10-октябрда Баку шаарында "Лондон-2012ге" жолдомо ойнотулган Дүйнө биринчилиги аяктады. Ага дүйнөнүн 126 өлкөсүнөн 716 мушкер катышып, AIBA`нын (Бокс сүйүүчүлөрдүн эл аралык ассоциациясы) тарыхында рекорддук көрсөткүч катталды. Ага өлкөбүздөн 9 мушкер аттанып, алардын бешөө: Асылбек Назаралиев (49 килограмм салмакта), Азат Үсөналиев (52), Өмүрбек Малабеков (56), Эрмек Сакенов (64), Асайдулло Баймурадов (69), Чингис Борбашев (81), Сергей Скляровдор (91) биринчи эле айлампада утулуп калышты.
Сыймык Абдылдабек уулу (60) жана Ислам Далибаев (75) экинчи айлампада мелдештен четтешсе, Өмүрбек Малабеков үчүнчү айлампада жеңилип, жолдомого бир кадам жетпей калды. Ошентип, мушкерлерибиз да балбандардын кейпин кийди. Ал эми коңшу өлкөлөрдүн ичинен Казакстан 6 медаль алды.