Ырчы Эрлан Андашев учурда бир эмес, эки жигитти издеп жүргөнүн кабарлады. «Өткөн жылы кайсы бир концертте менин аткаруумдагы «Энекем» аттуу ырды менин үнүм, менин аранжировкам менен Шераалы деген жигиттин аткарганын дисктерден көрүп, ызырынып калган элем. Эми бул ирет дагы бир долбоордо «Сагындырба» деген ырымды Максим Снежок деген орус жигит ырдап чыгыптыр. Анысы аз келгенсип, мен кайсы тойго чакырылбайын, барган тойлордо «сиз ырдаган ырды жаңы эле бир орус бала ырдап, акчасын алып кетти» деп бир нече жерден уят кылганга да жетишишти. Ошондон бери же Максимге, же Шераалыга жетпей убарамын. Ал эми эки долбоордун тең жетекчилерине кайрылсак, Шераалы Алайда деп шылтоолошсо, Максим болсо “Эрландын досумун, мага ырын берген” деп айтып жүрөт экен”,- деп Эрландын эси кетип отурат.