400 СОМ АДАМ ӨМҮРҮНӨ ТАТЫЙБЫ?

Жаштар батыштын боевик кинолорун көп көрүп, андагы терс каармандарга катуу таасирленишет көрүнөт. Же жан кыйнабай тез эле байып кетүүнү максат кылышабы? Жакында Лебединовка айылында, БЧКнын жанында БМВ үлгүсүндөгү автоунаа түнкү мобилдик топтун кызматкерлеринин көңүлүн өзүнө бурган. Токтотуп текшергенде ичинен унаанын ээсинин өлүгү чыккан.

Бул автоунаанын багажынан өлүк табылып,
кылмышкерлер колго түшүшкөн.

БАГАЖГА САЛЫНГАН ӨЛҮК
Милиция патрулунун курамына кирген кылмыш иликтөө бөлүмүнүн оперкызматкери, участкалык инспектор жана МАИ кызматкеринен куралган топ ошол күнү күзөттө турган эле. Аталган автоунаанын айдоочусу милиция кызматкерлеринин жанынан өтө эле жай айдап, билинбей өтүп кетүүгө аракет кылганы менен, өзүнө тузак койгонун аңдабады көрүнөт. Шектүү көрүнгөн бул көрүнүштөн улам ал жол жүрүүнүн эрежесин бузбаса да, милиция кызматкерлери документтерин текшерип коюу үчүн автоунааны токтотушкан.
Айдоочу МАИ кызматкерине машинанын техпаспортун, айдоочулук күбөлүгүн, өзүнүн ким экендигин күбөлөндүрүүчү бир да документин көрсөтө алган эмес. Автоунаанын ичинде отурган эки жүргүнчүнүн да жандарында эч кандай документтер жок болуп чыккан. Жигиттер туталанып кыжырланганынан милиция кызматкерлери аларды текшерүү үчүн бөлүмгө алып жөнөшкөн. Бөлүмгө келгенде автоунаанын жүк салгычын ача койгон милиция кызматкерлери кишинин өлүгүн көрүшөт. Ушинтип капканга чабылган үч жигиттин колдоруна кишен салышып, тергөө бөлүмүнө өткөрүп беришет.

БЧКга САЛЫП ЖИБЕРМЕКЧИ БОЛУШКАН
Алгачкы тергөөдө эле алар шаар четиндеги Восток айылынын тургундары Эгил Карасартов, Эдил Мамырканов жана Павел Баранюков экени аныкталды. 20-21 жаштын тегерегиндегилер экен. Тергөөдө алар бирөөнү тоноп акча тапкысы келишкенин айткан. Көчөдө кардар күтүп турган таксистти шаардын жаңы конуштарынын бирине жеткирип коюшун суранышкан.
Восток айылынын жанына келгенде айдоочуну Эдил Карасартов жип менен муунткан да, ал эми Павел Баранюков таш менен башына урган. Эдил Мамырканов болсо аларга жардам берип турган. Жырткычтык менен таяк жеген айдоочу ошол жерде эле каза болгон. Анын жанында болгон 400 сомун жана уюлдук телефонун алышып, өзүнүн автоунаасынын жүк салгычына салып, өлүктү каналга салып жиберүү үчүн БЧК тарапка айдап жөнөшкөн учурунда кармалып отурган кербези тура.

“15 МИҢ СОМ АЙЛЫК АЛЧУ ЭКЕН”
Чүй ОИИБинин маалымат кызматынын башчысы Карима Аманкулова төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 4-октябрда түнкү саат экилерде түнкү мобилдик топ Лебединовка айылынан БМВ автоунаасын токтоткон. РИИБге келгенде, автоунааны текшерүү учурунда жүк салгычтан автоунаанын ээсинин өлүгү чыккан. Азыркы учурда Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Медициналык экспертизанын жыйынтыгында үчөө тең соо болуп чыкты, спирт ичимдиктерин ичкен эмес, баңгизатын да колдонушкан эмес экен.
Алардын айтымында, айдоочуну өлтүрбөй эле тоногусу келишкен, бирок кокусунан өлтүрүп алышкан. Өлүктү жок кылуу максатында Чоң Чүй каналына таштап жибергени алып бараткан жеринен мобилдик топко кармалып калышкан. Алардын жанында электрошок, бет каптары да болгон. Ал жөн гана бет кап эмес, коркутууга ылайыкталган резина бет каптар экен. Айдоочуну муунткан жипти да атайын алып чыгышкан. Үчөө тең жогорку окуу жайларында окушкан. Ал эми Баранюков окуудан сырткары эмерек жасоочу цехте иштеп, айына 15 миң сом акча тапчу экен. "Ушунча акча тапсаң, сага эмне жетишпейт?" деп сурасам, "көп акча тапкым келди" деп жооп берди.
Каза болгон адам “Народный” такси кызматында таксист болуп иштеген Бишкек шаарынын 38 жаштагы тургуну Дмитрий Пак болуп чыкты. Кармалгандардын жанынан кылмышка далил буюм катары Дмитрийдин уюлдук телефону алынган. Азыркы тапта Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан алардын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) 2-бөлүмү (өзгөчө мыкаачылык менен, хулигандык максатта, алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

“АВТОУНАА ШЕКТҮҮ КӨРҮНДҮ”
Мобилдүү топтун мүчөсү, Аламүдүн МАИсинин кызматкери Жыргал Ниязалиев:
– 4-октябрда түнкү мобилдик топ, мен, участкалык инспектор жана кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери болуп жумушка чыкканбыз. Түнкү саат экилерде Лебединовкада күзөттө турсак, ак түстөгү БМВ бизди көрүп токтоп калды да, кайрадан жай жылып жөнөдү. Эмнегедир ал автоунаа шектүү көрүнүп, жол эрежесин бузбаса да токтотуп текшерип көргүбүз келди. Токтотсок ичинен үч жаш бала чыкты. Автоунаага тиешелүү документтер жана балдардын биринин да жанында документ болбогондуктан, аларды бөлүмгө алып барып текшерип көрүүнү чечтик. Бөлүмгө баратып салондун ичи жана балдардын колдору кан экендигин байкадым. Айдоочуга жүк салгычты ачтырып карасак, ичинен кишинин өлүгү чыкты. Ошол замат ал жигит качып жөнөдү, артынан кууп барып кармап келдик.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Репортаж - Таксистти 400 сом үчүн өлтүрүшкөн.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
ulan.zhoroev
2011-10-17 22:53:10
адамга окшош айбандар тусу элэ адамга окшобосо кылган кылыгы окшобойт
0
operaledi
2011-10-17 22:57:34
Жол эрежесин бузбаса да Кыргызстанда МАИ кызматкерлери токтото беришет.Россия, Казакстандын номерлерин абдан суйушот.Лучше бы следили за порядком на дорогах, а не делали поборы с водителей.
0
Almaz_kg
2011-10-18 02:08:45
жумуштан кийин кечинде таксоват этип восток айылына коп кирип калчы элем. Ал айылда чечен уйгурлар коп жашашат, криминал айыл балдары кунуго талпа болуп чогулганын коросун. Анан ошондой айылдан чыгатта понятиясы черныйлар
0
nnn
2011-10-18 09:34:17
Аларга өлум да аз
0
Shekerbek
2011-10-18 10:08:57
в расстрел
0
mira85
2011-10-18 11:50:12
operaledi elden akcha alsa dagy bul okuy uchun , jamandan jakshy chykty , eger oshol kunu bulardyn mashinasyn toktotposo karmalmalk emes bul aibandar, myndailarsdy atyp salysh kerek...
0
Alibek_Forever
2011-10-23 22:52:46
mira85, аткычын жакшы иштейби. ушул жердегилердин баарын издеп жатабыз. Тагдырынар кичинекей коргошундун учунда да кыскасы. Бир айдын ичинде силер менен кемпирлешебиз. Аз гана убакыт калды.
0
Elijanka88
2011-10-18 12:53:53
Жаштар эмне мынча мыкаачы болуп баратышат, окунучтуу.
0
TROYA
2011-10-18 18:40:26
Ushunun baary olkodugu jumushsuzduktan dep oiloim azyr men korea respublikasynan jazyp jatam bul jerde e4 kim e4 ka4an jaman iwke baryshpait barsa dele az sanda emnege degende 1 den zakon aiavai kuchtuu,2 den jumush aiavai ele kop bir kun ishteshse 70$80$ tabyshat al emi ailap bir zavodtto ishteshse anka kop ele bizde da jumuw kop bolup ekonomikabyz aldyga jylsa myndai ishter azaiat dep oiloim.
0
kiki
2011-10-19 04:01:44
azamat jigitter REKETIR boliun depsiner da. emi ozunordon korgulo. bul duinodon kiyin arky duino da bar.
0
zmeja
2011-10-19 13:13:54
буларды дарга асыш керек
0
Alibek_Forever
2011-10-22 16:00:27
zmeja, Сени азып койбоюн. Кызы-ы-ып эле отурсан а!
0
Lui
2011-10-19 15:14:42
Бул адам баласы эмне кундон кунго айбан болуп баратабыз,,,,,,,??????????? Окунучтуу, айдоочуга да, балдардын ата энесине да , айтор жан кейитээрлик
0
EXword
2011-10-20 10:06:06
uchoonun keipteri ele aityp turbaiby,kanday adamdar ekenin.
0
jazim
2011-10-21 03:09:09
Жанагы айдоочу эми эч нерсени билген эмес да байкуш десе олуп кете берди, эмнеге жер жузундо мындай жаман адамдар болот экен.
0
Alibek_Forever
2011-10-22 15:57:41
Ушундай балдар менен сыймыктанамда. Эркексинер! Эштеке эмес хуня эле акча берип чыгып кетесинер. Если что жардам берем.
0
aguha
2011-10-22 17:28:07
Alibek_Forever сенин атанды же байкенди же апанды или ининди ушул балдарга окшогон бироолор ушундай кыйнап олтуруп кетсе ошол балдарга ошол ХУЙНА акчаны берип мен озум чыгарам,
0
Alibek_Forever
2011-10-23 22:43:48
aguha, Андай балдар менен связ бар го атак. Ал жагынан проблема деле жок. Если кааласан сени ошондой балдарга ыргытым коём. Айтып кой бир званок.
0
№ 467, 14-20-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан