ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БИЛЕСИЗБИ?
2011-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанда өспүрүмдөр аралашкан 593 жол кырсыгы катталган. Анда 61 өспүрүм каза болуп, 619у ар түрдүү жаракат алышкан. Ал эми өткөн жылы 4420 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 985 киши көз жумган. Мунун баарына ким күнөөлүү? Албетте, жол эрежесин толук сактабаган айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөр.
АВТОУНАА КЫЙМЫЛЫНЫН ЫЛДАМДЫГЫ ЖАНА ДИСТАНЦИЯ
-
Калктуу пункттарда автоунаа кыймылынын ылдамдыгы саатына 60 чакырымдан ашпашы керек.
-
Ал эми адамдардын кыймылы көп болгон аймактарда саатына 10 чакырым ылдамдыкка чейин гана жүрүүгө уруксат.
-
Шаар ичиндеги негизги жолдордо саатына 40 чакырым ылдамдыктан жогору айдоого тыюу салынат.
КАЛКТУУ ПУНКТТАРДАН СЫРТКАРКЫ ЖОЛДОРДО
Жеңил жана жүк ташуучу автоунаалар 3,5 тонна салмактан ашпаган жүк менен саатына 90, ал эми автомагистралда саатына 110 чакырым ылдамдыкка чейин айдоого уруксат.
Шаар аралык кичиавтобустар жана мотоциклдер бардык жолдордо саатына 90 чакырым ылдамдыктан ашпашы керек.
3,5 тоннадан ашык жүгү бар прицеп чиркеген автобустар, жеңил жана жүк ташуучу унаалар кадимки жолдо саатына 70, ал эми автомагистралда саатына 90 чакырым ылдамдыктан ашырбашы керек.
Автоунаага жаңы отурган айдоочулар 2 жылдык тажрыйба топтогонго чейин кадимки жолдордо жана автомагистралда саатына 70 чакырым ылдамдыкта айдоолору керек.
Жүргүнчүлөрдү ташып бараткан унааларды саатына 60 чакырым ылдамдыктан ашырууга болбойт.
МАИ КЫЗМАТКЕРИНИН ЖӨНГӨ САЛУУ БЕЛГИЛЕРИНИН МААНИСИ
А) Маичи колун эки тарапка сунуп же жөн гана түшүрүп турса:
Оң жана сол капталдагы автоунаалар түз жана оңго бурулуп жүрүүгө уруксат. Жөө жүргүнчүлөр да жолду кесип өтүүгө уруксат.
МАИчинин көкүрөк жана арткы тарабындагы автоунаалардын жүрүүсүнө жана жөө жүргүнчүлөрдүн жолду кесип өтүүсүнө тыюу салынат.

Б) МАИчинин оң колу алдыга сунулган болсо:
Сол тараптагы автоунаалар үчүн бардык тарапка жүрүүгө уруксат.
МАИчинин көкүрөк тарабынан бардык автоунаалар оңго гана бурулуп жүрүүгө уруксат.
Оң капталдагы жана МАИчинин арткы тарабындагы бардык автоунаа кыймылдарына тыюу салынат. Ал эми МАИ кызматкеринин арткы тарабындагы жөө жүргүнчүлөр гана жолду кесип өтүүгө уруксат.

В) МАИчинин колу өйдөгө көтөрүлгөндө:
Бардык тараптагы автоунаа жана жөө жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнө тыюу салынат.

ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗГАНДЫГЫ ҮЧҮН САЛЫНУУЧУ АЙЫП ПУЛДАРДЫН ӨЛЧӨМҮ
МАИ кызматкерине баш ийбеген учурда 1000 сом айып пул же соттун чечими менен 6 айдан 12 айга чейин айдоочулук укугунан ажыратылат.

-
Техникалык абалы талапка жооп бербеген унааны айдоо – 200 сом.
-
Каттоосу жок унааны айдоо – 500-1000 сом. Машина унаа токтотуучу жайга коюлуп, номери чечилет.
-
Унаанын номеринин бирөөсү жок болсо – 300 сом. Машина унаа токтотуучу жайга коюлуп, номери чечилет.
-
Унаага жасалма номер тагуу – 1000 сом. Машина унаа токтотуучу жайга коюлуп, номери чечилет.
-
Номердеги мамлекеттик белгилерди бузуу (желекти тешүү) – 100 сомго чейин.
-
Техникалык кароодон өткөрбөй айдоо – 300 сом.
-
Нормадан ашыкча жүргүнчү салууга – 500-1000 сом.
-
Алдыңкы терезесин караңгылатса (тонировка) – 300 сом. Караңгылатуучу плёнка сыйрылып, машина унаа токтотуучу жайга коюлуп, номери чечилет.
-
Жол эрежелеринде талап кылынган белгилерди аткарбоо, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү бөлүктөгү эрежени бузуу – 300 сом.
-
Темир жол өтмөлөрүндөгү эрежелерди бузуу – 500 сом. Эгер экинчи ирет кайталанса – 1000 сом же 6 айдан 12 айга чейин айдоочулук укугунан ажыратуу.
-
Соттун чечими менен.
-
Автоунааны күбөлүгү жок айдоо – 500 сом. Унаа ээсине – 300 сом. Машина унаа токтотуучу жайга коюлуп, номери чечилет.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Кобойтуш керек штрафты!!!
Штрафты кобойтпой азайтуу керек! Кочолорго камера коюу керек. Бул акчанын баары мамлекетке тушсо жакшы го, кобу МАИ кызматкерлеринин чонтогуно тушот.
Jok tuugandar ekoon ten atkarysh kerek go deim.Kyiyndarga 1000-1500som degen ech nerse dele emes da.A jonokoi ele jarandar aiyp akchasynyn koptugunon jol erejesin kop buzbait dep oiloim.Misaly men takyr buzbaim.
Штрафты которуу керек, себеби, бизде опкосу шамалдаган "шумахерлер" кобойгон, правасы фальшивый, окубай туруп эле сатып алгандар. Мына ошолордун сазайын берип тартипке салуу керек жана бул учурда МАИчилер да туура иштоосу абзел, акчаны карманга урбай, кудайдан коркуп дегендей. Мына ошондо жыйынтык болот, а так пайда жок!
Штрафты кобойтуш керек себеби кыргызстандын элдин санынан техниканын саны коп.Праваны 50% сатып алган айдоочулар и жол эрежесин билбейт.