«Тамашоунун» «Не дай Бох» командасынын оюнчусу Дастанбек уулу Бактияр: «КЫЗДАР, БИЗДИ МАЙМЫЛГА ТЕҢЕБЕГИЛЕ, СУРАНАМ»

Куудул Куйручукка жетпесе да куйкум сөздөрү бар, Гарик Мартиросяндай бой болбосо да тамашаны андан ашыра аткарат. “Не дай Бох” деп кайталагандан тажабаган кыргыздын бир сары кашка Бактияр деген жигити бар. Анда бүгүнкү конок Бактиярда сөз кезеги.

БАХАНЫ БИЛГЕНДЕР ЖАНА БИЛБЕГЕНДЕР ҮЧҮН
Толук аты-жөнү – Дастанбек уулу Бактияр же жөн эле Иоганн Себастьян Бах.
Жашы – “Оу, картаңмын” деп жооп берет, бирок 25ке чыга элек.
Бою – Маршруткага түшкөндө түздөлө калса эле башын уруп алат.
Салмагы – Кыз дегендин баары ушундай салмакта болууну кыялданышат.
Жынысы – Азырынча айырмалап биле элек. Карагандан да уялып жүрөт.
Лакап аты – Красопипетка.
Өзүнө жаккан сапаты – Каны жагат. Анткени дайыма кайнап турат.
Сүйлөшкөн кызы – Бактыгүл Лопес.
Жактырган тамагы – Курут.
Дежур сөзү – Оу-у, ым-м.
Кумири – Жеки Чан менен Жим Керри.
Максаты – Такыр токтоп калбоо. Дайым кыймыл жана кыймыл.
Ат тезегин кургатпай барган жери – Казакстан.
Эмнеден уялбайт – Жыртык байпак кийгенден.
Кол тамгасын ала албай жүргөн кумири – Өзү.
Беш жылдан кийин – Курсак байлагысы келет.

– Салам, иничек, кандай анан, жашоо, иштер-тиштер?
– Баары сонун. Тиштеримди курт жеп куурата элек. Ий, тиш доктурдун бетин ары кылсын. Ал эми чыгармачылыкта өсүп-өнүгөлү деп эле чок баскан тооктой безип жүргөн кезибиз. Улам бир чакыруудан кол бошобойт. Азыр командабыздагы балдар гастролдоп жүрүшөт. Жакында эле Каракол, Нарынга барып келишти. Азыр да ошол концерттер менен Кыргызстандын ар кайсы жактарында. Мен бул жакта уюштуруу иштери менен калгам.
– Сени тааныбагандарга өзүңдү тааныштыра кетпейсиңби? Кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөнүңдөн баштай бер...
– “Кайсы жактан болосуң?” деген суроо кыжырымды, канымды кайнатып жиберет. Бир жолу бир ата “балам, кайдан болосуң?” дегенинен “Кыргызстандан” десем, “ой, кандай баласың тыкылдаган, кайдан болосуң деп жатам?” дейт. Мен көгөрүп айтпай койдум. Мен Бишкекте, карапайым үй-бүлөдө эле төрөлгөм. Үйдүн улуусу да, сулуусу да менмин. Эки карындашым бар. Бой жетип калышты. Акыркы учурда ашыкча баскандарын “контролго” салып жатам. Атам – инженер, апам – мугалим.
– Көбүнчө аталар уулунун өзүнүн жолун жолдошун каалашат го...
– Оу, менин “тамашоучу” болуп калганыма атам себепкер. Атам жаш чагында куйкум сөзү менен курбуларын куйкалаган, кыз-келиндерди кыраан күлкүгө салган адам экен. Анан да укмуш бийлечү дешет. Кийин эле сүрдүү адам болуп калыптыр. Бир жолу менден сурап калды “эмне кылып эле жүрөсүң?” деп, мен “КВНчи болуп жүрөм” десем “мм” деп койгон. Мен бул жооптон кийин жасап жаткан ишиме атамдын каршылыгы жок экенин сездим да, андан ары тамаша дүйнөсүнө жолумду улай бердим. Анча-мынча акча таба баштаганда ата-энем “балам, азаматсың” деп колдоо көрсөтө башташты. Эсимде, бир жолу апам менен циркке баргам. Беш жашта болсом керек. Анан сахнага беш-алты мен курдуу балдарды чакырып, музыка коюп бийлеткен. Мен сахнага чыгарым менен эле көздү жумдум да, шалактап бийлей бердим. Мени көрүп, жанымдагы балдар да бийлеп башташты. Көзүмдү ачпай эле бийлей бердим, бийлей бердим. Бир кезде каткырыктар угула баштаганынан көзүмдү ачсам, жанымда эч ким жок. Мени менен чыккан балдар бийлеп, белектерин алып, эбак эле кетишиптир.
– Анда кичинеңде эле “шустрый” экенсиң да?
– Тентек болсом керек. Бир жолу апам экөөбүз троллейбус менен үйгө кетип баратабыз. Мен ырдагым келип “Американ бой, уеду с тобой” деп баштасам, троллейбуста отургандардын баары кол чаап коштоп калышты. Мына сага, менин жылдыз оорум ойгоно түшүп, баягы эки сапты кайталап ырдай бердим, ырдай бердим. Апам элден уялдыбы, улам эле капталдан чукуп болду деп калат. Мен болбойм.
Кийин 8-класста окуп жүргөн кезимде биздин класска Арслан Ибрагимов деген жигит келип, таланттуу балдарды Кыргызстандын КВН командасына кошуу тууралуу сунуш киргизип калды. Алгач жөн эле бир дос менен кызыгып аңдып келгени жөнөп калдык. Барганда досум “кидать” этип кетип, мен калып калгам. Ошентип, мектепте окуп жүргөнүмдө эле КВН командасына кошулдум. Кийин студент болгондо университеттин КВН командасынын атынан ойноп жүрдүм. Ошентип жүрүп команда ачуу идеясы туулду. Алгач 10 киши топтолгон. Бирок эленип отуруп 4 адам калды, “Кудай сактасын” – “Не дай Бох”(тамаша иретинде Бог эмес, Бох) деген сөздү командага ыйгарып калганыбыз да бекеринен эмес. Ар бир адам эки сөзүнүн бири эле “Кудай сактасын”. Командага да өзүнөн өзү эле кызыктай балдар чогулуп калдык. Мисалы, Владимирдин чыныгы фамилиясы кыргызча – Садырбаев. Ал эми Русландын фамилиясы – Максимов.
– Жакшы тамаша жаратуу үчүн кандай рецепттерди колдоносуңар?
– Студенттердин тамагындай жөпжөнөкөй. Болгону, 99 пайыз эркиндик керек. Тамаша керек деген басым болгондо эч качан жакшы тамаша жаралбайт. “Тамашоучу” болом дегендерге да “эч качан тырышып, кысылбагыла” деген кеңеш берип кетмекмин.
– Тамашаңар бир кишинин да кол чабуусуна татыбай калган учурлар болгонбу?
– Бир жолу сахнага чыктык жакшы эле. Бирок биздин тамашага кол чапмак тургай лампочканын күйүп турганындагы үнү угулгандай жымжырттык болгон. Ошондо бизде ардануу, сынып калуунун ордуна алдыга карай умтулуу пайда болгон. Кийин деле тамашабыз начар болуп калса, бири-бирибизге “биз билебиз, бир лампочканын күйүп турганын” деп айта беребиз.
– Орусиянын телеканалдарынын КВНдеринен көрүп, “биздин Баха” дейбиз сени, кыргыздын сахнасынын сүрү күчтүүбү же орустардыкы оор бекен?
– Бизде тамашаң начарыраак чыгып калса да “ой, бул баягы Баха, кол чаап коёлу” деп колдошот. Ал эми Орусияда көп эле жолу сахнага чыктык. Албетте, ал жактын аудиториясынын сүрү күчтүү. Жок дегенде кол чаап койчу эжең, апаң, атаң, досторуң жок. Сен аларга жаккан тамашаны көрсөтө алсаң гана кол чабууга татыйсың. Негизи, чет жактарга көп чыгып турсаң, өзүңдүн чыгармачылыгыңдын канчалык деңгээлде жакшы чыкканын аныктай алат экенсиң.
– Көпчүлүк кыздар “жигиттер маймылдан кичине сулуу болсо...” дешет. Бул сөзгө кошуласыңбы?
– Оу, кыздар, мынча бизди маймылга салыштырып?! Жок дегенде Мотуевден бир аз сулуураак дегилечи, суранам. Мен өзүмдү күзгүдөн карасам, бир топ эле сулуу экенмин, ха-ха...
– Кичине балдар момпосуйга жетпей калса умсунуп калышат. Сенчи?..
– Жакшы роль жетпей калса, таарынып, качып кетем. Тамаша, кайда кетмек элем?!
– Эгер сен кыз болуп жаралып калсаң...
– Анда мен Бактыгулька болмокмун. Жигиттердин башына чай эмес, май кайнаткан тың кыз болмокмун.
– Баса, бир жолку тамашаңарда сахнага тирүү эшекти сүйрөп чыктыңар эле...
– Сахнага чыгарга аз калганда атама чалып жатпаймынбы “бизге эшек керек” деп. Ал түшүнгөн жок “эмне, эшектин сүрөтүбү?” деп, мен “тирүү” десем, трубканы коюп салган. Анан бир маалда чалып “эшек даяр” дейт. Таң калып калгам өзүм да. Негизи, бизге керектүү сүрөт болобу, баарын атам каралашат. Сүрөтчүлүк да жайы бар.
– “Сен мени менен таанышкың келеби?” деген тамаша менен таанылгансың. Кыздар менен Баха дал ошол оюндагыдай таанышабы?
– Мен өтө катуу басам. Ошон үчүн кыздар таанышып алайын деп айткыча эле мен бир чакырымдай узап кеткен болом. Катуу баскан кыздар мени менен тааныша алышат. Шашпай баскан учурлар болот, анда кыз менен жетелешип бараткан болом.
– Кыргыз тилинде тамаша аткарган жеңилби же орусча оңойбу? Кыргызча аябай эле кыйналып, такалып жатасың...
– Айлана-чөйрөм орусча сүйлө­гөндөр болуп жатпайбы, не кыл дейсиз?
– Эми кел, чыныгы “тамашоучу” экениңди далилдеп, алтын шилекейиңди чачыратып жиберчи, кана?!

  • Айнура, Айнура, Бетиңде штукатурка.
  • Бул – Владимир. “Фу-у” журналынын версиясы боюнча, «эң сулуу адам» деп табылды.
  • Баткендик террорчулар самолётту кармап алып, вертолёт талап кылышты.
  • Электрондук тамекилер чыгары менен Кыргызстанда электрондук насыбай пайда болду.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - "Тамашоучу" Бактияр Дастанбек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
akylai7
2011-10-17 12:50:37
Azamat baldar. Birok kyrgyzcha tak syiloi albait eken. Birok araketi bar..
0
akylai7
2011-10-17 12:54:10
Abdan tamashakoi jigit eken
0
Айпери
2011-10-18 18:10:24
Бул жигит Москвада КВНде ойногон эле биринчи жолу. Ошондо коргонмун. Аябай талантту бала)))
Иштерине ийгилик, Баха. Азаматсын!
0
aiba090.90
2011-10-18 18:17:33
дозум кыргызча так суйлогонду жакшылап уйронуп ал)) а так баары жакшы!!!
0
merimka89
2011-10-18 18:56:38
Азаматсын...иштерине ийгилик!
0
dmm
2011-10-19 05:20:40
suylogonu kantet ay,kyrgyzcha uyron dep aytyp koygulachy!
0
juraeva
2011-10-21 16:01:58
Азаматсын Баха! Ит уро берет,кербен журо берет деген кыргызда жакшы соз бар! Ишине ийгилик! Чыгармачылыгын оркундоп, таланттын дагы дагы оссо берсин! Бирок аябай эрке жигит экенсин! Бар бол,бай бол!
0
Oimo
2011-10-23 16:33:54
Азаматсын Баха! Сенин кудай берген талантын менен кыргыз эли сыймыктанса арзыйт...Лично мен сени менен сыймыктанам.Себеп: мен азыр оруусядамын, ар турдуу улуттан досторум бар,ар киммиси озунун таанымал адамдары менен мактанат.Менин мурун мактанчуудай адаммым жок болчу,мына азыр силер менен тошумду кагам
Атай,Баха,Арсен дегендей...азаматсынар
0
vicento
2011-11-20 19:03:48
Molodec Baha.......TY CUPER
0
№ 467, 14-20-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан