УЧУРДУН ХИТ ЫРЛАРЫ КАЙСЫЛАР?

”Кыргызстанда шоу-бизнесте жакшы жылыштар бар” деген сөздөрдү угуп жүрөбүз. Демек, ырчылардын ырлары элге сиңип жаткан өңдүү. Ошентсе да ким кайсы ырды угат, учурда кайсы ыр хит? Мына ушул суроонун негизинде атайын сурамжылоо жүргүздүк.

Телерадио айдыңында эмгектенгендер жылдын хит ырлары тууралуу мындайча пикир калтырышты:

Азамат Эркинбаев,
“Тумар” радиосунун ди-джейи:
– Бул жылы “Тумар” радиосунда махабат оюн салып, философиялык ойлор кайнап тургандай. Анткени Гүлнур Сатылганованын “Асман”, Иса Өмүркуловдун “Сүйүү жазы” жана “Non-Stop” дуэтинин “Жүрөгүм сага” ырларына угармандарыбыздын суроо-талабы көп болду.

Аскат Алдашев,
“Кыргызстан Обондору” радиосунун ди-джейи:
– Таң атпай эле биздин “Таңкы тополоң” берүүбүздө Нурлан Насиптин “Эркелетсемби?” жана Аваз Акимовдун “Сүйүү деңизи” деген музыкалык чыгармаларын сурап башташат. Демек, буларды жылдын хит ырлары десек жарашат.

Турсун Умар,
“Эл FM” радиосунун ди-джейи:
– Азыркы учурда угармандардын көпчүлүгү Гүлнур Сатылганованын “Асман” аттуу ырын суранып угуп жатышат. Ошондой эле Нурлан Насиптин “Эркелетсемби?” деген чыгармасын хит ырлардын катарына кошобуз.

Акыл Жеңишбек уулу,
“Миң кыял FM” радиосунун ди-джейи:
– Мирбек Атабековдун “Таң сыры” аттуу ырын жана Нурлан Насиптин “Эркелетсемби?” деген чыгармаларын эфирден суранган угармандардын саны арбын. Ошондуктан ушул эки ыр жылдын хит ыры болууда десек жаңылышпайбыз.

Мирлан Муратов,
НБТ телеканалынын “Музканал” берүүсүнүн режиссёру:
– Көрүүчүлөр Урмат Усеновдун “Бир элес” жана Добрдун “Бийле, бийле” аттуу жаңы клиптерин көп сурашууда. Биздин оюбузча, аталган эки ыр жылдын хит ырларына кирчүдөй.

Назира Айтбекова,
Коомдук биринчи каналдын “Замана” берүүсүнүн алпаруучусу:

– Көбүнчө бизде Аскат Мусабековдун “Аруузатым” аттуу чыгармасы эфирден көп коюлат. Андан башка татыктуу деле ырды хит деп айта албайм.

Чолпон Касымалиев,
ЭЛТР телеканалынын режиссёру:
– Музыкалык берүүлөрүбүздө көрүүчүлөрдүн көп бөлүгү Аскат Мусабековдун “Аруузатым” деген ырын клиби менен көп сурашат.

Ошондой эле сырттан жүз­дөгөн окурмандарыбыздын оюн билип көрдүк. Натыйжада:
Улуу муун “Бек Борбиев, Сыймык Бейшекеевден өткөн талант жок” деген ойду карманышат.
Орто муун Гүлнур Сатылганованын “Асман”, Аскат Мусабековдун “Аруузатым”, “Кеңеш” тобунун “Ак жамгыр” аттуу чыгармаларын тыңдашат.
Жаш муун Нурлан Насиптин “Эркелетсемби?”, Мирлан Баековдун “Каниет”, Иса Өмүркуловдун “Cүйүү жазы”, Султан Садыралиевдин “Эгиз жүрөк”, Мирбек Атабековдун “Сага” аттуу ырларын көп угушарын сурамжылоодон баамдадык.
Ошентип, биздин сурамжылообузда алдыңкы орунга үч ыр (Гүлнур Сатылганова, "Асман", Нурлан Насип, "Эркелетсемби?", Аскат Мусабеков, "Аруузатым") чыкты. 10 айдын ичинде эл көп уккан, мыкты деп эсептелген төмөнкү ырлардын тарыхы тууралуу аткаруучулар баяндап беришти:

Гүлнур Сатылганова:
– Ырдын обонун үч жыл мурун Райхан Бейшеналиева жазган экен. Угарым менен жактырып калып, сөзүн Кыялбек Урманбетовго жаздыргам. “Асман” философиялык ойду камтыган ыр. “Адамзат пейилин оңдосо, мыйзамдардан коркпосо да Кудайдан корксо” деген мааниде 7-апрелден соң жазылган. Учурда бул ырыма клип тартып бүтүп, монтаждап жатабыз.

Нурлан Насип:
– Кышында эс алганга айылга барганымда апам мени “эркем менин” деп эркелетип кирди. Ошол күндөрү илхам келип, кайырмасын чыгарып, болжол менен ырдын муунуна келиштирип жазып койгом. Көп өтпөй толук иштеп бүтүп, акын Анара Кожомуратовага текшертип, анан элге тартууладым.

Аскат Мусабеков:
– Бул ырды 2009-жылы Токтогулга концерт коюп барсак, Элмирбек Иманалиев ырдап жатыптыр. “карындашым, айланайын, мага бир жолук” деген саптары көңүлүмө абдан жагып, бирок көпчүлүктүн арасынан сурай албай койгом. Кийин Элмирбек агадан чыгынып сурасам, макул болуп үйүнө чейин алпарып, ырдап берип мага үйрөткөн. Клибин жаз мезгилинде тарттырдым.

Венера Кабакбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Жылдын хит ыры" наамына кайсы ырды сунуштайсыз?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
azulya
2011-10-17 16:37:50
"Аруузатым" - супер ыр! "Карегинде жургон экен катылып, качандыр бир мен жоготкон асманым" деген саптар журокко бир келип тиет! Мен да таап алдым бир адамдын карегинен... Бирок чогуу боло албайбыз... А Гулнур Сатылганова - кыргыздын примадоннасы!!! Бар болгула!!! Рахмат сиздерге, ушундай бийик чыгармаларыныздарга!
0
zaripbek
2011-10-17 18:20:49
Жылдын хит ыры Аруузатым!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
mishadjan
2011-10-17 19:44:13
Менин оюмча жылдын хит ыры деп Мирлан Баековдун -ошон учун жана Аскат Мусабековдун -аруузатым деген ырларын айтаар элем...
0
Talant_89
2011-10-18 12:20:23
Jyldyn super jana hit yry bul- Aruuzatym!!!
0
2011-10-18 14:57:31
аруузатым менен асман профессионалдар тарабынан аткарылган
0
2011-10-18 14:59:42
жылдын хит ырлары болууга татыктуу!!!
0
Tynka
2011-10-18 16:51:24
Жылдын ХИТ ырлары Аруузатым менен Исанын Суйу жазы Ошл ырлар деп эсептейм
0
Muratbei
2011-10-18 23:09:00
Asman asman asman
0
solnyshko
2011-10-19 21:02:39
Асмаааан Асмааан.....эхххх ушул ырды эки айдан бери,жадабай угуп келем...
0
tradeazs
2011-10-20 08:56:29
Аскат Мусабеков "Аруузатым" -Супер ыр
0
toktonazarova
2011-10-20 19:25:36
Мирлан Баеков Каниет ыры эн сонун ыр
0
Sayori
2011-10-21 22:23:15
Эч бир тажабастан угасын го, чиркин Асман Асман деп,рахмат Гульнур эжекебизге!!!
0
Sayori
2011-10-21 22:25:19
Негизи Токтогулдуктар азамат!!! 3 хит тен Токтогулдуктарга таандык экен.
0
kg_nur_chs
2012-04-11 17:46:39
эркелетсемби? супер ыр!

0
№ 467, 14-20-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан