АЛАЙ ХАНЫШАСЫНА 200 ЖЫЛ

Чыныгы элдин адамы катары атактуу Алай ханышасынын жашоодон көзү өтсө да, мартабасы ашып-ташып келет. 8-октябрь күнү Алайдын Коңур-Дөбө өрөөнүндө легендарлуу Курманжан датканын 200 жылдык мааракеси өткөрүлдү.

АЛАЙДЫ КӨЗДӨЙ АГЫЛГАН ЭЛ
Курманжан датка – атагы алыска кеткен, кыргыз журтчулугун кыйын күндөрдө сактап калган кайраттуу, асыл инсан. Анын өз канынан жаралган уулу Камчыбекти дарга асканда да намыс үчүн бек туруп, “ажалга тике кара!” деп айткан сөзү азыркыга чейин эл оозунда.
2011-жыл расмий түрдө “Курманжан датка жылы” деп аталган. Ошондуктан датка энебиздин урматына жер-жерлерде ар кандай эскерүү кечелери, мааракелер өткөрүлүүдө. Алардын эң масштабдуусу Алай жергесинде өткөрүлгөн маараке болду. 3 күнгө созулган той алайлыктардын духун дагы бир жолу көтөрсө, элдин агымын Алайды карай агызды. Кербендей чууруган автоунаалар, эл агымы күнү-түнү Коңур-Дөбөгө бет алып, көз жоосун алат. Мааракенин жыйынтык кечеси 8-октябрга белгиленип, ага КРнын Президенти Роза Отунбаева баш болгон бийлик өкүлдөрүнүн атчан келгени өзгөчө көрк берди. Андан сырткары депутаттар, чет элдик коноктор да келип, тойго күбө болушту.

УЛУТТУК ОЮНДАР
Алай жергесине мен биринчи жолу баргандыктанбы, элинен ат үстүндө шамал менен жарышкан чыныгы кыргыз жүзүн көргөндөй болдум. Улан-кыз, жаш-кары дебей ат үстүндө ойногон Алай өрөөнүндө улуттук ат оюндарына көбүрөөк басым жасалып, баш байгеге унаа, экинчи, үчүнчү орунга акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Жалпысынан 9 улуттук ат оюндары көрсөтүлүп, ошондой эле кол өнөрчү, уздардын колунан жасалган 314 боз үй тигилиптир. Ал эми жергиликтүү эл сырттан келген конокторду ысык чай, тамак-ашы менен тосуп, элибиздин меймандостугун дагы бир жолу ырастап беришти. Боз үйлөрдүн арасынан эң кооз жасалгага президент тарабынан 100 миң сом сыйлык тапшырылды.
Жорго жарышта Кочкор районунан келген Точанка аттуу жорго алдына эч кимди салдырбай, баш байгени илип кетти. Мурун ал үчүн казактар 100 миң доллар сунушташкан экен. Кыргызда улуу кеп бар эмеспи, “ат – адамдын канаты” деген. Анын сыңарындай, кыргыздын аргымактары дагы деле мурунку жүрүшүнөн жаза элек экенин тастыкташты.
Улуттук духту тартуулаган мааракеде ак элечек кийген Курманжан датканы элестеткен энелер көзгө жылуу көрүнүп турду. Алар “Ак элечек коому” деп аталып, аны 76 жаштагы Эргешова Саткын апа 1991-жылы түзүптүр. “Ар кандай майрамдарда ак элечек кийип, жаштарга бата беребиз”,- дешет кубанычы коюнуна батпаган энелер.

САЛТАНАТ СОҢУНДА
Мааракенин жүрүшүн өзүнчө ак тактыга коюлуп жасалган бийик дөбөдөн Роза Отунбаева, Ахматбек Келдибеков, Өмүрбек Бабанов жана башка бийлик өкүлдөрү көрүп отурушту. Көк бөрүдөгү улакты спикер сатып алып, туулган жерине келгени духу көтөрүлдүбү, айтор, жардамчылары менен кошо эл аралап ат чаап киргени кызык болду.
Андан сырткары театрлаштырылган спектакль коюлуп, Керим Турапов, Салима Балтаева, Асел Турдалиева, Дайыр Исмадияров, Даниель, Гүлжигит Калыков, Алихан, Гүлзада Рыскулова жана башка ырчылар созолонто ырдашты. Эл башчылары ырчылар менен кошо ырдап, элдин маанайы көтөрүлө маараке аяктады.

Гүлжамал Бөрүкулова
lira@super.kg


КУРМАНЖАН ДАТКАнын ЭЛЕСИНЕ ТААЗИМ

Быйылкы жылдын “Курманжан датка” жылы деп жарыяланганы айтылуу Алай ханышасынын урматын мамлекеттик деңгээлде даңазалоого жетишти. Ага таазим катары өлкө аймагында ондогон иш-чаралар өткөрүлүп турган учур.

ДАТКАНЫ ДАГЫ БИР ЭСКЕРҮҮ
Ак боз үйлөр менен көркүн ачкан баш калаабыздагы «Дасмиянын» «Кыргыз айылы» алгач куран окуу менен эшигин ачты. Адам турмушун аруулукка багыттаган дуба кыргыздын чыгааны Курманжан датка менен анын өмүрлүк жолдошу Алымбек датканын арбактарына арналды. Мындай жакшы жөрөлгө белгилүү коомдук ишмер Турусбек Мамашевдин колдоосу менен уюштурулуп, бир катар белгилүү инсандар жана карапайым жарандар катышты.
Эскерүү иши Курманжан энебиздин жаштыгынан бир үзүм театрлаштырылган көрүнүш менен башталып, адаттагыдай арттисттер эмес, эл ичиндеги жөнөкөй таланттар ырдап, бийлеп өнөрүн көрсөтүштү. Албетте, тарыхты чанып кайда бармакпыз? Бүгүнкү бейпил жашоо үчүн бир кезде Курманжан даткадай чыгаандарыбыз каруу оорутуп, кол жооруткан. Муну тамырында кыргыздын каны айланган ар бир атуул билиши милдет экени айтпаса да түшүнүктүү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Курманжан энебиздин асыл сапаттарын даңазалаган сөздөр айтылып, анын элине калтырып кеткен эрдиги менен акылмандыгы эскерилди.

“ӨТКӨНДҮ УНУТПОО – ЫЙЫК МИЛДЕТ”
Кыргыздын тарыхына кайдигер кароону бүгүнкү муундун эң оор илдети деп санаган Турусбек Мамашев төмөндөгүлөрдү белгилейт:
«Бул иш-чаранын негизги максаты – бабаларга таазим кылып, аларды эскерүү, эрдигин даңазалоо. Учурда жер-жерлерде Курманжан энебиздин 200 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип, жалпы кыргыз эли, айрыкча жаштар жаңы дем алып турат».
Датка айымдын арбагына багышталып курмандык чалынып, ак дасторкондон даам таткан соң чогулгандар Курманжан датка менен Алымбек датканын баскан жолун узун сабак сөз кылууга киришти. Саякбай атабыздын айтуусунда «Манас» жаңырып, келгендерди улуу дүйнөгө арбап, руханий жылуулук тартуулап турду.

АКЫРЫНДА АК БАТА
Өлкөнүн келечеги өткөн турмуш менен сөзсүз байланышат. Курманжан датканын ордун бөксөртпөй сактоо – сиз менен биздин гана колубузда, замандаш. “Өзүнүн баркын билбеген өзгөнүн улагасын сагалайт” дейт. Андыктан кайдигерликти таштайлы дагы, келечек үчүн керектүү иштин башын кармайлы.

Автандил Добулбеков
lira@super.kg

 Кыстарылган видео 
Алайдан репортаж - Курманжан даткага 200 жыл.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Akmary
2011-10-17 11:30:34
Курманжан даткадай эл башы чыгар бекен?!
0
Likvidator
2011-10-17 12:18:01
Курманжан энебиздей адам чын эле чыгар бекен? Саясатчыларыбыз энебиздей болуп козу откондон кийин эл жакшы жагыбызды айтып эстесин - деп иш жасаса экен .
0
19zamir87
2011-10-20 20:45:32
Мындай адам бир жаралат...
0
оштук
2011-11-09 00:43:21
Жапалактын кызы,алайдын келини Курманжан энебиздин жасаган эрдиктери кылымдар бою унутулбас чиркин!
0
№ 467, 14-20-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан