Учурда Кыргызстанда 85 миңдей наристе бакчага барат. Бул жалпы өлкөдөгү жаш балдардын 13 пайызын гана түзөт. Чет өлкөлөргө салыштырмалуу өтө аз, анткени Казакстанда ушул эле көрсөткүч 45 пайыз, Орусияда 58 пайыз. Буга байланыштуу “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Карганбек Самаков 1994-жылдан бери сатылып же менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды тизмеден өткөрүп, коррупциялык схемага катышкандарды мыйзам чегинде катуу жазалоого чакырды. “Биз баарыбыз мамлекеттик имараттардын кантип арзан сатылганын билебиз. Аларды мыйзам чегинде карап чыгып, кайрадан бала бакча кылышыбыз керек”,- дейт ал.
Маалымат үчүн: Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Дамира Кудайбергенованын айтымында, Кыргызстан боюнча 1990-жылдары 1696 бала бакча болсо, алардын 464ү ар кандай тармакка берилип кеткен. Азыркы учурда 717 мектепке чейинки мекеме иштеп, алардын 691и мамлекеттик болсо, 25и жеке менчик. Жеке менчик мекемелер Билим берүү министрлиги тарабынан берилген лицензия аркылуу ишмердигин жүргүзөт.