МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ
(Башталышы өткөн сандарда)
СССРдин доорунда бардык кичине-чоң ишканалар мамлекетке карачу. Кийин ал өлкө кулап, мекемелер жеке адамдардын менчигине өтө баштады. Башкача айтканда, кимдин мүмкүнчүлүгү болсо, ошол адам иштеткенге алып жатты. Албетте, бардыгын мамлекеттен күтүп калган калк буга дароо көнө койгон жок. Бардыгы менчиктештирилип, бир гана оорукана, милиция, мектеп, бала бакча сыяктуу мекемелер мамлекет карамагында калды. Айрым мамлекеттер ошол системаны сактап калса, кээ бирлери “демократия”, “капитализм” деген түшүнүктөр менен жашоого өттү. Мамлекет жадакалса өз карамагындагы мекемелерди да жетишерлик деңгээлде карай албай калды. Натыйжада, коррупцияга, паракорчулукка жол ачылды. Алдуулардын заманы жүрө баштады. Аны менен адилетсиздик күч алды.
Бул көйгөйлөр биздин өлкөдө да, Грузияда да болгон. Жыйынтыгында эки өлкөдө тең революциялар болду. Грузиядагы “Розалар революциясынан” кийинки болуп жаткан реформалар тууралуу бир нече сандан бери сөз кылып келебиз. Бул санда Грузиядагы менчиктештирүү тууралуу айтмакчыбыз.
Грузиядагы реформалардын башында Каха Бендукидзе аттуу адам турарын өткөн сандарыбызда айттык эле. Каха Бендукидзе менчиктештирүү реформасын 2004-жылы кулжа айынын биринде Грузияга келип, учактан түшөрдө “абийирден башкасынын баары сатылат” деген сөзү менен баштаган. Демек, ал учуп келе жатканда эле Грузияга кандай реформа керек экенин жолдон ойлонуп келген. Анын: “Менчиктештирүү үч натыйжаны берет. 1. Эң негизгиси болбосо да, бюджетке киреше түшөт. 2. Мамлекеттик менчиктен жеке менчикке өткөрүү – жеке секторду өнүктүрүүгө жол ачуу. 3. Коррупцияга каршы күрөш”,- деп айтканы бар. Албетте, 1990-жылдары эле көпчүлүк ишканалар жеке менчикке өткөн, бирок ал эч бир натыйжа берген эмес.
Грузия “Розалар революциясынан” кийин негизги стратегиялык жайларын сата баштаган. 2004-жылды Михаил Саакашвили жыйынтыктап жатып: “Шеварднадзенин учурунда мамлекеттик менчиктердин 90 пайызы сатылган, бирок жыйынтык болгон эмес. А биз бир жыл ичинде калган 10 пайыздан 200 миллион долларга чейин киреше табууну көздөп жатабыз”,- деди эле. Бул сөздөрдөн жаңы бийликтин жаңы кадамдарды жасашарын байкасак болот.
Эдуард Шеварднадзе мамлекеттик жайларды сатууда кылдаттык менен мамиле кылганын айтып, өзү бийликте турганында да мамлекеттик мекемелердин сатылганын туура эмес деп эсептеп, ошол эле учурда Михаил Саакашвилинин чоң стратегиялык жайларды сатуусун да туура эмес деп айткан. Эми бул эски жана жаңы бийликтин бири-бирине сын айтуусу же болбосо саясатчылардын оюну дейбизби, айтор, көңүлүңүздөрдү кадырлуу Каханын сөзүнө бурсак: “Менчиктештирүүнүн эки жолу бар. Биринчиси, сулуулар сынагы сыяктуу, бирөө келип “тигини жасайм, муну жасайм” деп убада берет. Экинчиси, эң жакшы бааны сунуштаганы. Убадага эмес, акчага карап сатуу керек. Ким көп төлөсө, демек, ал бул иштин көзүн билет деген сөз. Төмөн баадан башталган таза аукцион болушу керек. Мындай нерсе Грузияда чыныгы маанисинде жасалчу эмес. “Эгер ал эч нерсе кылбай, ишкананы жаап салсачы?” деп суроо узаткан менин чогуу иштешкендеримдин арасында да анча мааниге ээ эмес эле. Аларга “ким көп акча төлөсө, ал ишкананын иштеши үчүн жанын берет” деп жооп берчүмүн. Бирок бул эч кимди кызыктырган эмес. Ошондо бизге негизги бир идея керек экендигин түшүндүм. Анан биз бардык негизги министрлерди (премьер-министр, Каржы министри, Коргоо минстри, Ички иштер министри, Генералдык прокуратура) топтодук. Тактага биздеги мамлекеттик мекемелерди жазып, аларды канчага сатса болот экенин сурадым. Бардыгы ар кандай бааларды айтып жатышты. Мен ар бир мекемеге белгилүү бир бааны коюп, анын суммасын чыгарсам, 700 миллион доллардан бир аз ашты (ал убакта Грузиянын бюджети 400 миллион болчу).
Баарынын “кантип эле 700 миллион?” деп эки көзү төрт болду. Ооба, биз мындай акчага көп нерсени жасай алабыз. Чындыгында, менчиктештирүүгө болгон көз караш толугу менен өзгөрдү”,- деп айтат. Минтип канчалаган министрлерди таң калтырган Каха Бендукидзе мамлекеттик ишке жеке сектордон келген.
Ошентип, Грузия биринчи менчиктештирүү боюнча ишин 2003-жылы эки чоң алмашууну ишке ашыруу менен баштаган. Ал Кытай элчилигине бир имаратты 1 миллион долларга жана “Зестафон” заводунун 51 пайыз акциясын 7,5 миллион долларга берген. Бул иштер аукционсуз өткөн. Мурун мындай иштер Грузияда формалдуу аукцион менен өтчү. Ал тууралуу кулактандыруу “Собственник” гезитине чыгып, гезит 300 нусканы түзгөн. Ал жайды сатып алуучу гезиттин 300 нускасынын баарын сатып алган. Натыйжада, эч ким эч нерсе билбей калган. Бул жазгандарыбыз Грузиядагы менчиктештирүү реформасынын башталышы. Эмки сандарыбызда бул тууралуу кенен маалымат беребиз.
(Уландысы кийинки сандарда)
Эмил Үмөталиев,
Жаныбек Абидетегин,
Мирсулжан Намазалиев