Жакшы көркөм фильм жаратууда сөзсүз эле болгон окуя болгондой баяндалбайт. Тасманы көрккө чыгаруу максатында бир чымчым болсо да фантазия, калп кошулат. Көптөгөн тасмаларды жаратып, элди сүйүнтүп келген Эрнест Абдыжапаровдун калпка кандай экенин байкап көрөлү дедик.
Аялыңыздан чындыкты жашырган учурларыңыз барбы?
Эрнест Абдыжапаров: Ооба.
Калп тапкыч: Ооба.
Комментарий: – Албетте, мындай учурлар болгон. Биринчи жолу «Дианетика» деген китеп тууралуу угуп, кымбатына карабай сатып алып, жашынып алып окугам. Чынында, ошол кезде үйдө каражат жагынан абалыбыз аябай начар эле. Эгерде үйдөгүлөргө айтсам, «ушунун ордуна нан алсаң боло» деген сөздөр чыкмак да. Мына ушул сыяктуу менин өзүмө керек нерселерди келинчегиме айтпай жасаган учурлар болгон.
Жетпей калган сүйүүңүз болду беле?
Э.А: Ооба.
Калп тапкыч: Ооба.
Комментарий: – Көп эле болгон. Тартынчаак, уялчаак элем, кыздар менен сүйлөшө алчу эмесмин. Сыртынан сүйүп жүрө берчүмүн. Канча кыздар менин сүйүүмдү билбей кала беришти. Бул эми боз улан кезде. Үй-бүлөлүү кезде деле жүрөк козголткон сезимдер болбой койбойт. Бирок туура эмес иш экенин билип, өзүңдү кармайсың. Сезимдердин артынан сая түшкөн учурлар болгон эмес.
Кыздар менен саунага барасызбы?
Э.А: Жок.
Калп тапкыч: Жок.
Экинчи аял алуу ниетиңиз барбы?
Э.А: Жок.
Калп тапкыч: Жок.
Комментарий: – “Без комментариев”.
Өтө көп суммадагы акча сунушталса, жашоодогу принцибиңизден аттап өтө аласызбы?
Э.А: Жок.
Калп тапкыч: Жок.
Сараңсызбы?
Э.А: Жок.
Калп тапкыч: Жок.
Комментарий: – Бул суроо берилгенде сараңдык менен сарамжалдуулукту чаташтырып алдым. Сараң эмесмин, бирок сарамжалдуумун.
“Оскар” сыйлыгын алууга пландарыңыз барбы?
Э.А: Ооба.
Калп тапкыч: Ооба.
Комментарий: – Алгач “жок” деп жооп берейин деп ойлодум. Бирок “Оскар” сыйлыгына татыктуу тасма тарткым келет. Ошол себептен ички дүйнөмдөгү кыялдарымда бар экенин билип “ооба” дедим, өзүмдү алдагым келбеди.
Шайлоого барасызбы?
Э.А: Ооба.
Калп тапкыч: Ооба.
Комментарий: – Барам, бирок “шайлоо кандай өтөт болду экен?” деген кооптонуу менен.
Байсызбы?
Э.А: Жок.
Калп тапкыч: Жок.
Комментарий: – Бүгүнкү түшүнүк менен айтылган байлардын катарына кирбейм. Анткени байлыкты мен пир тутпайм.
Чоң суммадагы акча айланган баңгизат бизнесине сунуш түшсө аралашат белеңиз?
Э.А: Жок.
Калп тапкыч: Жок.
Комментарий: – Тескерисинче, ошол баңгизатына каршы маанидеги тасма тартып жатабыз.
Үйдөгү сынып калган отургучту оңдой аласызбы?
ЭА: Ооба.
Калп тапкыч: Ооба.
Комментарий: – Студент кезде курулуш отряддарында көп иштедим. Эмгек китепчемде «Экинчи разряддагы жыгач уста», «Бетончу» деп жазылган. Убагында өз колум менен чакан үй да салгам.
Таланты жок кызды сулуулугу үчүн тасмага тарта алат белеңиз?
Э.А: Жок.
Калп тапкыч: Жок.
Комментарий: – Бир көргөндө “ах-х!” деп жиберчү кыздар бар. Бирок сырты сулуу, ичи көңдөйлөр тасмада баары бир билинип, тасманы бузуп салышы мүмкүн. Кол алдыбыздан кандай гана сулуу кыздар өтпөйт (күлүп), “тасмага тартылат элем” деп. Тасмага талант керек.
Сиздин таржымалыңызда төшөк аркылуу роль алгандар болду беле?
Э.А: Жок.
Калп тапкыч: Жок.
Мусулмансызбы?
Э.А: Ооба.
Калп тапкыч: Ооба (жооп берүүдө кичине толкундануу байкалды).
Комментарий: – «Мусулман» деген сөз бул – «Кудайдын алдында таза» дегенди түшүндүрөт. Ал эми намазга жыгылуу бул – пенделер ойлоп чыгарган шарияттын жол-жоболору. «Шарият» деген сөз кыргызча эле. Бул «шарт» дегенди түшүндүрөт. «Бул нерсени аткарсаң бейишке барасың» деген эле түшүнүк. Бул – ультиматум. Кудай адамга эч качан ультиматум койбойт.
“Манас” эпосун толук окуп чыктыңыз беле?
Э.А: Ооба.
Калп тапкыч: Ооба.Ырдап да жүрөсүз. Сизди таланттуу ырчы деп эсептесе болобу?
Э.А: Жок.
Калп тапкыч: Жок.
Жыйынтык комментарий: – Буга чейин «калп тапкыч деген неме кандай болду экен?» деген кызыгуу бар болчу, менде. Эми бул нерседен өзүм өттүм. Көп толкунданган жокмун, болгону, «ушул аппараттын бир нерсеси иштебей калып уят болуп калбасам экен» деп отурдум.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg