“МЕЛДЕШКЕ 3 СААТ КАЛГАНДА 4 КИЛОГРАММГА АРЫКТАГАМ”

Самсалиев Данияр Калбаевич 1988-жылы 15-февралда Бишкекте төрөлгөн.
Бою – 181 сантиметр, салмагы – 96 килограмм.
Эркин күрөш боюнча спорт чебери. Жаштар арасында КРнын 2 жолку чемпиону (2006, 2008), Дүйнө чемпионатынын катышуучусу (Баку, 2007), Карагандада өткөн эл аралык мелдештин (2007) коло медалынын ээси, Кыргызстандын кубогунун ээси (2008).
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун экономика факультетинин 4-курсунун студенти.
Бойдок. Учурда Бишкекте жашайт.

– Данияр, айтсаң, Кыргызстандын кубогунда жеңип чыгуу кыйынга турдубу?
– Мен бул мелдеште чемпион болууну максат кылсам да, тумоолоп ооруп калып, ойдогудай даярдана албай калдым. Жеңип чыгышыма мурда утулуп жүргөн атаандаштарга туш келгендигим да себеп болбой койгон жок. Анткени, аларды утууну мурда эле ойлоп жүргөм. Жарым финалда Д.Чупланды, финалда Б.Абдышаматовду утуп алдым.
– Негизи эле эркин күрөш менен кантип алектенип калгансың?
– Күрөшүп жүргөнүмө 5 жылдан ашты. Мени спорт залына Таалай аттуу досум ээрчитип барган. Азыр ал убактылуу спорт менен алектенбейт. Күрөшкө чейин дзюдого барып жүргөм. Бирок, спорттун ал түрүнө анча кызыга албадым.
– Эмне үчүн эркин күрөшкө токтолдуң?
– Алектенип баштагандан 2 айдан кийин мелдешке катыштым. Анда салмагым 60 килограмм болчу. Өспүрүмдөр арасында 60тан жогорку салмак супер оор салмак деп эсептелип, бул салмактан жогоркулардын баары бир таймашчу. Финалда өзүмдөн 30 килограммга оор атаандашка каршы күрөшүп, утуп чыккам. Ошентип, башында кызыгып алектенип жүрсөм, жеңиштердин даамын татып калгандан кийин биротоло берилип кеттим.
– Анда бала кезиңен эле уш­у­н­дай чымыр ден­е­лүү турб­айсыңбы?
– Бала чагымда толук бала болгом. Кийинчерээк машыгып, боюм узарып кетти. Мени чоңойгондо көргөндөр «өзгөрүп кеткен турбайсыңбы» деп калышат. Атам да, байкем да дене -бою орто эле адамдар.
– Спорт менен алектенүүңө ата-энең каршы чыккан жок беле?
– Жок. Тескерисинче, алар башында машыгууларга бара албай калганымда: “Машыгууга эмнеге барбайсың? Таштаба, чыдап аягына чейин чыгар”,- дешчү. Үй-бүлөбүз спортту сүйгөн үй-бүлөлөрдөн. Атам волейбол ойноп турат. Эки биртууганбыз. Кубаныч байкем да эркин күрөш менен машыгат.
– Килемде күрөшүп жүргөндө көп эле кызык окуялар болсо керек...
– Былтыр Карагандада өткөн мелдеш эсимден кетпейт. Анда салмагым 90 килограмм болуп, 86 килограмм салмакта күрөшчүмүн. 96 килограмм салмакта күрөшөм десем, машыктыруучуларым каршы чыгып, натыйжада таразага тартылууга 3 саат калганда 4 килограммга арыктоого туура келген. Тынбай кыймылдап тердеп, машыгып арыктап жүрүп, бир казак менен таанышкам. Эртеси килемде дал ошол балага туш келип калып жатпаймынбы. Ал менин алдан тайып турганымды билет да. Беттештин бүтүшүнө 20 секунда калган, упай боюнча 2:0 эсебинде артта баратам. Утулуш үчүн атайын кыйналып арыктадымбы деп, болгон күч-аракетимди жумшап, бутунан көтөрүп чаап, басып жыгылгам да, 3 упайга ээ болуп жеңишти илип кеткем. Ошондо калыс «беттеш бүттү» деп ышкырыгын чалса да, узакка аны коё бербей жатканым эсимде.
– Эмнеге?
– Жөн гана турганга алым жок болчу да. Кийинчерээк калыс колумду көтөргөндө колумду араң эле башыма чейин көтөргөм. Бул окуянын кызыгы кийин Бишкекке келгенде билинди. Досторум менен киного барганбыз. Анда казактардын “Рэкетир” деген тасмасы популярдуу болуп жаткан. Тасмадагы эпизоддордун биринде баш каарман Саян менен бирге колуна үтүктү кармап алып, бирөөнү кыйнап акча өндүрүп жаткан Бодя аттуу бала тааныш көрүнө берди. Эстесем, жанагы Карагандада күрөшкөн Олжас Сулейменов аттуу жигит экен.
– Учурда окуу менен машыгууга кантип жетишип жатасың? Келечектеги максаттарың кандай?
– Учурда окуу жана машыгуудан тышкары жумушум да бар. Курулуш материалдарын сатып алектенем. Эртең менен окууга, түштөн кийин базарга, ал эми кечинде спорт залына барам. Андыктан, окууну көп калтырчу болдум. Курсташтарым “заочник” деп атай башташты. Ошентсе да баарын таштабай, убакыт таап айкалыштырууга аракет кылып жатам. Албетте, спорт биринчи орунда турат. Кийин эстеп жүргөнгө чоң жеңиштерге жетишип алсам дейм.

Даярдаган Базарбек Абдураимов
e-mail:sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 317, 28-ноябрь - 4-декабрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан