АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ ОРУСИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

НОВО-ОГАРЕВО, 10-октябрь, «РИА Новости».

Орусиянын премьер-министри Владимир Путин жана Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Алмазбек Атамбаев жолугушту. Эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын талкууга алышкандыгы туурасында Орусия өкмөтүнүн башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирди.
“Путин менен Атамбаев эки тараптуу мамилелердин учурдагы аспектилерин, көбүнесе соода-экономикалык кызматташтык маселелерин талкууга алышты”,- дейт Песков.
Кыргызстандагы президенттик шайлоо 30-октябрга дайындалган жана ал 2010-жылдын апрелиндеги президент Курманбек Бакиевди кулаткан мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бийликти легитимдештирүүнүн кезектеги этабы болуп калат. Азыр республиканын башчысы Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева болуп эсептелет. Анын ыйгарым укуктары 2010-жылдын 31-декабрында аяктайт. Мыйзам боюнча, Отунбаеванын шайлоого катышууга укугу жок.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Debi
2011-10-17 17:46:39
Атамбаевди эми киши менен суйлошуп койду деп да куноолошот экен го. Ушундай жоруктар жолдо эле калсын.
0
makish
2011-10-17 18:57:46
А.Мадумаров да татыктуу эмес А Атамбаев да татыктуу эмкес!экоо тен мага жакпайт,негизи эле татыктуу эч ким жок,жакшы адамдар Бакиев аке жоготподубу!
0
Eric-81
2011-10-18 09:58:30
Адахан менен Камчыга караганда Алмаздын денгээли бир топ жогору турат, кыргызга кылган иштери да буйруса жакшы!!!
Эл Атамбаев учун,
калганы бакс таштап кеткен таштандылар учун!!!
0
2011-10-18 10:06:36
эч кимге ишенич жок
0
taalay1973
2011-10-18 18:03:20
Атамбаев -азамат! путин менен жакшы мамиле сактап журот. Туугандар, унутпагыла: Россияда 600 мин биздин жараан иштеп журот. аларды ал жерден кууп салса, алар кайда барат?
0
jenish1985
2011-10-18 18:09:36
АТАМБАЕВ менен ПУТИН жолугуп жатса бул деген жакшы белги. Мисалы, жанагы Бакиев менен акыркы жылы эч ким суйлошпой койгон, ушунун натыйжасында бензиндин баасы асмандын башы болуп кеткен. Алга, Атамбаев! Алга, Кыргызстан!
0
Debi
2011-10-19 16:57:07
jenish1985, мен мисалы Путиндин жургузгон саясатын, аны саясатчы катары сыйлайм. Жакшы адам жакшы адам менен алака тузот да. Суйлошо берсин, анын эч кандай зыяны жок.
0
Debi
2011-10-19 16:59:12
jenish1985, сага кошулам дегеним.
0
Acer
2011-10-18 18:24:08
Азамаат Атамбаев алга!!! Кыргызстандын 4 пезиденти сизсиз. Ийгилик сизге. Короалбастардын козуно кум тыгылып калсын.
0
ELTYN
2011-10-19 16:16:24
Acer, Бироого жамандык тилегече, озуно жакшылык тилеп алгын
0
sadko_1992.kg
2011-10-19 04:05:40
Otunbaevaga shailoogo katyshuusuna chyn ele voobshe ukugu jok!!!!!
0
gulzaatkai
2011-10-19 14:31:28
Кыргыз качан онолот пейлибиз ичибиз кенейгенде ал эми Атамбаев Путин менен жолукса жаманбы эки олконун ортосундагы алака карым катнаш тузулот. Кимиси болсо да чын дилинен иштесе болду.Анан да шайлоо тынч отсунчу.
0
ELTYN
2011-10-19 16:13:38
Жакында эле келип кеткен болчу озу Атамбаев.Дагы биржолу келип Путин атасынан бата алып кетти.Бул анын салты да бата алыш.Жолугушууну да чеги болот да адеп сагалап бара берсе да болбойт.
0
jenish1985
2011-10-19 17:24:59
Орусия Кыргызстандын стратегиялык партнеру. 18 кылымда биздин ата-бабаларыбыз кытайлардан коргонуп Орус императорундан жардам сураган. Азыр деле кытайга жем болбош учун Орусия менен бирге болушубуз керек.
0
Eric-81
2011-10-19 18:04:29
Атамбаевдин атасы Путин болсо анда жакшы экен, ал эми жанагы иттердин (Ташиев, Мадумаров) атасы бакс болуп атпайбы элди куйдуруп!!!
0
Debi
2011-10-19 20:59:00
Ташиев Адаханга караганда адам экен деп калдым.
0
Nurwin
2011-10-19 23:27:30
Атамбаев Алмазбек Шаршенович - Кыргызстандын президенти болот!!! Ишенип койгула! Ал эми аны жамандагандар коро албаган жапайы адамдар!
0
Tarkan
2011-10-23 14:54:15
Атамбаев президент болсо биз Россяга кул болобуз. Россия эч качан жакшылык жасабайт оз кызыкчылыгын ойлойт коруп эле журбойбузбу Грузияны Украинаны эмне кылды. Атамбаевке президент болушуна жардам беришсе баарына даяр болот алар учун жакшы болот
0
№ 467, 14-20-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан