УРМАТ УСЕНОВ ЖАНА АНЫН КҮЙӨРМАНДАРЫ

фанаттарынын жоруктарынан

  • Фанаттарынан келген өзгөчө 500гө жакын кат сакталуу.
  • Болжол менен күнүнө 40-50 SMS келет.
  • Күйөрмандарынан 20 жумшак оюнчукту белекке алган.
  • Бир жолу машинасынын бош жерин калтырбай “мен сени сүйөм” деген сөздү ар кайсы тилде жазып кетишкен.
  • Бир ирет үйүнүн эшигине белгисиз күйөрманы каалоо-тилектерин, сүйүүсүн билдирип кат жазып кеткен.
  • Телефон чалуулар көп боло бергендиктен, ай сайын телефон номерин алмаштырып турууга аргасыз.

Кызыктуу окуялар:

«Меники болбосоң, өлтүрөм!»
– Менин бир күйөрманым канча жолу телефон номеримди алмаштырсам да, кайдан-жайдан билип алып SMS жаза берчү. Буга мен “номеримди кайдан таап алат?” деп таң калчумун. Башында “сүйөм, күйөм...” деген билдирүүлөрдү жөнөтсө, кийин бир ирет “мен сени баары бир өзүмдүкү кылам. Сен меники элесиң” деп жазып жибериптир. Кийинчерээк SMS аркылуу: “Меники болбосоң, өлтүрөм! Жердин түбүндө болсоң да таап алам!”- деп жүрөктү түшүрүп коркута баштады. Ал кыздын номерин телефонума жазып, “мозг” деп сактап койгон болчумун.
Бир күнү ырчы досторум менен бирге отуруп күйөрмандар тууралуу сүйлөшө кеттик. Анан аларга ошол кыз тууралуу айтып, акырында: “Эгерде силерге да чалып калса, жолугушууга чакыргылачы. Ал кыз менен сүйлөшпөсөм болбойт”,- деген элем.
Бир канча күндөн соң баягы досторумдун бири (ал ким экенин айтпай эле коёюн): “Урмат, баягы мээңди жеген кыз журналист тура”,- деп чалып калды. Анан ал журналист кызга жолугуп, ага: “Бул жоругуң жарабайт”,- деп айткам. Ошондон кийин гана тынчымды албай калган.

«Кыздар машинамды сүзүп токтотушкан»
– Мындан бир нече ай мурун машинам менен шаар ичинде кетип бараткам. Аңгыча жол чыракка келип токтоп калдым. Ал жерден мага жанаша токтоп турган Жип машинасында үч кыз отуруптур. Алар мени таанып калып, кол булгалашты эле, байкамаксан болуп өтүп кеттим. Ошентсе да, бир аздан кийин алар менин артымда келатышканын көрдүм. Улам “пипилдетип” коюшат, “токтот!” дегенсип. А мен болсом зарыл жумуштарым менен кетип баратканымдан улам токтобой эле кете бердим. Акыры тажаштыбы, айтор, машинамдын артын сүзүп анан токтошту. Ошондо машинамдан чыгып,“кыздар, бул эмне кылганыңар?” десем, алар: “Сизди токтот десек эмне токтогон жоксуз? Алгач сиз менен чогуу сүрөткө түшүп алалы. Андан кийин машинаңызды оңдоп беребиз”,- деп жатышпайбы. “Эч нерседен үркпөгөн, коркпогон кыздар экенсиңер. Машинамды өзүм эле оңдотуп алам”,- деп күйөрмандарым менен сүрөткө бирге түшүп коюп, жолумду улагам.

Жагымдуу SMS билдирүүлөр

Ырчы: “Кээде телефонумду бир канча убакытка өчүрүп коюуга туура келет. Ал эми кайра иштеткенимде толтура SMSтер келип калган болот”,- дейт өзүнүн сөзүндө. Төмөндө Урмат үчүн алардын арасынан кызыктуулары жана эң жагымдуулары... Жок дегенде бир жолу SMS жөнөтүп же бир эле сөз жазып койсоңуз, жашоодо менден башка бактылуу адам жок болмок!

Жамал

Саламатсызбы, Урмат. Келиңиз, ааламды экиге бөлөбүз: Күн сеники, нур меники. Түн сеники, жылдыз меники. Көл сеники, толкуну меники... Андан көрө баары сеники болуп, а сен меники болчу!

Күйөрманың

Бир жолу жооп жазып койсоң өлө­сүң­бү?

Шок күйөр­ма­ның.

Урмат: «Фанаттарыма боорум ооруйт»
«Өзүм фанат болуп көргөн эмесмин. Кайсы бир ырчынын ырларын, өзүн жактырып калып, аркасынан чуркоо деген менде эч качан болгон эмес. Албетте, өзүм чыгармачыл адам болгон соң бул жаатта сыйлаган ырчыларым деле бар. Мисалы, “Любэ” тобун жана анын солисти Николай Расторгуевдин ырларын ушунчалык эргүү менен угам. Азыр бул топ эл алдына мурункудай чыкпай калса да, алардын ырларын угуудан тажабайм.
Ал эми кээ бир чектен чыккан күйөрман кыздарыма бир чети аябай таң калсам, экинчиден, аларга боорум ооруйт. Себеби, алардын ар бири мени менен жолугууну, атүгүл жигити болуумду каалашат. Мен жалгызмын. Ал эми менин күйөрмандарымдын саны көп. Негизи, фанаттардын көпчүлүгү өзүлөрүн жомокто жашап жүргөндөй сезишет. Бирок, тилекке каршы, жашоо жомок эмес да”.

Урмат Усеновдун күйөрманы Жамал: «Урматты жамандагандар менен уруша кетем»
– Жамал, айтсаң, эмне себептен ырчылардын арасы­нан Урматты жакшы кө­рө­сүң?
– Урматты “Жазгы жамгыр” аттуу ыры менен чыккандан тартып жактырып калгам. Андан кийин ал жактыруум сүйүүгө айланды. Башка ырчыларга караганда Урмат мазмундуу ырларды ырдайт. Ошондой эле кийинүү стили, сырткы келбети, токтоо мү­нөзү да жагат. Кыязы, аны менчелик эч ким жактырбаса керек.
– Урмат үчүн кандай унутулгус жоруктарды жасадың эле?
– Өз колум менен Урматтын ар кандай 300 сүрөтүнөн турган альбом даярдап, белек кылган элем. Бирок, аны өз колуна тапшыра албай ырчы Темир Назаров аркылуу берип жиберген болчумун. Учурда Урматтын 400 сүрөтүнөн турган альбомду даярдап жатам. Анан да Урмат тууралуу кимдир бирөө жаман сөз айтса, сүйүктүү ырчымды жактап, дароо ал адам менен уруша кетем.
– Урматка SMS билдирүүлөрдү да жазат турбайсыңбы. Анын телефон номерин кайдан алган­сың?
– Эки жылдан бери ар кимден издештирип жүрчүмүн. Акыры бир жигиттен таап алып, аябай сүйүнгөм.
– Ата-энең, дос-курбуларың Урмат Усеновдун кү­йөр­маны экениңе кандай көз карашта?
– Апам Урматтын күйөрманы экениме каршы эмес. Ал эми атам мындайды жактырбагандыктан, кээде мени урушуп калат. Досторум Урматтын сүрөттөрү болсо, мага алып келип бергенге аракеттенишет.
– Жигитиң барбы же “Урматка жетсем...” деген ойдо­суңбу?
– Азырынча жигитим жок. Бирок, кайсы жигит менен таанышпайын, анын Урматка окшошураак жагын издей берем.

Даярдаган Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 316, 21-27-ноябрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан