Ди-джей Алина Баженова: «ЭРТЕҢ МЕНЕН БОЁНГУЧА УКТАП АЛГАНЫМ ЖАКШЫ»

Эртең менен жумушка шашып баратып "Европа плюс" радиосундагы таңкы "УтроФиолет" берүүсүн угуп жылмайган жүздөрдү көп көрөм. Бул берүүнүн көркүн ачкан ди-джей Алина Баженованын нукура кыргыз кызы, чыныгы аты Айжан Кулибаева экенин билесизби?

Аты-жөнү – Кулибаева Айжан Дөөлөталиевна.
Курбусу – Трололо, атасы – Аюу деп эркелетет.
Туулган жылы – 1985-жыл, 28-май.
Улуту – Кыргыз.
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү.
Хоббиси – Кино көрүү, сууда сүзүү, сейилдөө.
Сыймыктанганы – Чөйрөсүндө жалаң жакшы адамдар болгону.
Өкүнгөнү – Азыр билген нерселерди мурун билбей жүргөнү.
Эркектердеги баалаган сапаты – Сөзүнө тургандык, ачыктык.

– Айжан, өзүңүз тууралуу кеп салып берсеңиз...
– Мен жөнөкөй эле адаммын. Кыргызстан деген сонун өлкөнүн жаранымын. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынан болом. Ал жактан орус мектеп-гимназиясын бүткөм. Улуттук университеттин журналистика факультетин бүтүрүп, учурда радиодо ди-джей, программалык директормун.
– Радиого келген жолуңуздун тарыхы кандай?
– "Европа плюска” чейин “21-кылым” радиосунда иш­тегем. Ал жакка да капысынан барып калгам. 3-курста окуп жүргөндө университеттер аралык конференция болгон. Ошондо бизге “21-кылым” радиосунун редактору Тынчтыкбек Кожобеков келген. Университеттерден студенттер чогулуп, ар бири өзүнүн докладын окуган. Мен “Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин кимисинин пиар компаниялары жакшы иштейт?” деген темада доклад окуп, экинчи орунду алгам. Ошондо Тынчтыкбек байке мени байкап, “үнүң, сүйлөгөнүң жакшы экен, бизге келип иштеп көр” деп мага визиттик карточкасын таштап кеткен. 2006-жылдын 4-майында “21-кылым” радиосуна баргам. Ошондон баштап радио дүйнөсүнө аралашкам.
Аталган радиодо бир жыл иштегенден кийин жашоо кызыксыз болуп, бир нерсени өзгөртүш керек болду. Азыркы иштеген радиону кичинемден эле угуп, ушул радиодо иштөөнү кыялданчумун. Анан жөн гана радиого бардым да, “мен силерде иштегим келет” деп айттым. Сүйлөтүп көрүштү да, үнүмдү мактап, алкыш айтышты. 2 ай жөн гана барып үйрөнүп жүрүп, кийин иштеп калдым.
– Үнүңүздү атайын машыктырчу белеңиз?
– Жок, машыктырчу деле эмесмин. Өзүм ырга кызыгам, ырдайм. Вокалга да баргам. Үнүм башынан эле ушундай. Баары таң калышат. Радиого жумушка алганда да “сен дикция менен иштөөнү атайын үйрөнгөн болушуң керек” деп шек санашкан.
– Үй-бүлөңүз тууралуу учкай кеп...
– Атам Ооган согушунун ардагери. Көп жерлерде иштеген. Кийин Орусияга да барып иштеп келди. Бизге дайыма жакшы тарбия берүүгө умтулган адам. Апам Политехникалык институтта окуган. Кийин атам менен таанышып, турмушка чыгып, окуусун таштаган экен. Азыр экөө тең үйдө эле.
– Жолдошуңуз да радио чөйрөсүндө иштейт турбайбы. Эки радиодо иштеген адамдын башы бир үйдө кантип "кайнайт" болду экен?
– Ооба, жолдошум Жаныбек азыр “Тумар” радиосунда үн режиссёр жана клубдарда ди-джей да болуп иштейт. Экөөбүз “21-кылым” радиосунда иштеп жүрүп таанышканбыз. 2 жыл мурун баш коштук. Жаныбек көп сүйлөбөгөн адам. Ал укканды, мен сүйлөгөндү жакшы көрөбүз.
– Радиодо тийишүүлөр болот да, албетте. Андай учурлардан кантип чыгасыз?
– Тийишишет, “таанышып албайлыбы, жолугалы” дешет. Мен болсо “сиз менен таанышып, жолукмакмын, бирок күйөөм урушат” деп жооп кайтарам. Жолдошума деле көп кыздар тийишишет. Мисалы, клубда кыздар телефон номерин сурашат же номерин таап алып чалышат. Бул жерден да суроо туулат. “Ким кимди көбүрөөк кызганат?” деген.
– Аты-жөнүңүздөн, сүйлөгөнүңүздөн улам сизди кыргыз эмес деп ойлошот экен...
– Ооба, кыргыз эмес, орус дешсе керек. Аны билем. Көбү мени бою узун, сары чачтуу кыз деп элестетишет. Таанышканда бардыгы эле шок болушат. Анткени эч ким кыргыз деп ойлобойт. Бир аз пикир алышкандан кийин гана “образыңыз келбетиңизге дал келет экен” дешет. Атам кыргыз, апам өзбек. Бирок мен атама окшошмун. Ал эми Алина Баженова деген псевдонимди радиодогу образыма ылайык тандап алгам.
– Ырчылык өнөрүңүз да бар турбайбы. Ырдап чыгуу оюңузда барбы?
– Азырынча ашканада, мончодо гана ырдайм. “Ырдап чык” деген сунуштар болгон. Кудай буюрса, сахнага чыгуу оюмда бар. Ырларым деле бар. Көрөбүз го эми. Ыр да жазам. Бирок ар бир адам эле жазганын элге таңуулай берсе болбойт го.
– Бир жолу “УтроФиолеттен” семичкенин зыян жактары тууралуу айттыңыз эле. Кайра эле эртеси күнү “семичке пайдалуу турбайбы” деп башкача сүйлөдүңүз. Муну кандай түшүндүрөсүз?
– Ошону баары кысым көрсөтүлдү деп ойлоп калышса керек. Бирок андай эмес. Жөн гана биз бир нерсенин эки жагын берүүгө аракет кылабыз. Ал эми жыйынтыкты эл өзү чыгарсын. Анткени кечке мактай берсек да, жарнама экен деп ойлоп калышат.
– Кыялыңызда эмнелер жашайт?
– Балерина же гимнастка болбой калганыма бир аз өкүнөм. Кичине кезимде ал жөнүндө кыялданар элем. Гимнастикага да баргам. Кийин аны унутуп деле калдым. Бирок Кудайга шүгүр, турмушта мен каалаган нерсенин көбү болду. Кээде эле “балерина болсом жакшы болмок” деп калам. Азыркы учурда чоң сахнада ырдоону кыялданам. Балким, азыр ага убакыт келе электир... Бирок ырдап чыгуу оюмда бар. Анан көп балалуу болууну каалайм.
– Радиодо иштөө бир караганда оңой туюлушу мүмкүн. Анын кыйынчылыктары барбы?
– Бир жолу чоң атам каза болуп калып, аны көрбөй калганыма өкүнүп, жаман болуп, маанайым жок жумушка келдим. Эфирге чыгып күлүп-жайнап сүйлөө ошондо кыйынга турду. Бирок менин сүйлөгөн сөздөрүм миллиондогон адамдын маанайын көтөрөрүн эске алып, маанайымды көтөрүңкү кылууга аргасыз болдум. Жумушум дайым жакшы маанайда болууну талап кылат. Бирөө менен урушуп кетип жаман маанайда болсоң да, эфирде күлүп-жайнашың керек. Бул кыйын нерсе. Андан тышкары да кыйынчылыктар бар. Эфирге чыкканыбыз бул – кылган иштерибиздин жыйынтыгы гана.
– Радиодо болгон кызыктуу окуялар...
– Бир жолу СМС окуп жатсам, компьютер өчүп калды. Анан эмне кыларымды билбей СМСтин аягын өзүм чыгара баштадым. Анан дагы 3 СМСти оюмдан эле чыгарып салдым. Эптеп компьютерди күйгүзүп, анан ырды таап коюп бергем. Ошондо мен 5 мүнөт токтобой сүйлөгөм. Эфирден жинденип, “монитор өчтү” деп айта албайсың да.
Кээде эфирде отурсаң бир адам келип колу менен “сени чакырып жатат” деп көрсөтүп, кетпей алаксытып туруп алышы мүмкүн. Анда же сүйлөй албай, колуң менен “кет” деп көрсөтүп отура бересиң. Же сүйлөп жатканда микрофон жай гана ылдый түшүп кете бериши мүмкүн. Аны көтөрөйүн десең, “ба-ап” деген үн чыгат. Ошондуктан сен микрофон менен кошо башыңды ылдыйлатып кете бересиң. Кээде көгүчкөндөр терезеден кирип келип, жаныңа отуруп алып “кулу-ку-ук” деп үн чыгара беришет. Кээде үстүңкү кабаттагы тигүү цехиндеги үндөр бизге даана угулат. Угарманга “бизде оңдоп-түзөө иштери болуп жатты эле” деп кутулабыз. Мындай учурларда кээде чын айтып, кээде бир нерсе ойлоп таап жибересиң.
– Түз эфирде эч ким чалбай калган учурларда эмне кыласыңар?
– Андай учур көп деле болбойт, бизде. Бирок кээде болот. “Угарманыбыз трубканы коюп коюптур” дейбиз. Көбүнчө 1-Январь – Жаңы жыл күнү эл башка нерселер менен алаксып, радиого чалбай калышат. Анда биз өзүбүз эле СМСтерди ойлоп таба баштайбыз. Мисалы, Айка деген кыздар көп, ээ? Ошол “Айка, сүйүктүүм, мага чалып койчу?..” деген сыяктуу СМСтер менен элди ойготобуз.
– Үйдө кандай жарсыз?
– Тамакты жакшы эле жасайм. Бирок жумуштан үйгө чарчап барам, көбүнчө жолдошум экөөбүз пицца алып эле жеп алабыз. Ал эми маанайым болсо, анда түнкү 3кө чейин деле тамак жасап жүрө берем.
– Келбетиңизге көңүл бурасызбы?
– Радиодо көңүл бурбай деле койсо болот. Эртең менен боёнгуча уктап алганым жакшы. Келбетине көп көңүл бурган кыздардан эмесмин. Интервьюга же бир жакка бара турган болуп калсам, анда боёнуп коём.
– Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Ди-джей Алина Баженова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
baiysh
2011-10-17 11:55:34
Молодец сонун кыз экенсуйлогону жакты
0
ROZI
2011-10-17 15:13:01
Аябай жагат да!
Бар болунуз, уй-булоолук бакыт жана ишинизге ийгилик каалайм!!! :)
0
19zama78
2011-10-17 15:30:33
ишине ийгилик
0
samaraaa
2011-10-17 15:58:08
вау она так классно говорит))))
0
Pedro
2011-10-19 20:14:29
Оставить комментарий...

Aijan Kulibaeva
Уважаемые друзья, коллеги и просто знакомые!

16 октября 2011 года мой муж Айдаралиев Жаныбек Аманбекович (звукорежиссер радио "Тумар", ди-джей бара ВС)
был жестоко избит на пересечении улиц Советская и Токтогула,
возле Мото Центра одним лицом. Мужчина, по описаниям очевидцев, вдвое больше него, крупного телосложения, приблизительно 25-30 лет в алкогольном опьянении нанес несколько ударов по голове, вследствие
0
jazi2011
2011-10-21 13:15:53
кичине озуно конул буруп койсо жакшы болмок.
0
ABU
2011-10-24 21:14:44
эмнеси жакпай жатат?
0
№ 467, 14-20-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан