ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Филиппин

КУЮН ТҮШҮМСҮЗ КАЛТЫРДЫ
Филиппин аралдарын кыйраткан “Несат” жана “Нальгае” куюндары 100дөн ашуун адамдын өмүрүн алып кетти. 26-сентябрда башталган катуу шамал менен нөшөрлүү жамгыр аралашкан “Несат” куюну 82 адамдын өлүмүнө себеп болсо, 5 күндөн кийин “Нальгае” куюнунан 18 адам каза тапты. Көпчүлүгү суу ташкынынан, үзүлгөн электр зымдарынан улам токко урунуп же кулаган имараттардын астында калып жан беришкен. 27 киши дайынсыз жоголуп, 10 миңге чукулу турак жайсыз калды. 500 миң адам эвакуацияланып, түшүмдү шамал учуруп, андан калганын суу жууп кетти.

Украина

ТИМОШЕНКО 7 ЖЫЛГА КАМАЛДЫ
11-октябрь күнү Киевдин Печердик райондук соту Украинанын экс-премьер-министри Юлия Тимошенкону 7 жылга эркинен ажыратты. Сот Родион Киреев аны «2009-жылы Орусия менен болгон газ келишиминде кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, өлкөгө 187 миллион доллар чыгым алып келген» деп тапты. Ошол эле учурда ага 3 жыл мамлекеттик бийлик органдарында башкаруучулук кызматтарда иштөөгө тыюу салынды. Ал эми экс-премьер бул айыптоолорго макул эмес. “Мунун баары бийлик тарабынан мага каршы көрсөтүлгөн кысым”,- деп билдирет ал.

Израиль

ПАЛЕСТИНА МАМЛЕКЕТ БОЛОТ ЖЕ БОЛБОЙТ
Палестина улуттук администрациясынын башчысы Махмуд Аббас Израиль менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди. Буга чейин ал БУУнун Башкы ассамблеясында Палестинаны аталган уюмга толук укуктуу мүчө катары киргизүү жана анын көз карандысыздыгын таануусун айткан. Өз учурунда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетанияху мамилени жакшыртууга даяр экенин айтты. Бирок Израиль менен АКШ Палестинанын эгемендүү болушуна каршы.

Жаңы Зеландия

МУНАЙ КАНАТТУУЛАРДЫН ӨЛҮМҮНӨ СЕБЕП БОЛУУДА
Жаңы Зеландиядан 23 чакырым аралыкта 1700 тонна нефть жүктөгөн “Рена” кемеси 5-октябрда кырсыкка учурады. Ал суу астындагы аскага урунуп тешилип, анын айынан мунай сууга жайылды. Мындан улам бир канча суу жаныбарлары жана канаттуулар өлүүдө. Жаңы Зеландиянын жээкке жакын жайгашкан шаары – Таурангада элди сууга жакындабоого чакырышууда. Анткени суу химиялык уулуу заттар менен булганган. Учурда кырсыкка учураган кемеден калган нефтини соруп алуучу “Авануйа” кемеси катуу шамалдан улам жакшы иштей албай жатат. Деңиздин суусун тазалоо боюнча да иштер жүргүзүлүүдө.

Дүйнө

БРАЗИЛИЯ – КИШИ ӨЛТҮРҮҮ БОЮНЧА ЛИДЕР
БУУ адам өлтүрүү боюнча өлкөлөрдүн тизмесин белгиледи. Серепчилердин айтымында, өткөн жылы дүйнөдө жарым миллион адам каза тапкан. Алардын көбүнчөсү Америка жана Африка өлкөлөрүндө катталды. Ошондон улам тизме башын жылына 100 миң адамга 82 адам өлтүрүү туура келген Гондурас ээлеген. Европада бул көрсөткүч бирөөнү эле түзөт. Ал эми постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдүн эң көбү Казакстанда 10,7, эң азы Азербайжанда 2 өлүм. Кыргызстанда болсо 100 миң адамга 8 өлтүрүү туура келет. Киши колдуу болуп каза тапкандардын 80 пайызын эркектер түзөт. Ушул жылдын ичинде кылмыш боюнча биринчиликти Бразилия алды, анткени бир жылда 44 миң жаран өлтүрүлгөн.

Ливия

ЭКИ ОППОЗИЦИЯ ТИЛ ТАБЫШТЫ
Ливиянын Өткөөл улуттук кеңеши Сирия бийлигине оппозиция болгон өлкөнүн Улуттук кеңешин өлкөнүн жалгыз легитимдүү бийлиги деп тааныды. Бирок мындай кадамга башка өлкөлөр барыша элек. Учурда Сирияда Башар Асад он жылдай убакыттан бери президент болуп келет. 2011-жылдын жаз айларында анын кетүүсүн талап кылган эл митингге чыккан болчу. Ошонун негизинде бийликке каршы болгондор Сириянын Улуттук кеңешин түзүшкөн. Ошондон бери бийлик аскерлери менен оппозициянын кагылышуусунан 2900дөй адам каза тапкан.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 467, 14-20-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан