КОРКУНУЧТУУ КЕЙИПКЕР АМРИШ ПУРИ

БАШ СӨЗ ОРДУНА
Бир күнү кошуна кыз экөөбүз индия киносун көрүп отуруп Жимиге боорубуз ачып, Жимини кордоп жаткан "Кекени" сөз менен сабап, бирибиз ыйлап, экинчибиз сыналгыны тиктеп отурабыз. Сырттан кирген апам “киного да ушунча болосуңарбы? Ал деген актёр, жашоодо андай эмес” деп секелек кыздарды жайгарган. Мына ошондой кызыгуу жараткан Индиянын кинолору береги Американын боевиги менен корей сериалдары каптагандан баштап басаңдады.
Бир кез болгон, атайын кинотеатрларга барып индия киносун калтырбай көрүп, көз жаш төккөн. Бир мезгил болгон, баары кинодогу оң каарманга боор ачып, терс каарманды жеп ийчүдөй жаман көргөн. Бүгүн биз индия киносуна бет алып, тасмаларда дээрлик терс каармандын ролун ойногон коркунучтуу, мыкаачы, террорчу, баш кесер, зулум атка конгон Амриш Лал Пуринин өмүр таржымалын баяндайбыз.

КЫРК ЖАШЫНДА АКТЁРЛУКТУ ОЙЛОГОН
Амриш Лал Пури 1932-жылы 22-июнда Индиянын Пенжаб штатынын Жаландхар шаарында төрөлгөн. Ата-энеси орто турмушта жашап, 5 баланы тарбиялап өстүрүшөт. Амриштин бир туугандары таланттуу, чыгармачылыкка баш-оту менен киришкен адамдар болгон. Башкаларын айтпаганда да 400дөн ашуун фильмге тартылган Мадан Пури аттуу агасын атап өтсөк болот. Амриш физика, химия сабактарынан сырткары мектепте активдүүлүгүн көрсөтүп, ар кандай чыгармачылык кечелерден калчу эмес. 14 жашында Жаштар кыймылына кошулуп, Жаштар партиясына мүчө болуп кирген. Жогорку окуу жайдан экономика жана саясат факультетин окуп бүтүрөт.
Каарманыбыз кырчындай кер мурут чагын Индиянын Эмгек министрлигинде иштеп өткөрөт. 20 жылга жакын убакытта Эмгек министрлигинде кызмат өтөп, баары бир курсак байлаган чиновникке айлана албасын билип, 38 жашында өнөр өргөөсүнө ыктап кетет. Кино тармагы Амришти “келе гой” деп күтүп турган эмес. Барган жеринен “жарабайсың, келбетиң, жашың туура келбейт” деген сөздү уккан Пури театрга баш багат.
Ошентип, 7 жыл спектаклдерде роль жаратып жүрөт. Спектаклден анын ойногон образын көргөндө гана фильмдерге чакыра башташкан. Алгачкы жолу “Сүйүү жана согуш” тасмасында роль жараткан. Мына ушул фильмден баштап Амриш бир фильмде карыган чалды келиштире аткарса, экинчисинде каардуу кишинин образын чагылдырып аты белгилүү болот. Индиянын эң белгилүү фильмдерин тарткан режиссёр Амриштин өзүнүн фильмдерине, терс каармандын ролуна чакырып, аягында аны каардуу, мыкаачы каарманга айлантып алат. Көрөрмандар да Амришти көп фильмден издеп калышат. Баарыбыз билген муштуму тийип-тие электе “быдышк” деп урмай-тепмей, коркунучтуу көз караш менен жекирген, каргылданган үн менен коркутуу сыяктуу мүнөздөгү терс каармандын ролун Амриш Пури гана катыра ойноп, киного көрк кошот.

"БАШ КЕСЕРДИН РОЛУНДА КАТЫП КАЛГАМ"
Амриш кино айдыңына келип калганын минтип түшүндүрүп:
“Ооба, убагында мага эч ким жардам бере албады. Ал гана эмес, ошол оң, терс каарманды ойноп, жүзү бүткүл журтка таанылган бир боорум Мадан да көмөк бере албас эле. Анткени адам баарына өзү аракет кылыш керек экен. 40ка чыкканда киного келдим, мени миллиондогон көздөр карашты. “Кандай карады?” дебейсизби, “ай, ушул желмогуз, мыкаачы, баш кесер, бандит” деп наалып отуруп көрүштү мен тартылган тасманы. Ошол убакта ой болгон, “мен деле мүнөзү жоош, оң ролду аткарсам” деген. Бирок ал оюмдан кайттым, анткени менин үнүмдү, көз карашымды, кинодогу кулк-мүнөзүмдү эл беш колундай билип калган. Миң ийилип, мыкты адамдын ролун аткарганга далбас урбайын, мен баягы баш кесердин ролунда катып калгам. Бирок бир нерсени айта алам, актёр терс каармандын ролун ойноп болсо да, ошол аткарган ролун мүдөөсүнө жеткирип, анан өлүш керек. Мен ошондой ролумду аткардым, профессионалмын”,- деп өзүнө жогору баа берип, сындай да, сыйлай да алган.

“АМРИШТЕН ӨТКӨН СҮЙҮКТҮҮ ТЕРС КААРМАНЫМ ЖОК”
1957-жыл. 25 жаш курагында Амриш ашыктык отуна кабылат. Индияда каста деген бар эмеспи, актёрдун ата-энеси кыз башка кастадан болгондуктан, келинин кабыл албай кыйла кыйылышат. Бирок уулунун тандоосуна каршылык көрсөтпөй, Умрила менен Амришке бакыт каалашат. Умрила Дивекар актёрго бир уул, бир кыз төрөп берген.
Индияда актёрдук кесип атадан балага, жадакалса келинге да өткөн салтка айланган. Бирок бул адат Амриштин үй-бүлөсүндө жокко эсе. Кызы Намрата бир жолу гана киного тартылган болсо, уулу Раджив кинодон алыс. Актёрдун өзүнүн берген интервьюларында: “Мен өзүм кеч келдим киного. Анан баламды актёр бол деп айтпайм, эртеңки келечегиң үчүн күрөш деп айтам. Кызым менин сөзүмдү айттырбай түшүнүп, азыр сүйүктүү жар, мээримдүү эне болду”,- деп айтканы бар.
Чыгармачыл жаатта Пуриге сындар да айтылып, сыйлыктар да берилген. Амришти индия киносунан көргөн Голливуд режиссёру Стивен Спилберг 1984-жылы өзүнүн “Индиана Жонс жана тагдырлар храмы” (“Индиана Жонс и Храмы судьбы”) тасмасына терс каармандын ролун жаратууга чакырат. Амриш бул тасмага тартылып жаткан учурда аны менен катар 18 фильмге катышып, жөн эле чачырап кеткендигин кино дүйнөсүндөгүлөр көп айтышат. Режиссёр Спилберг: “Амриш – менин сүйүктүү терс каарманым, дүйнөдө андан өткөн сүйүктүү каарманым жок жана эч качан болбойт дагы”,- деп актёрлук чеберчилигине өтө жогору баа берген.

ШЛЯПАНЫН ТҮРҮН КОЛЛЕКЦИЯЛАЧУ
Амриш Пурини тасма талаасында коркунучтуу кейипкер катары гримдеп салганда кээде чыгармачыл топ анын сүрүнөн коркуп болсо да айтканын айткандай жасашчу экен. Амриш тасмада өзүнө канааттандырарлык ойнобосо, башкаларды да кыйнап ийине жеткире аткарганга дайыма шыктантканын кесиптештери эскеришет. Пури кинодо мыкаачынын образында болгону менен, чыныгы жашоодо юморго өтө жакын адам болгон. Дайыма шляпанын түрүн кийип, аны чогултканды жактырган. 200дөн ашуун түрдүү түстөгү шляпалар Амриштин гардеробунда дайыма турчу.
Ал өзүнүн жашоосу тууралуу: “Бактыма жараша, менин турмушумда кыйынчылык, көз жаш куюлтчу оор күндөр болбоду. Кыйналган адамдарды көрүп туруп Кудайга миң мертебе ыраазы боломун”,- деген. Амриш өзү айткандай, “мыкты актёр” атка конуп, анан 73 жашында көз жумган. Өзүнүн өмүр таржымалы жана кино боюнча экскерүү китебин баштап, аягына чыкпай, оор операциядан соң мээсине кан куюлуп 2005-жылы 12-январда дүйнө салган. Бир нече киного тартылууга да макулдугун берген экен, бирок ал тасмаларга тартылууга жетишпей калган. Уулу Раджиб атасынын керээзин аткарып, китебин чыгарган.

“АЛ АЯЛЫН, АНАН КЫЗЫН ГАНА СҮЙДҮ”
Тасма кээ бир актёр менен актрисаларды жакындатып, ал тургай үй-бүлөсүн да бузуп ийген учурлары кездешет эмеспи. Амриш сүйүү деп үй-бүлөсүнөн ажыраган эмес. Бир ирет актриса Шабана Азми менен “Түн аягы” (“Конец ночи”) аттуу фильмде бирге роль жаратып калат. Шабана актёрдун көзү өткөндө гана журналисттерге ортосундагы ыйык махабат тууралуу мындайча баяндаган:
“Карт жарамды айра тырмап болсо да айтууга мажбурмун. Ооба, жалындаган жаштык кез, ысык махабат өчтү. Жүрөктүн дарты деле айыкты. Бирок менин Амриш тууралуу айтчу сөзүм узун. Амриш менен 5 жыл бирге жүрдүк. Алгач таанышканыбыз да эсимде. Мен анда Кинематография институтун аяктап келген жаш актрисамын. Амриш болсо кырктан ашкан үй-бүлөлүү инсан.
Съёмка учурунда мени курч карек карап турганын дайыма туйчумун. Күн санап Амриштин көз карашы мени арбай баштаганын билип эле жүрдүм, ал болсо мен карай койсом жалтактап качып, жактырып калганын жашырып жүрдү. Кино тартуучу топ бир мейманканага конгонбуз. Бир күнү Амриш түндө менин бөлмөмө күтүүсүз кирип келди... Мына ошентип биздин сүйүү башталган. Кино тартуучу топ экөөбүздүн мамилебизди билишсе да билмексенге салып коюшчу.
Менин тунук махабатым Амриш болду. Кийинчерээк биз тууралуу ушактар тарады. Туруштук бере албадык, ал аялы менен таарынышты, жазылышты, мен болсом күтүүсүз аборт жасатып, өзүм сүйбөгөн адамга турмушка чыгып кеттим. Амришке канча деген сулуулар ашык болуп жүрдү. Анын коңур үнүнө далай аялзаты арбалчу, бирок ал аялын, анан кызын гана сүйдү. Мен ошону гана айта алам. Бир да режиссёр же актёр менен урушуп-жакалашканын көргөн эмесмин. 2005-жылы анын катуу ооруп калганын билдим. Бирок ойлогон эмесмин, аны жоготуп алам деп. Январдын 12синде мага чалып, “Амриш эми жок” дешти. Угар замат жолдошум менен Мумбайды көздөй жөнөдүм, аны акыркы жолу бир көргөнү”.
Мына ушундай биздин каарман баяны. Коркунучтуу көз карашы менен көпчүлүктүн эсинде калган актёр өмүрүнүн акыркы жылдары Артисттердин кино жана телевизиондук ассоциациясынын президенти болуп турган. Индиянын сыйлыктарынан сырткары бир нече эл аралык сыйлыктарга да ээ болгон. Баш-аягы биригип 300дөй фильмден Амриш Лал Пурини кезиктирүүгө болот.

Бурул Исмаилова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жылдыздар жөнүндө - Коркунучтуу кейипкер Амриш Пури
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
jansezim26
2011-10-17 09:56:23
"быдышк"=)))
0
kg_gigit
2011-10-17 17:38:25
удушшк
0
nurbek_posol
2011-10-18 11:26:36
Жакшы актер. Ото таланттуу... Он каармандан да терс каармандын ролун катыра ойногону супер.
0
№ 467, 14-20-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан