Бүгүн бизде конокто – Анна Курникова. Анянын теннисчи же модель экенин ажыратып билбегендер бар. Айрымдар аны атактуу ырчы Энрике Иглесиастын жүрөгүн багындырган бийкеч катары таанышат. Элиталык кечелердин ханышасы болгон Курникова учурда ашыкча басканын токтотуп, эне болуу бактысын күтүп жаткан кези.
КУРНИКОВА АННА СЕРГЕЕВНА
Туулган жылы – 1981-жыл, 7-июнь.
Туулган жери – Москва шаары.
Бою – 173 см, салмагы – 56 кг.
Лакап аты – АК.
Чоң шлем түркүмүнө кирген Австралиянын Ачык чемпиондугун Мартина Хингис менен жуптукта эки ирет жеңип алган (1999, 2000-жылдары).
Хоббиси – Дүкөн кыдыруу, чет тилдерин изилдөө жана кулинария.
6 жылдык профессионалдык карьерасында чоң теннистен 3 миллион 584 миң 662 доллар иштеп тапкан.
Англис, итальян, испан тилдерин билет. Француз тилин үйрөнүп жатат. АКШнын жана Орусиянын жараны.
Бойдок. АКШнын Флорида штатында жашайт.
АННА КОРТТО...
"Алма сабагынан алыс түшпөйт” дейт эмеспи. Аннанын спорт жолуна ыктап кетери ал бойго бүткөндө эле белгилүү болчу. Анткени ал теннис боюнча машыктыруучу Алла менен профессионал балбан Сергейдин жалгыз кызы. Кызын 5 жашында теннис менен тааныштырган апасы 1993-жылы Аняны алып Америкага көчүп, аны таланттардын уясы болгон айтылуу Нико Больеттеринин теннис академиясына берген.
Анна 14 жашында профессионал теннисчиге айланып, Федерациялар кубогунда Орусия курама командасынын намысын коргой баштайт. Анда жеңишке жетишип, “Мелдештин эң жаш катышуучусу жана жеңүүчүсү” аталган. 1999-жылы жана 2000-жылдары Мартина Хингис менен биргеликте Чоң шлем түркүмүндөгү Австралиянын Ачык биринчилигин жуптукта удаасы менен утат. 2003-жылы алган жаракатынан улам спорттогу чыйырына чекит коёт. Ал теннисте шериги жок бир дагы беделдүү мелдешти уткан эмес. Андыктан анын бул жеңиштери көпчүлүктү таңдандырган.
Ошентип, Аннанын кыска, жеңишсиз карьерасы күйөрмандардын эсинде калбаса да, карта оюнунда чагылдырылып калды. “Покер” оюнунда туз жана падышадан түзүлгөн айкалыштык бар. Ал кыскача АК, каймана түрдө “Анна Курникова” деген атка конгон. Карта оюнундагы бул айкалыштык кооз көрүнгөнү менен, аз утат. Кудум Анна Курниковадай.
СҮЙҮҮДӨ...
Спорт ааламынан кетсе да, жеке жашоосунда испаниялык ырчы Энрике Иглесиас менен мамиле курушу анын аброюн аксаткан жок. Экөө 2002-жылы Иглесиастын “Escape” (“Качуу”) ырына клип тартуу маалында таанышышкан. Клипте Анна Энрикенин сүйүктүүсүнүн ролун жаратып, ал сүйүү жашоонун чындыгына айланган. Серепчилердин “сүйүү романы көпкө узабайт, Энрике Аннаны таштайт” деген сөздөрү шоона эшпей, мамиленин өмүрү 9 жылга созулуп, учурда экөө наристе күтүшүүдө. Башында дүйнөлүк басылмалардын бири ажырашканын кабарласа, дагы бири аны төгүнгө чыгарчу. Эң негизгиси, алар коомчулукка сүйүү бар экенин даңазалай алышты. Учурда жарандык никеде жашашат. “Анна экөөбүздүн мамилебиз – менин жашоомдогу бирден-бир олуттуу байланыш. Андыктан мен аны кадырлайм”,- дейт Энрике. А Анна түгөйүнүн бат тил табышып кетүүчүлүк жөндөмүн жана жакшы сырдаш экенин баалап, чыгармачылыгын колдойт.
Буга чейин пиар үчүн “Анна кош бойлуу” деген маалымат тарап, дээрлик 9 жылдан бери айтылып келген. Бул жолу анын кош бойлуу экени айкын болду. Анна ырчы мырзасына мураскор тартуулоо кыялы бар экенин айтса, Энрикенин “Анна төрөп берсе, мен анык христиан катары ага үйлөнөм” дегени бар.
Теннисчи Энрикеге чейин орусиялык хоккейчи Сергей Фёдоров менен бүлө курган. Бирок майда чыр-чатактардан улам ажырашып тынышкан. Ал эми Сергейге чейин анын колун дагы бир хоккейчи Павел Буре кармап жүргөнү айтылат.
БИЗНЕС-ЛЕДИ
Аннанын спортту таштоосу анын көңүл ачуу индустриясында жана жарнамалык бизнес тармагында жолун ачкан. Теннистен кетер жылы жыл ичинде Анна жарнамадан 15 миллион доллар иштеп тапкан. Ал эми жыл бою катышкан мелдештеринен сыйлык фонду 40 миң гана долларды түзгөн. Демек, анын тенниске хобби катары карап, жарнама менен олуттуу алектенгени түшүнүктүү болсо керек. Ал “Adidas”, “Berlei”, “Yonex”, “Omega”, “K-Swiss”, “Lycos” интернет-порталдары менен жарнамалык негизде иштешет. Карьерасын аяктаган соң жарнамалык сунуштар дээрлик тыйылып, акчаны баягыдай чоң өлчөмдө кармабаса да, канааттандырарлык сумма табат.
Курникова “People” басылмасы тарабынан 1998, 2000, 2002, 2003-жылдары дүйнөнүн эң сулуу 50 адамынын ичине киргизилген. 2002-жылы “FHM” журналынын окурмандарынын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо ал эң сексуалдуу 100 айымдан турган тизмени жетектеген. Учурда көрсөтмө жана кайрымдуулук оюндарынын активдүү катышуучусу.
БИЗДИН АЙША, ОЙ, АННА
Анна – анекдоттордун да каарманы. Анын теннисчиге караганда башка образда кеңири таанымал экенин төмөнкү икаялардан билсеңиз болот.
1. Орусиялык порножылдыз Анна Курникова, көрсө, теннис да ойнойт экен.
2. Күн ачык. Кезектеги теннистик беттеш башталганы турат. Эл теннисчи айымдарды күтүп отурушат. Мына, кортко Анна Курникова чыгып келди. Сумкасын койду. Ракеткасын кабынан алып чыкты. Чапанын чечти. Кофтасын чечип баштады. Вау, биз бүгүн теннис көрөбүзбү же?..
3. Анна Курникованын чоң спортко кайтып келери маалым болду. Алгач ал көргөзмөлүү оюндарга катышмай болуптур. Бирок эмне көргөзөрү азырынча белгисиз...
4. Сенсация! Курникова папарацциге кабылды! Фотокабарчылар Аннанын теннис ойноп жаткан жеринен сүрөткө тартып алышыптыр.
5. Букмекердик кеңселердин бири байгелерди кабыл ала баштаптыр, Анна Курникова карьерасында жок дегенде бир беделдүү мелдешти утат деп.
6. Журналисттин суроосу (маанисин бузбаш үчүн которбой орусча берилди):
– Скажите, Вы, случайно не БУРЕменны?
7. Анна Курникова – Павел Буренин жаңы клюшкасы!
8. Аннаны машыктыруучу урушуп жатат:
– Бул экинчи кайталанбасын! Кулагыңа түйүп ал...
– Кечириңиз, анте албайм. Кулагымды жарнама үчүн сатып жибергем.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg