Ар бир тасмада башкы каармандын образын жараткан актёр болот эмеспи. Ошол негизги ролду ачып берген актёрдун образы көрүүчүлөрдүн өзгөчө эсинде калары анык. Учурда ити чөп жеп, популярдуулуктун чокусун багындырган актёрлорго кайсы тасма атак алып келгендиги тууралуу сөз кылмакчыбыз.
ВИН ДИЗЕЛДИН 2 МИЛЛИОН ДОЛЛАР ГОНОРАРЫ
Кең далылуу, спорттук чымыр дене түзүлүшү жана жылтыраган таз башы менен кыздардын кыялына айланган белгилүү актёр Вин Дизелди “Форсаж” тасмасында аткарган ролу аркылуу көпчүлүк таанышат. Аталган фильмде актёр ылдамдыкты сүйгөн көчө жарышчылар тобунун башчысы, эр жүрөк жигит Доминик Тореттонун образын мыкты ачып бере алганын эч ким танбайт болушу керек.
Вин фильмге тартылуу үчүн каскадёрлор мектебинин атайын даярдыгынан өткөн. Фильм сатыкта ийгиликтүү болуп, актёр алгачкы жолу миллионду чапчыган гонорар алган. Вин Дизель “Форсаждын” биринчи, төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндө негизги каармандын ролун жараткан. Ал эми экинчи жана үчүнчү бөлүмүнө актёрдун тартылбай калышынын себебин анын гонорары менен байланыштырышат. Анткени режиссёрлор “Дизелдин катышуусу эмес, фильмге көп сандагы учу-кыйыры жок машиналар ийгилик алып келет” деп эсептешкендиктен, анын ролу үчүн аз суммадагы акча сунуш кылышкан.
Вин 2002-жылы 30-апрелде расмий түрдө фильмге катышуудан баш тарткан. Ал актёрлук менен гана тим болбостон, продюсер, режиссёр жана сценарист катары эмгектенип келет.
Чыныгы атасын актёр билбейт. Бирок канында немис, итальян, ирланд, мексика жана доминикандыктардын аралашмасы бар экени айтылып келет. Актёрдун улуту басылмаларда активдүү талаш-тартышты жаратканы бар. Учурда 44 жашта. Жеке жашоосунда “Форсаж” тасмасына чогуу тартылган актриса Мишель Родригес менен кыз-жигит болуп жүрүп, бир нече айдан соң кол үзүшкөн. Андан соң чехиялык модель Павла Харбкова менен жылуу мамиледе болуп, бирок актёрдун убактысынын тардыгынан улам ажырашышкан. Анын учурдагы сүйүктүүсү, 28 жаштагы мексикалык фотомодель Палома Хименес актёрго 2008-жылдын 2-апрелинде уул, 2010-жылдын сентябрь айында кыз төрөп берип, аталык бакытты белек кылган.
ЖОННИ ДЕПП – ПЛАНЕТАНЫН ЭҢ БАЙ АКТЁРУ
“Кариб деңизинин каракчылары” тасмасын Жонни Деппсиз элестетүү кыйын. Анткени шектүү, митаам, шылуун, өзүнчө эле укмуштуу окуяларга кабылганды жакшы көргөн, харизмасы күч капитан Жек Воробейдин образын ачып берүү ар бир эле актёрдун колунан келе бербесе керек.
Депп тасманын төрт бөлүгү үчүн 350 миллион доллар гонорар алып, кинематографиянын тарыхында эң көп акы төлөнгөн актёр болуп калган.
Актёр журналисттердин «сиз өзүңүздү Жек Воробейдин ролу үчүн жаралгандай сезбейсизби?» деген суроосуна: «Биринчиден, бул роль мага көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди. Негизинен, чыныгы жашоодо көрсөтө албаган кызыктуу, күлкүлүү жоруктарды тасмада аткарууга жол ачылды. Каракчы эч качан жакшы адам болушу керек эмес. Жакшы каракчы болсоң, заматта борттон ыргыйсың. Жектин негизги милдети – кандай гана абал болбосун, ыгын таап, куулук менен чыгып кетүү»,- деп жооп берет. Депп аталган ролу үчүн 2004-жылы «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлгөн.
ТҮБӨЛҮК “СУЛУУ БИЙКЕЧ”
Ал сулуу, таланттуу жана табиятынан жөнөкөй адам, ошондой эле “Оскар” сыйлыгынын ээси. Ким дейсизби? Албетте түбөлүк “сулуу бийкеч” Жулия Робертс. Ооба, актрисага атак алып келген “Сулуу бийкеч” тасмасы мезгилдин хит кинолорунун катарын толуктайт. Фильмдеги анын “фирменный” жылмаюусуна ашык болгон мырзалардын саны канча?!
Алгач фильм “3 000 доллар” деп аталган. Анткени бизнесмен ошончо суммадагы акчаны бир түндүк сойкунун кызматына төлөмөк. Кийин фильмдин аталышы “Сулуу бийкеч” болуп өзгөргөн. Бизнесмендин ролун жараткан Ричард Гир менен сойкунун образын ачып берген актриса Жулия Робертске аталган тасма кино дүйнөсүндө “жарк” деп жанууга өбөлгө болгон.
1990-жыл. Жулиянын атактуулуктун туу чокусунда турган кези. Бул учурда анын Кифер Сазерлэнд, Мэттью Перри жана Бенжамин Брэтт менен сүйүү романдары болгон.
Биринчи никеси актёр Лайл Ловетт менен эки жылга жетпей ажырашып кеткен.
2002-жылы оператор Дэниэл Модерге турмушка чыгып, 2004-жылы эгиз кыздуу, ал эми 2007-жылы эркек балалуу болгон.
БИР СААТТЫН ИЧИНДЕ ЖЫЛДЫЗ БОЛГОН КЕЙТ УИНСЛЕТ
“Титаник” фильминде жараткан Розанын кайталангыс образынан кийин англиялык актриса Кейт Уинслеттин жылдызы өзгөчө жанган. “Титаник” тарыхта эң көп каражат топтогон тасма катары лидерликти 12 жылдан кийин гана “Аватар” фильмине бошотуп бергени баарыбызга маалым. Кейт аталган фильмдеги ролду алуу үчүн кастингден 15 талапкердин ичинен озуп чыккан. Аталган тасма “Оскар” сыйлыгынын 14 наамына көрсөтүлүп, анын 11 наамын жеңип, фильмдеги актёрлор Кейт Уинслет менен Леонардо Ди Каприонун популярдуулугун арттырган.
Кейт Уинслет 30 жашка чейин үч жолу “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлгөнү үчүн “Гиннес рекорддор китебине” киргизилген.
Режиссёрдун ассистенти Жим Триплтондон Миа аттуу кызы, режиссёр Сем Мендестен 5 жаштагы Жо деген уулу бар. Эске салсак, Сем менен актриса 2003-жылы баш кошуп, 2010-жылы ажырашкан.
ЭРОТИКАЛЫК РОЛДОРДОН ТАЖАГАН ШЭРОН СТОУН
“Негизги туюм” аттуу эротикалык мелодрамада жазуучу Кэтрин Трэмеллдин образындагы актриса Шэрон Стоун бийик актёрдук чеберчилиги менен тасмага көрк кошкон. Айрыкча полиция участогунда сурак берип жатып, тергөөчүлөрдү сексуалдуу кыймылдары менен азгырып жаткандагы эпизод мактоого арзыйт. Сексуалдуулугу жана акылдуулугу менен эркектерди торуна илген Шэрондун талантын режиссёрлор ошондо байкашкан. Бул тасма анын репутациясына терс таасирин тийгизген. Себеби режиссёрлор актрисага эротикалыктан башка роль сунуштабай калышкан. Секс-жырткыч деген лакап аттан арылуу үчүн ал бир нече олуттуу долбоорлорго катышкан. Бирок күйөрмандары аны эротикалык фильмдери аркылуу гана билерин кийин түшүнгөн.
Учурда 53 жаштагы Шэрон 10 айында сүйлөп, 4 жашында окуганды үйрөнүп, 5 жашында мектепке барган. 15 жашында университетке тапшырат. Акылдуу актриса эки жолу нике шакек тагынган. Учурда башы бош. 11, 6 жана 5 жаштагы үч эркек бакма балдары бар.
ОШОНДОЙ ЭЛЕ...
“Күүгүм” тасмасынан Роберт Паттинсон,
“Терминатор” фильминен Арнольд Шварценеггер,
“Рэмбо” тасмасынан Сильвестр Сталлоне,
“Жамандыктын ордосу” тасмасынан Мила Йовович,
“Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен” фильминен Барбара Брыльска атак алышкан.
Лунара Бекиева
kino@super.kg