Учурда өлкөбүздө талапкерлерди президенттик тактыга алпарчу узун жолдун чаңы асманга сапырылып турган учур. Ооба, жарыш катуу. Мындайда талапкерлер болгон күчүн жумшап, акчасын аянбай чачып, жеңишке жетүүнүн ондогон жолдорун ойлоп табышат.
АЙТЧЫ, ТУУГАН, КИМДИ ШАЙЛАСАК?
“Темирди ысыгында сок” демекчи, шайлоо алдындагы үгүт иштери ортолоп, талапкерлердин эл менен жолугушуулары кызуусунда. Биринин артынан бири жолугушууларды уюштуруп, элдин көңүлүн өзүнө буруу менен алек. Узундан-узун убадаларды айтып, макалдата сүйлөгөн ажо болчулар Ала-Тоонун кокту-колотуна чейин барып эл менен эсептеше калган убак – дал ушул шайлоо учуру. Муну мурдун жеңине аарчыган бала деле түшүнүп калган. Мындайда элдин башы айланып, айласы кетет. Ажо болчуларың биринен-бири кыйын, биринен-бири акылман. Ошондой эле пиар кызматтары менен өзүн көрсөтүүнүн ыкмаларын колдонот. Кийген кийиминен тарта сүйлөгөнү, күлгөнү, кол жаңсоосу, кыскасы, бутунан башына чейин көзөмөлдөгөн атайын адистердин кызматынан пайдаланышат.
ПИАР КЫЗМАТЫ УЧУРДА
Пиар кызматынан Камчыбек Ташиев деле айланып өткөн эмес. Бирок кымбат баалуу чет элдик эмес, жергиликтүү эле пиар адистерди пайдалангандыгын анын командасындагы өкүлдөрүнүн бири билдирди. Ал: “Камчыбек мырза миллиондогон сом сураган чет жердик пиар адистерге муктаж эмес. Ошондуктан эл менен жолугушуулары жасалма эмес, реалдуу мүнөздө өтүүдө”,- дейт. Ал эми көрнөк-жарнактардагы учкул сөздөрдү атайын адистин жардамысыз эле командасы ойлоп тапкан. Пиар адистерге канча каражат сарптаганы жашыруун.
ШАЙЛОО ФОНДДОРУНУН САЛМАГЫ
Дагы бир талапкер Адахан Мадумаров үгүт иштерине аянбай акча коротуп жаткандардын катарында. БШКнын маалыматына ылайык, анын шайлоо фондунун эсебине 19 миллиондон ашык акча топтолгон. Учурда анын дээрлик 90 пайызы үгүт иштерине жумшалды.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын басма сөз кызматынын башчысы Үмүт Кушбакованын айтымында, Адахан мырзанын үгүт иштерине сырттан адис чакырылган эмес. Эл алдына чыгуу тажрыйбасы мол болгондуктан, спичрайтерлерди деле жалдашпаптыр. Костюм-шымы, тышкы келбетин караган имиджмейкер, стилисттер да Мадумаровдун штабынан орун таппады. Себеби Адахан мырза өзүнүн эле табитине таянып кийинет экен.
Ал эми Алмазбек Атамбаевдин шайлоо фондуна 24 миллион 400 миң сом топтолуп, анын 16 миллион сомдон ашыгы үгүт иштерине жумшалган.
Мыйзамга ылайык, талапкерлердин шайлоо фонду 50 миллион сомдон ашпоого тийиш. Бирок айрым талапкерлердин эми эле андан көп сумма чыгымдап койгону айтылууда. Мындай пикир айткандардын бири – талапкер Исхак Масалиев. Ал: “Расмий түрдө көрсөтүлгөн суммадан эки-үч эсе көп каражат жумшалып жатканы жөнөкөй көзгө деле көрүнүп турбайбы. Себеби түшкөн каражаттын булактарын жана чыгымдарды алар документ боюнча көрсөтө алышпайт. Себеби түшүнүктүү эле”, - деди. Ушинтип билдирген Исхак мырза айрым атаандаштарына чет өлкөдөн каражат которулуп жатканын айткан.
БАРАК ОБАМА КОКО ТЫЙЫН КОРОТПОЙ ПРЕЗИДЕНТ БОЛГОН
АКШда үгүт иштеринин жүрүшү таптакыр башкача. Укпаган, билбеген кыргыз “кандайча?” деши мүмкүн. Адатта, биз шайлоо десе эле талапкерлердин жер-жерлерге барып, мал союп, аракка тойгузуп, бекер концерт бердирген күндөрүн эстейт эмеспизби. Гезит, телерадиодон түшпөгөн жарнамалары, көрнөк-жарнактар, агитациялык баракчалар – оңбогондай акча. Дээрлик мунун баары талапкердин өз жанынан, тууган-туушкандарынан, дос-тааныштарынан, колдоочу ишкерлер чөйрөсүнөн топтолот. Эгерде партиянын атынан чыкса, анын фонду да жардамга келет. Барак Обама элден өзгөчөлөнгөн тактиканы тандап алган.
“ООБА, БИЗ ЖАСАЙ АЛАБЫЗ”
Дал ушундай чакырык таштаган Барак Обама АКШнын президенттик кызматына талапкер болорун 2007-жылы 10-февралда Иллинойс штатынын эски Капитолия имаратынын алдында жар салган. Бул жай бекеринен тандалып алынган эмес. Анткени 1858-жылы АКШнын президенти Авраам Линкольн “Бөлүнгөн үй” аталышындагы тарыхый мааниси бар кайрылуусун ушул жерден айткан.
“Президент болом” деп чыкканга чейин америкалыктардын көпчүлүгү Обаманы кыйратып деле таанышчу эмес. Конгресстин сенаторлорунун катарын толуктаган Барак Обаманын башка талапкерлерге салыштырмалуу мүмкүнчүлүктөрү аз болгон. Анын үстүнө Обаманын теги Америкада жашаган африкалыктар эмес, Африканын Кениясынан болгондугу да тоскоолдук жараткан. Улутчул маанайдагы адамдар “АКШны ак терилүүлөр курган, эмне үчүн эми кара терилүүгө бийликти карматышыбыз керек?” дешип, кол салуу үчүн даярданууга чейин барышкан. Буга карата: “Эгерде мен шайлоодо жеңилип калсам, бул теримдин түсүнөн болбойт. Демек, мен добуш берүүчүлөргө өзүмдүн идеямды жеткире албадым деп эсептейм”,- деген Обама.
Барак Обаманын “Биз ишене ала турган өзгөрүүлөр” жана “Ооба, биз жасай алабыз” деген аталыштагы кампаниялары ийгиликтүү жүрөт. Ал эле эмес, Американын атактуу ырчылары дал ушул сөздөрдөн куралган ырды жаздырышып, "Вебби" сыйлыгына да ээ болгон.
ЭЛ АКЫРКЫ ДОЛЛАРЫН АЯБАЙ ОБАМАГА БЕРГЕН
2007-жылдын биринчи жарымында эле Обама элден кампаниясы үчүн 58 миллион доллар чогулткан. Мунун ичиндеги 200 доллардан азыраак көлөмдө каражат бергендердин суммасы эле 17 миллионду түзгөн. Тагыраак айтканда, Обаманын президент болушу үчүн кампаниясын жүргүзүүгө каражаты жетиштүү болсун деп катардагы америкалыктар чөнтөгүндөгү болгон 200 долларын да аяган эмес. 2008-жылы январда кампания баш-аягы 37 миллионго жакын доллар топтоп, шайлоо алдында талапкердин элден чогулткан каражаты боюнча Обама рекорд койгон. Ал эле эмес, Барак Обама шайлоо алдындагы кампаниянын мамлекеттик каржылоосунан баш тарткан биринчи талапкер болуп калган. Ошондой эле ал лоббисттердин (колдоо көрсөтүп, кийин кызыкчылыгын ишке ашырууну талап кылган топ же бир адам) бере турган акчасынан да баш тартат.
АКШнын азыркы президенти интернет чөйрөсүндө да популярдуулукка жетип, социалдык тармактар аркылуу чогулткан каражатынын уникалдуу технологиясы пайда болгон. Кимдир бирөө Барак Обаманын кампаниясына каражат которсо, анын уюлдук телефонуна “Салам, бул Барак. Колдоо үчүн рахмат! Дагы бир сенин кичинекей салымың биздин жеңиш үчүн жардам берет” деген кат келе турган. Мындай жаңычыл кадам карапайым калк тарабынан жылуу кабыл алынган.
Бир эле саясий сезондо Обаманын штабы өзүнүн электоратынан бир канча ирет түшүм жыйноого жетишет. Америкалык шайлоо тарыхында биринчи жолу демократтар эң көп элдин ишенимине ээ болуп, маанилүүсү, эң чоң каражат топтогон.
Автандил Добулбеков
koom@super.kg