Асема: «АЛ ПРОСТО ЧЕЛОВЕК - СКАЗКА»

АСЕМА БАЛА КУРАКТА
– Бала кезимде өтө аз сүйлөгөн кыз болчумун. Ата-энем “бул эмнеге сүйлөбөйт?” деп коркуп, ар кандай суроолорду бере беришчү экен. Анан кээде гана өзүмө абдан керектүү бир нерсени айтуу үчүн гана үн катып койчу экенмин.
Дөңгөлөктөрү бар өрдөк оюнчугум бар эле, ошону сүйрөп алып, жай басып коюп томпоюп жүрө берчүмүн. Ошол өрдөктөн башка оюнчугум да болгон жок. Себеби оюнчукка таптакыр кызыкчу эмесмин. Бийлегенди жактыргандыктан, үйдө бассам-турсам бийлеп жүрөр элем.

ОКУУЧУ
– Мектепте сабактарды калтырбай жакшы окудум. Бирок абдан “хулиган” элем. Ошондон улам болсо керек, апам мени аябай катуу кармачу. Азыр кээ бир тамеки чегип, ичимдик ичкен кыздарды көрүп алып, тарбияны туура бергендиги үчүн апама миң мертебе ыраазы болуп кетем. Кайсы күнү кайсы сабак канчада болуп, канчада бүтөрүн эсептеп отурчу.
Бир жолу 7-классымда мектептен чыгып классташтарым менен жашынмак ойноп кеттим. Бир маалда катуу жаан жаап кирди. Суу болуп үйгө барсам апам иштен келип калган экен, үбөлүк менен сабаган. Эртеси суук тийип ооруп калгам. Үбөлүк, бут кийим, чыбык менен далай эле жолу келтек жедим апамдан (күлүп). Ушундай тартиптин астында дискотекаларга барган жокмун, самсаалаган сөйкө-шакектерди тагынган жокмун. Барчылыкта эле жашасак да, бир жылда бир гана жынсы шым алып берчү. Мунун баары жөнөкөйлүккө жана ыймандуулукка салынган жол экендигин эми гана түшүнүп отурбайбызбы.

СТУДЕНТ
– Менин студенттик күндө­рүм көңүлдүү эле өттү. Жаңы сезимдер пайда болуп, өзүңө каранып, созолонуп калган кез. Кыйратып окудум деп деле айтпайм. Кээде группалаштар менен туулган күндөргө барып дегендей. Бирок мен студент кез дегенде эле “Боз салкын” киносун эске салам. Ага тартылуу убактары, элге таанылган кез, айтор, жагымдуу... Баарынан жагымдуусу, акыркы курста окуп жүргөнүмдө турмушка чыгып, кош бойлуу болдум. Төрөөргө жакын калганда болгон күчүм менен экзамендерге чуркап, диплом жазып жүрүп окууну аяктадым. Анан балалуу болдум. Мен азыр деле студентмин. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда 3-курста окуйм.

АКТРИСА
– Актриса катары “Боз салкын” тасмасы аркылуу элге таанылып чыктым. Андан бери дагы бир канча тасмаларга тартылып, актрисалык жаатта аздыр-көптүр өзүмдү сынап келем. Учурда кино жаратсам деген максатым бар. «Адашкандар» аттуу Жыпара Исабаева эженин китебинин негизинде эки жыл сценарий иштеп чыгып, мына тасмага түшүрүү башталат дегенде автор башка бирөөгө сатып жибергенин айтып жатпайбы. Эки жылдык убактыма ичим ачышып кетет.
Жакында гастролдоп жүрүп жаңы идея таптым. Өзүмө абдан жагып жатат. “Боз салкын” сыяктуу өтө жагымдуу, эң сонун тасма болоруна көзүм жетип турат. Сценарийин да жазып бүтүм.

ЫРЧЫ
– Өзүмдү кыйраткан деле ырчы деп эсептебейм. Кичинемде деле көп ырдачу эмесмин. Биринчи жолу эл алдына мектепти аяктап жатканда Акыркы коңгуроо салтанатында ырдагам. Ал эми сахнага жолдошумдун жардамы менен гана чыгып калдым. Ага чейин кафелерде ырдачумун. Ошентсе да эч кимден “сен жаман ырдайсың” деген сын уга элекмин. Жалаң гана жакшы ой-пикирлерди угуп келем.
Күйөрмандарым да жок эмес. Баса, өткөндө бирөө машинама желим менен чайдын чамасын чачып, үстүнө сүрөт тартып, дөңгөлөгүн жарып кетиптир. Ал да бир тырмакчанын ичиндеги күйөрманым болсо керек. Балким, көрө албастардын ишидир... Ар бир нерсени жакшы жагынан караса болот. Ошондон кийин машинамды жаңыртуу тууралуу ой келип, учурда ылайыктуу темир тулпар караштырып жүрөм.

КЕЛИН
– Турмушка чыккандан бери эле жолдошум Акжол экөөбүз Бишкекте өзүнчө турабыз. Ошол себептен кайындарыма көп деле кызмат кыла алган жокмун. Бирок айылга барып калганда бардык эле келиндер катары жоолугумду башымдан түшүрбөй, кызматымды кылып жүрө берем. Кайненем менен эне-бала катары сырдашам. Ушундай түшүнүктүү, жөнөкөй үй-бүлөгө келин болуп калганыма кубанам.

ЖУБАЙ
– Акжол экөөбүздү табыштырган тагдырыма таазим кылам. Ал «просто человек-сказка» да. Ошого жараша татыктуу жубай болгонго аракет кылып келем. Ошентсе да кээ бирлер мени эркесиң деп айтышат. Бирок мага андай деле сезилбейт. Элдин айтканына карап, «эркелигим сүйлөгөнүмдөн эле байкалып турат окшойт» деп ойлоп коём.
Үйдө Балык деген атка конгом. Эртең менен деле, кечинде деле сууга түшө берем. Тазалыкты жактырам. Жолдошум каалаган тамакты жасап берем. Анан бир нерсемди жактырбай айтып калат. Мен дайыма ага туура эмес убакта телефон чалып калат экенмин.

ЭНЕ
– Бала деген жашоонун сөз жеткис керемети экен да. Кабагың түйүлүп, бир нерсеге капаланып, чарчап кирип келсең, «жарк» этип балаң кучак жайып тосуп алса, андан өткөн бакыт барбы?! Баарын унутасың. Анан да баланын элжиреткен таттуу тиличи! Аялзатынын бактысы балада экен. Уулума эки жаш 4 ай болуп калды. Тили чыгып, керек болсо сөгүнгөндү да үйрөнүп алыптыр.
Бир жолу көчөдө жетелеп баратсам, улам тентек кыла бергенинен бир байкени көрсөтүп «тиги байке урушат» деп койсом, чуркап барып бир тээп, сөгүп кирсе болобу! Уялганымды айтпа. Үйдө болгон нерселерди башкаларга айтып берүүгө жарап калгандыктан, анын көзүнчө өзүбүздү кармап жүрүп калдык. Айтор, аман-эсен эле, ден соолукта чоңоё берсе экен деп тилейм. Жумасына беш күн таенесиникинде болот, дем алыш күндөрү гана өзүбүз менен. Жакында энелик бакытка экинчи ирет чөмүлгөнү турам. Андыктан аман-эсен көз жарып алуу – эң башкы тилегим.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Асема жакында кыздуу болот
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
kainar
2011-10-17 16:55:54
Счастья вам! Вы прелесть!
+1
Aibek.kg
2011-10-17 17:11:44
Саламатсызбы Асема!Мен да орто сайдын жанында жашайм.Сизди уулунуз мн коп кором.Пакеттерди которуп бараткан болосуз.Уйдо абдан эле тын болсонуз кк.Эх...Жолдошунуздун ордунда МЕН болсом,сизге оор которттурбой журмокмун!Чын журогумдон бир гана БАКЫТ каалайм!Бирок,бактылуу корунбойсуз... :(
+1
tea23
2011-10-17 22:20:04
Aibek.kg, OzunuzchO ele jyintik chygaryp alypzynyz da baktyluu korunboisunuz dep. Taptatynakai ele parochka.Naoborot murun prostaya bolso azyr krasavitsa bolup kalyptyr. Konechno bul baktyluu jashoonun negizinde.
+1
Ramiss
2011-10-17 17:18:41
A ya podumal pro vas napisali"4elovek skazka"? Vam by bol`6e podo6lo.
+1
adella
2011-10-17 17:38:16
Klaaasno! Vy takaya prostaya. Aman esen koz jaryp alynyz!
+1
nacho
2011-10-17 20:27:33
molodess tak derjat' saga 4on-4on iygilik.talantyn tash jara bersin, meni ynytpasan...aman-esen koz jaryp al..anan maga kel aa.s uvajeniem aisana...
+1
altynaivip
2011-10-17 20:35:13
Асема эже,озунузко окшогон сулуу,акылдуу,ыймандуу кыз аман эсен тороп алыныз!Менин карындашымды апамдар Асема коюшкан. Сизди урматтайбыз,сыйлайбыз! Бакыт каалайм.
+1
Debi
2011-10-17 22:56:01
Тортоо тушкон суротто чачтарын карасанар, оппокшош го
+1
gul2211
2011-10-17 23:34:54
Теперь она настоящая женщина:))) Я рада за нее.
+1
Tairdin
2011-10-18 12:47:15
Debi,4yn ele ok6o6 eken! Al navernoe murunku moda go? A tak ni4e!Emi krutoi ma6ina alip alsa,mo6enikterdyn(calardyn)i4i bir top ortonot!
+1
2011-10-21 01:50:37
кино жарыкка чыккандан кийин Асемалар кобойду ! дайыма жакшылыктар коштосун , ишине ийгилик.
+1
Batken
2011-10-21 18:38:02
жолдошу кай жактан Жеке жашоосу боюнчамаалымат берсенер жакшы болот эле
+1
kuba_kg
2011-10-21 19:42:12
алооалормчтичп
+1
elaiza
2011-10-23 23:01:17
Аман-эсен коз жарып алыныз.
+1
№ 467, 14-20-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан