Силима Абдылдаева: «КЫЯЛЫМДАГЫ ХАНЗААДАМДЫ ТАБА ЭЛЕКМИН»

Радиолордон ырлары жаңырып, аты эл оозуна алынып калган ырчы Силима Абдылдаева бизде конокто. Өң-келбети оруска окшоп, кыргыз тилинде суудай сүйлөгөн татына ырчы бийкеч менен жакындан тааныштырабыз.

Толук аты-жөнү – Силима Абдылдаева.
Туулган жылы – 1985-жыл, 10-декабрь.
Туулган жери – Нарын шаары
Билими – М.Күрөңкеев атындагы музыкалык училищенин бүтүрүүчүсү, Эл аралык университеттин 4-курсунун студенти.
Учурда – Жүрөгү бош.
Жетишкендиктери – “Байкоңурдун коңур үнү”, “Шабыт”, “Айкөл жазы”, “Жаш таланттар” Эл аралык сынактарында жана “Чолпон жылдызы” фестивалында байгелүү орундарга ээ болгон.

– Силима, айтсаң, ырчылыкка качантан бери аралашып келесиң?
– Мен тээ кичине кезимде бала бакчага барып жүргөндөн баштап эле ырдайм. Андан бери канча сынактарга катышып, байгелүү орундарды алып, азыр үйдө диплом менен грамотадан көп нерсе жок. Айрым тааныштарым “сен качанкы Силимасың?” деп тамашалап калышат. Чындап эле карасам, көптөгөн эл аралык, жергиликтүү сынактарга катышканым менен, өзүмдү жарнамалоо жагынан бир топ алсыз экенмин. Шоу-бизнеске келиш үчүн көп жолду басып өттүм. Эгер жакшылап киришсем, бул мезгилге чейин атым калың элдин катмарына сиңип калмак беле деп ойлойм.
– Алгачкы жолу сахнага качан кадам таштадың?
– Анда мен бакчада улуу балдардын тайпасына барчумун. 5 же 6 жашта болушум керек, ушундай эргүү менен колума микрофонду кармап алып сахнага чыгып баратканым азыркыга чейин көз алдымдан кетпейт. Кээ бирлерге окшоп колдорум калтырап сүрдөгөн деле эмесмин. Ошондо Жамиля Муратованын “Ак кайың” деген ырын ырдагам. Мындан сырткары Нарында жашап жүргөндө Асел Турдалиева менен кошуна турчубуз. Ал эжеке да чоң концерттерине мени чакырып турар эле.
– Шоу-бизнесте продюсерсиз иштөө кыйынга турат эмеспи. Сени колдогон тирөөчүлөрүң барбы?
– Мыйзамдуу келишимге кол коюп иштешкен продюсерим жок, бирок ырчы Жамиля Муратова мага чыгармачылык жактан колдоо көрсөтүп, кеңешин айтып турат. Ага экинчи апамдай мамиле кылам, абдан жакынмын. Экөөбүз М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда сабак да беребиз.
– Ырларыңды кантип тандап аласың?
– Негизи жеңил-желпи ырларды ырдагандан качам. Кээ бирөөлөр үнүн компьютерден жасатып алып деле ырдап жүрүшпөйбү. Канчалык сынактарга катышып чыйралсаң, ошончолук жандуу ырдагандан рахат алып калат экенсиң. “Аял ким?” деген ырыма клип тарттырып жатам. Ушул клип кыргыз шоу-бизнесине кичине болсо да жаңылык киргизет болуш керек деген ойдомун. Мындан тышкары “Жаштык кез”, “Сүйүү деми”, “Агым” деген ырларымды радиолордон угууга болот.
– Жигиттердин кайсы сапаты жакпайт?
– Жигиттер болот го, калп эле жасалма көрүнгөн, ошондойлорду жана калпты ышкырткан мырзаларды жактырбайм.
– Сулуулук салондоруна тез-тезден барып турсаң керек...
“Сулуу эмес айым болбойт, өзүн карабаган айым болот” деген сөз бар эмеспи. Анын сыңары, өзүн сыйлаган айым сөзсүз келбетине кам көрүш керек деп ойлойм. Мен чачтарачка бат-баттан барып турам.
– Колуңду сурагандар барбы?
– Өзүмдү турмуш жолуна аттанууга даяр элемин деп эсептейм. Артымдан чуркагандар деле толтура, бирок кыялымдагы ханзаадамды таба элекмин.
– Кайсы улуттагы жигиттер көп тийишет?
– Көбү айтышат, “сага орус улутундагы жигиттер көп тийишет болуш керек” депчи. Андай эмес. Мага кадимки кыргыз жигиттери көп көз салышат, чын. Чачымды карага боёсом, түрк кыздарына окшоп калам. Негизи, атам таза кыргыз, ал эми апам тараптан көп улуттун каны бар.
– Жакын аралыктагы пландарың?
– Сынактан адам өсөт эмеспи, буюрса, Ноокатта өтө турган Уркуя Салиеванын 100 жылдыгана арналган сынакка катышайын деп камданып жатам.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
operaledi
2011-10-17 16:38:20
Уну жакшы, ущул кыздын
0
Аида
2011-10-17 22:35:36
суйлогон создору орундуу го бирок анча тааныбачу экенмин бул кызды,ийгилик сага.
0
Asus84
2011-10-18 09:15:54
ийгилик чон кызга, бирок биринчи жолу коруп жатам, эми таанып анан ырларынды сынап кором го
0
Shairgul
2011-10-18 13:15:00
Мазмундуу ырларды ырдагысы келсе жакшы экен,мындай жылдыз копко чейин жанат.Ырын угуп коруш керек экен.
0
adel.
2011-10-19 15:35:23
silima prosto zamechatelna!!!oooooochen silnyi golos.talntliva,moloda,krasiva,sportsmenka,komsomolka ))))i t.d.my s nei oochen davno uchavstvovali na festivale...eto deistvitelno talant.super info pojaluisto zagruzite ee vse pesni kotorye ona perechislila
0
adel.
2011-10-19 15:37:28
i ewe odna bolwaya prosba k vam,pojaluisto sdelaite reportaj s Aijan gazievoi.ya uje davno u vas etogo prowu....pleaseeeeee
0
mangyt76
2011-10-19 17:41:29
биринчи жолу корушум ырларын да укпапмын популярный болушка аракет кылбайсынбы.
0
Bishkek
2011-10-22 19:59:59
jakshy
0
№ 467, 14-20-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан