Жакында ата болом деп толкунданып турган Акбар Сүйүнбаев «кылмыш иликтөө бөлүмүнүн...» деп сөз баштаса, ойлоп кетиптирмин кылмыш кылып ийгенби деп. Көрсө, жакшы кабары бар экен. Ички иштер министрлиги тарабынан Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн акыркы төрт жылдан берки маданий иш-чараларына активдүү катышкандыгы үчүн төш белги менен сыйланып, кубанып турган тура. Ошентип, төш белги тагып, төштү кагып басып жүргөн убагы Акбардын.