КАТАРАКТА ЖЕ КӨЗДҮ АК БАСУУ ТУУРАЛУУ...

Катаракта гректин “ka­tarrhaktes” “шар­кы­рат­ма” деген сөзүнөн алынган. Байыркы убакта медиктер «жаш өткөн сайын башта булганыч суюктуктар топтолуп калат да, алар агып, көздүн чечекейин каптап калат» деп болжолдошкон. Ошондон улам ооруну катаракта деп аташкан.

Оорунун түрлөрү

Катаракта – чечекейдин (хрусталиктин) жарым-жартылай же толук тунарып калуусу. Бул оору көзгө ак түшкөндөй белги алып жүргөндүктөн, элде “көздү ак басуу” деген аталыш менен таанымал.
Оору тубаса жана кийин пай­­да болгон түрү болуп экиге бөлүнөт.
Тубаса түрү. Жаңы төрөлгөн 1000 баланын бирөөсүндө жолугат. Оору балага ата-энесинен тукум куучулук жол менен берилүүсү мүмкүн. Ошондой эле аялдын кош бойлуу кезинде жугуштуу ооруга чалдыкканынан же ичимдикти жана баңги затын колдонгондон улам пайда болушу да ыктымал.
Тубаса катаракта бир көздө же эки көздө тең болушу мүмкүн. Ак тактын көлөмү бир калыпта сакталышы же көлөмү чоңоюшу мүмкүн. Чекиттей көлөмдөгүсү баланын көрүүсүнө аз гана таасир тийгизсе, туташ бозоргон түрү сокурлукка алып келүүсү мүмкүн. Тубаса катаракта менен төрөлгөн балдарга операция 2 ай аралыгында жасалуусу зарыл. Жаңы төрөлгөн балдарды офтальмологдун текшерүүсү катарактанын же башка көз оорунун балада бар же жок экендигин аныктоо үчүн керек.
Кийин пайда болгон түрү. Дары-дармекке уулануудан, зат алмашуунун бузулушунан (мисалы, кант диабетинен, калкан сымал бездин же боордун оорусунан), авитаминоздон (организмде витаминдин жетишсиздиги), радиациядан, кээ бир дары-дармектен (мисалы, астманы айыктырууда колдонуулуучу дарыдан), көздөн жаракат алуудан же бузулган экологиядан жана улгаюудан келип чыгат.
Эмнеден келип чыгат?
Жогоруда аталган себептердин биринен улам чечекейдин биохимиялык курамы өзгөрөт. Анын кан менен жабдылышы бузулуп, азык жетпей баштайт да, ал тыгызданып жана тунук болбой киргилт тартып калат. Башкача айтканда, ак басып калат. Күн нурлары мындай киргилт линзадан араң өтөт. Андыктан, адам чөйрөдөгү заттарды бууланган айнек аркылуу көргөн сыяктуу көрүп калат.
Чечекей «капсула» деп аталган атайын баштыкчада болот. Чечекейдеги картайган клеткалар өлүп, капсулада чогулат да, бозорууну (киргилттенүүнү) пайда кылат.
Оорунун белгилери
Акырындап катаракта күчөп, көздүн курчтугу кете баштайт. Өтүшүп кеткен катарактада киши заттын эмне экендигин ажырата албай калат. Зат так сымал эле көрүнөт.
Белгилери төмөндөгүдөй: Көзгө экөө болуп көрүнүү, көз алдында так же “чымындын” пайда болушу, заттардын сыртынан бозоруп, саргыч тартып көрүнүүсү, заттардын четтери көрүнүп, ортолору көрүнбөй калуусу, окуганда тамгалардын жылып кеткендей болуусу ж.б.
Диагноз
Оорунун таржымалы оорулуудан суралып такталат.
Көз микроскоп менен текшерилет.
Дарылоо
Оорунун баштапкы стадиясында тамчылатуучу дарылар жана витаминдер колдонулушу мүмкүн. Бирок, бул ыкма ооруну күчөтпөй аз убакытка гана кармай алат. Андыктан, олуттуу дарылануу, башкача айтканда, операция баары бир керектелет.
Операция. Мында чечекей алынып, ордуна жасалмасы салынат. Жасалма чечекей медицинада интраокулярдуу линза (ИОЛ) деп аталат. Операциянын лазердик жана кол менен жасалуучу түрлөрү бар жана узактыгы 10-25 мүнөттү түзөт.
Оорунун алдын алуу
Жаман адаттардан жана ашыкча салмактан арылуу; жылына 2 ирет көз дарыгерине текшерилүү; түз тийген күн нурлары астында узакка жүрбөө; күндөн сактоочу көз айнекти колдонуу; көзгө пайдалуу азыктарды пайдалануу. Пайдалуу азыктар: сүт, балыктын майы, малдын боору, эт, бал, жаңгак, жүгөрү, жумуртканын сарысы, финик жана жашылча-жемиштердин (кургатылганы кошо) бардыгы.

Бетти даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 316, 21-27-ноябрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА