгашкан секс үчүн жай. 4 темир устундун үстүнө эски маркадагы Opel машинасын италиялык сүрөтчү Фредерико Д'Орациго жайгаштырган. Ал машинанын арткы орундуктарын алып салып, анын ордуна чакан уктоочу диванды койгон. Бул жерге келип, төшөк оюнун курууну каалагандар, болгону Фредерико Д'Орацигого жазуу жүзүндө кайрылып, уруксат алуулары керек. Акы төлөнбөйт.


Эротикалык приколдор

“ЖАРЫЛГАН ЖУМУРТКАЛАР”
Анда аялым кош бойлуу эле. Ага күч келбесин деп 2 аптада бир төшөк оюнуна барган кез. Бир жолу аялым жок кезде жумуртка бышырып жейин дедим. Мискейге суу куюп, жумурткаларды салып, газга койдум. Ал бышкыча деп гезит окуп отуруп, жумуртканы унутуп коюпмун. Бир кезде эсиме түшүп, чуркап барып карасам, суу какшып, жумурткалар жарылып, мискей кошо күйүп калыптыр.
Ошол кезде аялым келип калбаспы. Эшикти ачарым менен мага жабышып, “сени каалап, үйгө араң жеттим” деп өпкүлөп кирди.
Менин оюм күйгөн мискейде болгондуктан, “бир нерсе айтайын, урушпачы, жумурткаларым жарылып, жарабай калды” дедим шаша-буша. Ошондогу аялымдын өңүн көрсөңүздөр...

“БИР ЖЫРГАЙЫН ДЕП...”
Өзүм тамашакөй жанмын. Бейтааныш бирөөлөр менен деле сүйлөшүп, тамашалашып кете берем. Бир ирет сүйлөшкөн кызым Алияны үйгө алып келип, кумардан бир чыгайын деп аныкына жөнөдүм. Жолдо презерватив алыш үчүн дарыканага кайрылдым. Анда семиз бир келин иштеп жатыптыр. Жөн турбай аны менен тамашалашып, анан кандай презерватив жакшы, жыттуусубу же катардагысыбы деп жатып, 5 презик сатып алдым.
Сүйүктүүмө барып, экөөбүз чыгып келатсак, жанагы семиз аял алдыбыздан жолукту. Алия:
– Эже, мен туулган күнгө баратам, эртең келем,- дебеспи. Тигил аял мени ушундай акырая карады дейсиз, буттарым өзүнөн өзү алып-учуп жөнөдү...

ТОРТТУН РЕЦЕПТИ
Аялы ишке баратып күйөөсүнө: – Ташмат, саат 11де баланча радиодон торттун рецептин айтат. Ошону жазып кал,- дейт. Ташмат чай-пай ичип, анан радиону иштетип, рецепт жазууга отурат. Бирок шашып жатып, Бишкек менен Оштун ортосундагы толкунга коюп алат. Бишкектен торттун рецепти, Оштон гимнастика бериле баштайт. Ташмат эптеп жетишип жазууга киришет:
– Бутту өйдө көтөрүп, бир аз ачкыла, ортосуна ун сепкиле. Жарым стакан сүт кошуп, жакшылап аралаштыргыла. Эми бутту кенен жазгыла. Жумуртканы 5-6 сыйра жуугула. Полго жатканды улантып, жумуртканы аралаштыргыла, көбүк чыкканга чейин. Дем алуу, дем чыгаруу бир калыпта болуусу керек. Кезек жамбашты чайкоого жетти. Эми терең дем алып, баарын аралаштырып, отко койгула. 10 мүнөттөн кийин нымдуу сүлгү менен аарчып, кийинип, столго коё бергиле.

“ОХ, АКЫРЫ БҮТТҮҢБҮ?!”
Жамбыл бир ирет мамиле куруп жүргөн кызын жатаканадагы бөлмөсүнө алып келет. Түн болгондуктан, кошо жашаган досторун ойготпойлу деп акырын басып кирип, жатып калышат. Анан сүйүү оюну башталат. Керебет кыйчылдап, кыз ахалап-охолоп, жигит жалынып, бир топ эле болушат. Бир кезде кыз:
– Ох, жаным, бүтүп баратам!- деп кыйкырат. Анда наркы бурчтагы бирөө:
– Ох, акыры бүттүңбү?!- деп коёт дейт.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
aguha
2011-10-15 18:47:10
эн туура биринчи озуну суйушун керек
0
ulika
2011-10-16 12:44:08
эн негизгиси ортодо суйуу болуш керек
0
n_urzada2012
2011-10-19 15:26:13
Da-da
0
Prinseska
2011-10-24 21:48:22
Совершенство безлично. В нем нет жизни. Жизнь - в том разнообразии, что окружает нас. Оно внутри тебя и не зависит от правильности черт, лишних килограммов и модности нарядов. Только любовь собственному телу, принятие его, забота о нем рождают совершенство и уверенность в себе.
0
Aidarskiy
2011-12-23 18:22:41
))))))))приколдор сонун экен))))))
0
kyrgyzbay
2012-01-07 01:26:14
тааныштардын арасынан эле издеп куйоого чыгат, туфлийди жыртпай эле койгула, баарибир ишенимдуу болмоюнча кыз сынактан откорбойт. жаш кызды издеген эркек болсо, озун ишенимдуу деп кабыл алалбайт ошондуктан ишенчээк жашка уйлонот.
0
abil80
2012-02-03 14:23:53
ошентип жоо басып куйоо издеп кыйратыпсынар
0
bosfor11
2012-05-19 17:52:22
Эми эркектин оюнда бир нерсе болбосо анда алар менен силер кыздар таанышмаксынар, анткени ошол нерсе эле бизди алдыга жылдырат эмеспи, жумушта иштеп жургондо деле зарплата алам деп иштейсинда туурабы?
0
bosfor11
2012-05-19 17:55:32
KGTaLaS малтчик :)))))))
0
zuurakan_kg
2012-06-20 05:03:31
анегдоттор соонун экен...))),а суйуу болсо оз убагында келет!не обязательно ходить пешком.
0
jolli
2012-11-02 13:39:53
daaaaaa:))))
0
gulya1990
2013-03-07 08:01:00
рахмат сонун жазыптыр анегдоту
0
asyl81
2013-07-19 23:23:24
Торттун рецебин окуп, боорум эзилип калды, көптөн бери мынчалык күлө элек элем.
+1
ice_baby
2013-09-08 11:01:46
Вопщее ишенбейм алладан гана болот
0
Barbaristka
2020-04-01 23:01:59
Ха ха ха мага анекдоттору эле жакты .
0
№ 466, 7-13-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан