Арсен: «КЛИП ДҮЙНӨСҮНӨ ЖАҢЫЛЫК КИРГИЗЕЛИ ДЕДИК»

Арсен “Эсимде” деген ырына клип тартып, жаңы идеяларды камтыган, башка клиптерден өзгөчөлөнгөн клиптерди жаратууну максат кылып турган чагы. Ал “Эсимде” ырынын клиби тууралуу буларды айтып берди.

Клиптин аталышы – “Эсимде”
Режиссёру – Мирлан Саткымбаев
Идеясы – Арсенге жана режиссёрго таандык
Кеткен каражаты – 2000 доллар
Тартылган жерлер – “Манас” аэропорту жана Орус драма театрынын чатыры
Тартууга кеткен убакыт – 1 ай

– Ырдын обону Съездбек Искеналиевге, сөзү Түмөнбай Байзаковго таандык. Клипмейкер Мирлан Саткымбаев экөөбүз башкача клип тартып, клиптер дүйнөсүнө жаңы көрк кошкубуз келди. Мисалы, гитараны, кыл кыякты жана элге тааныш эмес жаңы жүздөрдү кошконум – жаңы көрүнүш. “Береке” тобунун бийчи кыздары, ал эми башкы ролдорго Ирина, Алина деген кыздар тартылышты. Скрипка ойногондор – филармонияда иштеген кыздар.
Бул клибим башка клиптерге караганда өзгөчө тартылды. Анын кара түс менен башталышы элестерге гана арналганын чагылдырат. “Манас” аэропортунун учактар учкан жагынан тарттык да. Ал жакта тамеки чектирбейт экен. Балдар тамеки чеккилери келип, аябай кыйналышты. Аэропорттун ичинде 5 саатча жүрдүк. Ал жердегилер “бир киргенден кийин чогуу чыгасыңар” деп коюшту, ал эми дааратканага барыш үчүн автобус чакырып, ал автобус алып барып келет экен. Ошентип, ал жакка да жетпей кыйналгандар болду.
Клип тартылган экинчи жер Орус драма театрынын чатыры болду. Имарат билинбегени менен бир топ бийик да. Ошол жакка кран-камераны көтөрүп чыгабыз деп бир топ кыйналдык. Ал эми каражат маселесин өзүм көтөрдүм.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 467, 14-20-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан