Техникалык мүнөздөмөсү
(эң көп тараган ЗАЗ-968М модели)
Салмагы (килограмм) – 750
Узундугу (мм) – 3765
Туурасы (мм) – 1490
Бийиктиги (мм) – 1400
Кыймылдаткычынын көлөмү (см3) – 1197
Кубаттуулугу (ат күчү) – 41
Орундуктарынын саны – 4-5
Максималдуу ылдамдыгы (км/саат) – 120
Май чыгымдоосу (л/100 км) – 6,5
Багынын өлчөмү (л) – 40
– Орунбасар байке, алгачкы жолу рулга отурганыңыз эсиңиздеби?
– Мен рулга алгачкы жолу мектепте 6-7-класстарда окуп жүргөндө отургам. Адегенде Урал деген мотоциклди айдоодон баштагам. Анан Бердибек байкемдин Москвичин айдап үйрөнгөм. Ал мезгилде үй-бүлөбүз менен картошка айдачубуз. Азыр ошол кап-кап картошкаларды талаадан Москвич менен ташыганым эсиме түшөт. Айдоочулук укук алып, такай машина айдаганыма 10 жылдан ашты.
– Эмне үчүн Запорожецти тандагансыз?
– Кыргыз шоу-бизнесине аралашканыма ашып кетсе 2 жылдай болду. Ага чейин деле ырдап жүргөм. Бирок, көбүнчө айыл тиричилиги менен оокат кылып келгем. Запорожец чындыгында чарба жумуштары үчүн, мисалы, жүк ташыганга, алыскы жолго чыкканга абдан ыңгайлуу. Өзгөчө кароону деле талап кылбайт. Бир жолу Руслан аттуу иним менен тоого баратканбыз. Жолдо дөңгөлөк жарылып калып жатпайбы. Тигил иним москоол жигит да, машинаны бир жагынан көтөрүп турган. Мен дөңгөлөгүн заматта алмаштырып алгам. Бир аздан кийин мотору бошоп кетти эле, кайрадан экөөлөп зым менен катыра байлап, тоого чыгып келгенбиз.
– Аны канчага сатып алгансыз?
– Менин Таласта орус жана немис улутундагы досторум көп. Запорожецке кызыгып калышыма да алар себепчи. Эң алгачкысын 5 миң сомго ошол досторумдан сатып алгам.
– Бир нече жолу алмаштырсаңыз керек...
– Ооба, Запорожецтин агын да, карасын да мингем. Унаанын түсүнө эмес, абалына көңүл бурчумун. Бир жыл айдап, анан жаңысын алып алчумун. Бир ирет орус кишиден 17 жыл сакталып калган Запорожецтин жаңы моторун таап алып аябай сүйүнгөм.
– Улам алмаштыргандын эмне зарылдыгы бар эле?
– Эл ташып иштечүмүн да. Таксист болуп киреше табуу үчүн машинаң дайыма иштеп туруусу керек.
– Анан көп акча иштеп таптыңызбы?
– Иштеп тапкан акчам өзүмө да, машинама да кенен жетчү. Акчадан тышкары Запорожецим эл арасында кадыр-баркымдын өсүшүнө да таасир тийгизген. Баткен окуясы учурунда Таласта 3 сутка аскерлерди ташып кызмат кылгам. Мен дайыма эл арасында жүргөн адаммын. Бир да айылдашымдын көңүлүн калтырбай, дайыма айткан жагына жеткирчүмүн. Машинама кандай гана адамдар отурбады дейсиң. 10 адамды батырып алган күндөр да болгон. Ошондой эле кой-эчки да ташыгам. Койдон төртөөнү бир батырсам, кунаажынды жалгыздан салчумун.
– Эң узак аралыкка айдаганысызбы?
– Таластан Жамбылга, Бишкекке чейин айдап баргам. Анан дагы мен айдоочулардын жогорку ылдамдыкты сүйүүчүлөрүнө кирем. Кенен жолдордо саатына 100 чакырым ылдамдыктан түшчү эмесмин. Москвич айдаган тааныштарым бар. Алар мени менен жарышышчу эмес. Анткени, менин озуп кетеримди билишчү.
– Машинаңыз бузулганда оңдой алчу белеңиз?
– Албетте. Запорожецимдин кайсы жери бузулганын сезчүмүн. Машина оңдоону семичкедей эле чагам. Бир да жолу машинам бузулуп, жолдо калган учурум болгон эмес. Бузулганда орус усталарга алып барып берем. Запорожецтин ремонтуна көп деле акча кетчү эмес.
– Рулда жүргөндө дагы кандай кызыктарга туш болдуңуз эле?
– Эми-и, Запорожец менен көп кызыктуу окуялар болгон. Бир жолу кышында тойго бараткан аялдар: “Тезинен жеткирбесең болбойт”,- деп суранышып, «МАИ кызматкерлери тосот» десем болбой сегизи түшүп алышты. Айткандай эле жолдон МАИчилер тоссо да токтогон жокмун. Артыбыздан кууп жетип токтоткондо мен: “Башка учурда тоспой, келип-келип аялдарды салып алганымда тососуңар. Алар суукта тоңуп калбасын деп жеткирип баратам. Эгер азыр «айыпка жыгам» десеңер бетиңерди тытып алышат”,- дегенимде унчукпастан коё беришкен.
– МАИ кызматкерлери менен мамилеңиз кандай?
– Алар мени тосушчу эмес. Талас кичинекей эле да. Баары таанышчу. Бир да жолу акча берген эмесмин.
– Эмнеге Запорожецти сатып жибердиңиз?
– Мен шоу-бизнеске аралашып, соңку мезгилде Бишкекте жүргөндүктөн, анын мага зарылчылыгы жок калды. Шаар жеринде керилген Жиптердин жанында кыдыйтып Запорожец айдап жүргөн кызыктай эле болсо керек. Андыктан, Запорумду эстеликке сактап коёюн дегем. Бирок, бир окуучу бала өжөрлүккө салып, артыман түшүп алгандыктан 4 миң сомго сатып жибердим.
– Азыр жөө жүргөн учуруңуз турбайбы?
– Эл ырчысы болгондон кийин эл менен чогуу маршруткада эле жүрөм. Буюрса, жеке концертимди өткөрүп алсам, машина алам го. Элиме эми чыгармачылык жактан кызмат кылмакчымын. Машина алсам да иномарка алам.
Бетти даярдаган Базарбек Абдураимов