АРСЕН ЭМИ ЖӨӨ ЖҮРБӨЙТ

10-октябрда Эдил аттуу жеке ишкер жайында грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугун жеңип алган, келечектен көптү үмүттөндүргөн балбан Арсен Эралиевге темир аргымак мингизди. “Бул кадамым өсүп келе жаткан муундарга стимул, спортко кош көңүл караган чоңдорго үлгү болсун”,- деди Эдил мырза белекти тапшырып жатып. Ал эми Арсен ага ыраазычылык билдирип: “Мындай көрүнүштөр, албетте, бийиктикке умтултат. Бир кезде Канат Бегалиевдин эмгеги бааланып, машина алып жатышканда абдан шыктангам”,- деди.
Эдил мырза тууралуу айтсак, ал 29 жашта, Көлдүн кулуну. 2007-жылдан тарта Гонконгдо жеке ишкерлик менен алектенет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Likvidator
2011-10-17 13:33:15
Эдил азамат экен . КЫРГЫЗ спортун онуктурууго ушундай адамдар туртку болот. Арсен да копту умуттондургон балбандарыбыздын бири .
0
jazz007
2011-10-17 13:41:04
Likvidator Мен да сага кошулам.Кыргызстанда силердей азамат эр жигиттерибиз кобойо берсин!
0
Asus84
2011-10-18 09:29:53
мени коргоп журсун деп алып берип койгонго, ийгилик эмнеси болсо да
0
pupsik_asia
2011-10-20 08:45:40
Бизден дагы чыксынчы спорттон женген балдар,бул да болсо кыргызстандын онугуп келе жатканы
0
sali.chika
2011-10-20 11:33:31
Азамасын Эдил ИШИНЕ ИЙГИЛИК!
0
jolmart
2011-10-24 02:13:37
Дубайдагы кызга да жардам берип койгулачы байболгурлар.
0
asil-08
2011-10-24 09:02:52
jolmart туура айтасын азыркы биздин чиновниктер ошол кызга жардам берип койгулачы сооп учун менде акча болгондо жаным менен жардам бермекмин
0
№ 467, 14-20-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан