Айжамал Кабылова менен Сапар Эркебаев ырдаган “Күттүм сени” аттуу ырдын клибин көргүңүз келди беле? Эки ырчынын дуэтинен клип жаралды. Ушул клип тууралуу азыноолак кеп салсак.
Клиптин аталышы – “Күттүм сени”
Режиссёру – Эрнест Сыдыков
Кеткен каражаты – Болжол менен 1000 доллар
Тартылган жерлер – Кыргызстан, Москва шаары
Тартууга кеткен убакыт – 2 ай
Айжамал: – Бул ырдын сөзү Муса Жангазиевге, обону Болот Токтобаев аттуу ырчыга таандык. Сапар экөөбүз, ырдын аты айтып тургандай, күтүү сезимин чагылдырып бердик. Эки башка шаарда тартып, максатыбызга жеттик деп ойлойм. Бирок отуруп алып атайын сценарий деле түзгөн жокпуз. Жакшы шарт түзүп алганбызбы же жолдуу ырбы, айтор, клиби да шар эле тартылды. Бир эле Москвадан эмес, Бишкектен да уланттык.
Азыр Бишкектемин. Москвага кайрадан кетүү оюмда бар, биротоло келген жокмун. Балким, эки айдан кийин кайра жолго чыгам. Ошол убакытты туура пайдаланып, чыгармачылыкка жумшап калайын деп жүргөн чагым.
Сапар: – Сүйүү, күтүү сезимдери убакытка, жыл мезгилдерине карабайт эмеспи. Ошондуктан клипте кыш, жаз жана жай – үч мезгил камтылды. Ноокаттан ары бир жайлоодо кар бар экенин угуп, ал жакка жөнөп калдык. Кар калың эмес болуп калып, тоого чыгып тартууга туура келди. Карга жата калып, тура калып тартып жүргөн режиссёрго суук тийип ооруп калды. Ошентип, Ала-Бел, Төө-Ашууда да тартылды. Клип купулума толду. Анын үстүнө бул менин ырчы айым менен болгон алгачкы клибим жана дуэтим болду.
Венера Кабакбек кызы
star@super.kg