ДУБАЙДА КОМАДА ЖАТКАН АЙСАЛКЫНдын ТАГДЫРЫ КАНДАЙ ЧЕЧИЛЕТ?

Кыргыз кызы Айсалкындын Дубайда оор абалда жатканы тууралуу кабар баарыбызды кайдигер калтырган жок. Айсалкын он айдан бери комада жатып, жашоо менен күрөшүп келет. Кырсык тууралуу бир топ версиялар айтылууда. Жапжаш кыздын чырагын өчүргөн ким? Ал кандай жаза алды? Кеп ушул тууралуу болмокчу.

КЫРСЫК КАШ-КАБАКТЫН ОРТОСУНДА
Учурда бардык эле жаштар жакшы иш, жаркын келечек күтөт деп чет жерлерге кетип жатышпайбы. Айсалкын да “иштеп, үй-бүлөмө жардам берем” деген жакшы ниет менен 2008-жылы Дубайга сапар алган. Айсалкын 1986-жылы туулган, мектепти жакшы аяктап, маркетинг боюнча калаабызда өткөн сынактын жеңүүчүсү болуп, чет өлкөгө жолдомо алган. Үч тилди билген, көптү үмүттөндүргөн Айсалкындын жашоосу бир заматта башка тилкеге түштү. 2010-жылдын 7-декабрь күнү телефон шыңгырап: “Кызыңыздын абалы өтө оор, эртерээк келишиңиздер керек”,- деп Айсалкындын жакындарына кесиптеши Татьяна суук кабар угузган.
Көрсө, иш мындай болуптур. Ошол күнү Айсалкын Дубайдагы “Автобан” трассасында курбулары менен машинада бара жаткан экен (айрым версиялар боюнча, машинаны Айсалкындын жигити айдап бараткан). Жолдо чоң ылдамдыкта учуп келе жаткан унаалар биринин артынан бири кагышып, Айсалкындын башы 4-5 жолу катуу урунуп, эс-учун жоготкон бойдон Дубайдын ооруканаларынын бирине жеткирилет. Буга чейин Айсалкындын башына эки жолу оор операция жасалды. Мээси шишип, баш сөөккө батпагандыгынан, операция жолу менен баш сөөгүнүн жарымы кесилип алынган. Операциядан кийин Айсалкын комага түшүп, өзүнө келбей беш ай жаткан. Жарым жыл дегенде гана мээ араң ордуна келип, экинчи ирет операция жасалган. Алтынчы айга караганда гана Айсалкын өзүнө келет. А бирок көзүн ачканы менен, эч нерсе көрбөйт, сүйлөбөйт, кулагы укпайт. Бул тууралуу анын жакындары айтып беришти.

Аджиев Чоробек,
Айсалкындын атасы:
– Учурда кызыңыздын абалы кан­дай?
– Чынында, Ай­салкындын аба­лы өтө оор. Салмагы мурда 55 килограмм болсо, учурда 32 килограмм. Кызыбыз көзүн ирмегенге жарап, бирок көрбөй калды. Учурда кекиртегин тешип, ашказанына кетчү түтүк орнотуп коюшкан, ошол түтүк аркылуу ар кандай витамин, азыктар куюлат. Кызыбыздын кан басымы көтөрүлсө, биздики да көтөрүлүп, тамагыбыздан аш өтпөй калды. Медициналык кызмат Дубайда өтө кымбат экендигин айтпасак деле түшүнөрсүңөр. Дагы жакшы, мусулман өлкө, ал жакта насыяга дарылай беришет экен. Айсалкындын биринчи операциясынан баштап бүгүнкү күнгө чейинки дары-дармектери 50 миң доллардан ашты.
– Жанында ким отурат, кимдер каралашып жатат?
– Апасы жанында. Буга чейин Дубайдагы Кыргызстандын консулдугу эч кандай жардамын бере албады. Биз догурунбайбыз, бирок чет элде өз жарандарыбызга консулдук, элчилик күйбөсө, анда ким күйөт?!
– Кызыңыздын жигити да ошол учурда жанында болгон дешүүдө...
– Менин билишимче, жанында курбулары болгон экен. Бир кызынын мээси чайкалып, буту сынган болчу. Экинчиси сотко күбө катары катышат. Жигити бар экенин билчүбүз. Улуту немис болчу, ал да көпкө чейин Айсалкынга жардам берип, каралашып жүрдү.
– Дарыгерлер эмне дешүүдө?
– Алар болгону өтө оор абалдан чыгарып коюшат экен, ал эми бутуна тургузуп, кайра калыбына келтирүү үчүн башка ооруканага алып кетүү керек. Учурда дарыгерлер “мындан ары биз эч кандай жардам бере албайбыз, тиешелүү дарылануудан өттү, башка ооруканаларга жаткырышыңар керек” дешүүдө. Андай клиникалар дүйнөнүн 4-5 чоң шаарында гана бар. Биз биринчи Кытайдын ооруканасына көңүлдөнгөнбүз. Учурда Орусиянын ооруканасына алып кетели деп ниеттенүүдөбүз. Бул биздин экинчи көйгөй болууда.
– Иликтөө иштери кандай жылып жатат?
– Машинанын артынан сүзгөн айдоочу сириялык мырза экен. Ал өзүнүн укугун камсыздандыруу компаниясы аркылуу коргоп жатат. Биринчи сот отуруму июль айына белгиленген, бирок белгисиз себептер менен сентябрь айына жылып кетти. Ал отурумда кызымдын атынан апасы кол коюп, кызымдын укуктары апасына ыйгарылган. Экинчи соту алты айдан кийин болмок, азыр эми 27-октябрга жылдырылыптыр. Биз сотту күтүп жүрө берсек, Айсалкындын абалы оорлошуп кетиши да мүмкүн. Ал эми өлкөдөн чыгып кетсек, тааныштарыбыз иш жабылып, анын үстүнө карыздардын баары моюнубузга илинет дешүүдө. Азыр кызыбыз нары-бери болбой, барымтада жаткан сыяктуу.
– Өлкөдөн чыгып кетүүгө 50 миң доллар карыз гана тоскоол болуп жатабы?
– Москвага алып келүү үчүн, биринчиден, ал жактан бизди тосуп алчу атайы медициналык машина табыш керек. Бул абалдан бутуна тургузуп, бастыруу үчүн 200 миң доллардай каражат талап кылынат. Ал эми Дубайдан чыгып кетүү үчүн он ай ичинде кеткен чыгымдарды төлөп берүү керек жана учурда жүрүп жаткан соттук териштирүүнү тездетүү зарыл. Бирок негедир бул иш боюнча сот улам кийинкиге жылып, тийиштүү чечим чыкпай келет. Менин түшүнгөнүм боюнча, берки тарап биздин өлкөдөн чыгуубузду гана күтүп отурат. Анткени бул ыңгайда кылмыш иши дароо жабылып калат. Бул иш боюнча иликтөө иштерине консулдуктун өкүлдөрү катышыш керек болчу. Эч бир натыйжа чыкпаганынан Тышкы иштер министрлигине да кайрылганбыз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бизге алардын көрүнүктүү жардамы тийбеди.
– Консулдук эч кандай жардам бербедиби? Алардан кандай жардам сурап кайрылдыңыздар эле?
– Консулдук жубайыма виза ачууга гана көмөктөштү, андан кийин көрүнүктүү жардам болгон жок. Андан кийин визаны өз каражатыбызга эки жолу узарттык. Эч бир натыйжа чыкпаганынан акыйкатчы Турсунбек Акунга кайрылдык. Ушундан соң анан пресс-жыйын өтүп, тиешелүү жактарга бул маалымат жетти окшойт. Биз мурда эле президентке кат аркылуу кайрылганбыз, учурда ал кат өз ээсине жетиптир, мына эми кичине жыйынтык чыга баштады.

ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин бөлүм башчысы,
Алмаз Имангазиев:
– Алмаз мырза, окуя боюнча кандай маалыматтарды бере аласыздар?
– Азыркы учурда бул кыздын айланасында бир топ эле чуу болууда. Анын кайсынысы чын, кай­сынысы калп экени азырынча белгисиз. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Аджиева Айсалкындын ата-энеси кайрылган соң апасына виза ачылып берилген. Башынан эле адвокат дайындап берилип, тиешелүү иштер жүргүзүлүп келген. Кайрымдуулук фонддорго кайрылып, каражаттар бүгүнкү күнгө чейин эле каралууда. Учурда экинчи сот отуруму күтүлүүдө, биз тарап да Айсалкынды акысыз Дубайдан Бишкекке, Бишкектен Орусияга алып барууга аракет кылууда. “Бурденко” атындагы нейрохирургия борбору менен Орусиядагы элчилик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Биз деле өз жарандарыбыздын укугун коргоого аракеттенебиз. Ата-энесинин нааразылыгы боюнча айтсам, алар көп нерсени туура эмес түшүнүшүүдө. Бизге күнүгө көптөгөн кат жана арыздар түшөт. Маселелер бар. Балким, жетишпей жаткандырбыз.
– Консулдук, элчиликтерге акыркы учурда көп сындар, нааразычылыктар айтылууда, айрыкча Дубайдагы консулдукка...
– Андай көрүнүш бар, акыркы учурда “Дубайдагы консулдукта иштегендер орой жана өз ишин билбейт” деген айыптар коюлууда. Биз булардын үстүнөн текшерүү иштерин жүргүзгөнбүз. Бирок айта кетчү нерсе, бизге түшкөн арыздардын көпчүлүгү анонимдүү түрдө болууда. Ал эми тиешелүү чараларды көрүү үчүн бизге арыз жазган жарандын аты-жөнү, дареги, иштеген жери толук керек.
– “Айсалкынды Дубайдан чыгарып кетсе, кылмыш иши жабылып калат” деген сөздүн канча чындыгы бар?
– Бул боюнча иш жабылбайт. Тиешелүү териштирүү иш-чаралар жүрүп жатат. Жакында экинчи сот отуруму болот. Ошондон кийин гана биз так маалыматтарды бере алабыз.
Конституциянын 29-беренесине ылайык, Тышкы иштер министрлиги расмий түрдө маалымат бермейинче, биз маалымдаганга укугубуз жок. Буюрса, бул иш оңунан чечилет деп күтүүдөбүз.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Репортаж - Дубайдан бакыт издеген кыргыз кызынын абалы оор
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (81)
Bishkek
2011-10-22 20:10:11
татынакай кыз экен жакшы болуп кетсе экен биздин консул жакшы иштебейт
0
jolmart
2011-10-22 23:07:30
Оштогу уйу куйгон эшек сарттарга уй салып бергенден коро ошончо акчанын бир болугун ушул озубуздун кыргызыбыздын кызына жардам катары берип коисо болмок РОЗА, сарттардын котун жалабай.
0
jonokoybala
2011-10-23 07:24:37
jolmart, эн туура айтасын! РОЗАнын эри сарт анвар артиков дейтго ошол чынбы элдер? андай болсо котун эле эмес башка жагын даы жалайт.....
0
janelya
2011-11-09 09:48:49
jolmart, men senin aitkanyna koshulam!!! Roza Almazbek ukkulachy ushunu!!! kandai gana tatynakai kyz :-( Aisalkyn aiygyp ket!!! men seni menenmin!!!!
0
dekg
2011-10-23 11:38:02
ee kyrgyzym kyrgyzym chet jerde jurgon baardyk kyrgyzdar sak juroluchu.alladan suranaly.al emi aisalkyn ertereek sakaip ketishin men da kudaidan tileimin.
0
asil-08
2011-10-23 15:48:48
жакшы болуп кетсин
0
ayjamal83
2011-10-23 16:08:26
бул жашоо сыноо,АЛЛАХ калааса ооруу берет,калааса жакшылык берет,баарына чыдап,шугур кылсак женебиз,Айсалкынга баарыбыз дуба сурайлы,АЛЛА шыпаа берсин.
0
zulya
2011-10-23 18:30:19
Ким менен кайда болбосун бул кырсык,кырсык айттырбай келет ,Жигити Немец болсо эмне болуптур ,Кыргыздын жигиттерин деле коруп атам кыргыздын жакшынакай кыздары тугонуп калгансып оорустарга увйлонуп атат,Бироого сын такканды эле кыйын билесинер
0
zulya
2011-10-23 19:12:42
айыгып кетишине АЛЛА озу колдоп жардам берсин
0
kyyalochka
2011-10-23 21:03:16
ата-энесине сабыр айсалкынга шыпа берсин аллахым.аа биз болсо бироону ушактагандан коро колду жайып дуба кылалы кыргызым баарыбызга денсоолук берсин аллахым
0
kyyalochka
2011-10-23 21:04:05
элимде тынчтык болсун
0
Rooshan
2011-11-02 21:50:22
Накта макоолор чогулганго бул жака,эсинерге келгиле,кыз оор абалда,ата-энеси андан бешбетер,эмне мусулмандарда бир кудай,христиандарда башка кудайбы?ааламда бир эле Кудай бар,БИР!!!,торт-бешоо эмес,карагылачы,жалан эле ушакташкандар эркектер,заман бузулганы ушул да,эркектер ушакташып,ооо,маколор,жанчып салса ушундай нацист ушакчыларды
0
gulum74
2011-11-06 23:46:09
жаман болуптур,шыпаа берсин!
0
melashka
2011-11-13 23:17:09
кудайым мээнет берди шыпаасыны кошо берсин душманыма да ушундай кунду каалаабайм эртерек сакайып кетсин корбогондой болуп
0
Bopone
2011-11-18 10:36:58
Татынакай мен курактуу кыз экен,Кудайым озу сактасын, ата-энесине бооруп атат.......озумдун ата-энем козумо элестеп кетти...алар мага бир нерсе болсо чыдай алышпайт......Кудайым жакшы кундорун аябасын ээ туугандар.....Ар бирибизде куноо бар,билип-билбей жасаган,....кечиримдуу Кудайым кечирет, ата-энебиздин коз жашын эч качан корбойлучу......Чоробек байке, бекем болунуздар.....баары жакшы болсун деп тилек кылалы.....
0
nadya
2011-12-15 09:58:20

Ata-enesine kuday kuch kubat bersin!



0
gulmira.mukumbaeva
2013-10-29 19:45:13
Айсалкын стала полностью парализованной и пребывает в коме. В мае 2012 года девушку привезли Бишкек.
0
№ 467, 14-20-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан