АКСАК ВАНЯ

Жомоктор дүйнөсүндө

Илгери-илгери Ваня аттуу абышка жашаптыр. Ал сол бутунан аксап баскандыктан, аны көчөдөгү балдар дайыма артынан туурап басып, “Ваня аксак, Ваня аксак, күлкүнү келтирген акмак” деп ырдашчу экен. “Кичине балдарга теңелбей эле коёюн, чоңойсо түшүнүшөр” деген менен, балдар кээде жанына келип түртүп кетишчү да болот.
Күн сайын балдардын мындай шылдың ырын уга берип бир күнү абышканын аябай жини келет да, аларды кууп жөнөйт. Чуркап баратып жыгылып кетет. Буту катуу ооруп калгандыктан, жерден таш алып балдарды уруп калат. Таш биринин чекесине тийип, шишип чыгат.
– Ата-а, мени Ваня чал таш менен урду!- деп бала атасына даттанып ыйлап барат.
– Сени таш менен урганга кандай акысы бар экен?!- деп атасы аксак абышканы сотко берип, акмагын чыгарат.
Сот да Ваня аксакалды күнөө­лөп, каматууну туура көрөт.

(Уландысы кийинки санда)

Чолпон Сүйүнбаева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 467, 14-20-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан