“Толик сынчы сындагандан кийин бир аз тайсалдап калдым. Жолуккан жерден “сени шыбаптыр го” деп кытмыр күлгөн тааныштар тойгузду”,- деп наалыган Дайыр Исмадияров баш-оту менен ыр дүйнөсүндө кайнап жүргөнүн айтат. Табылды Актановдун калемине таандык “Ойлойсуңбу?” аттуу эски ырга жаңы жашоо бергенин кабарлады. “Анан да кайсы бир ырчы апчем бул ырдын сөзүн туура эмес ырдаган болчу, мен комуздун коштоосунда жакшылап жаздырдым”,- дейт Дайыр.