Буга чейинки сандарыбызда биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен болгон түз байланышты жарыялаган элек. Убакыттын тартыштыгынан жана окурмандардын андан кийин деле Өмүрбек мырзага кайрылганынан улам ал шартына жараша кийинки суроолорго да жообун таштоодо.
bugatti: – Саламатсызбы. Мен Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Арка өрөөнүнөн болом. Атым – Нурмат. Биздин өрөөндүн эли суу маселесинен аябай кыйналып келет. Насос станциябыз бузулуп, суу жок, айдаган эгинибиз куурап калат. Суунун жоктугуна байланыштуу көпчүлүк адамдар көчүп кетип, тажиктер кирип келүүдө.
Өмүрбек Бабанов: – Таза суу долбоорлоруна гранттык жардам көрсөткөн уюмдар бар. Бул уюмдар тууралуу райондун акими жакшы билиши керек. Ушундай маселелерди жергиликтүү администрация жетекчилери жер-жеринен чечкенди үйрөнүшсө болмок. Экинчиден, биз чек ара аймактарынан көчүп кетпешибиз кажет. Эгерде акимчилик да, суу долбоорлорундагы уюмдар да чечип бере алышпаса, өкмөткө кат жолдоңуз. Биз башка чараларды колдонуп, 20 жылдан бери чечилбеген маселени 2012-жылдын бюджетине киргизип, чечип беребиз.
Ajba: – “Калк айтса, калп айтпайт” дейт, ошондой болсо да мен ишенгенимди же ишенбегенимди билбей турам. Баткен облусундагы күйүүчү майдын кымбатташын сизге жана кесиптешиңиз Аскарбек Шадиевге тиешелүү дейт. Эми өз кызыкчылыгыңыздарды жогору коюу жигиттин иши эмес го?
Өмүрбек Бабанов: – Мындай суроолор көп эле жерлерде берилип жүрөт. Мен дайыма эле айтып келем, мамлекеттик кызматка келерден мурда терең ойлонуп туруп бизнестен чыккам. Менин негизги максатым – өлкөбүздү кризистен алып чыгып, өнүккөн мамлекеттердин катарына кошуу. Күйүүчү май маселеси боюнча өткөндө массалык маалымат каражаттарынын алдында “ошол ишке тиешем болсо, кызматтан кетем” деп айткам. Мен ага чейин эле ушул жылдын июнь айында Баткен облусунда болуп, облустук администрация жетекчилиги менен күч органдарына эскертүү берип келгем. Бул контрабандалык иш токтобогондон кийин катуу чараларды колдонууга туура келди. Баткен облусунун Чек ара кызматынын, Бажы бекетинин, Каржы полициясынын, Ички иштер министрлигинин жетекчилери кызматтарынан алынды. Мен ойлойм, буга жергиликтүү эл да каршы туруп, өкмөткө маалымат берип жардамдашып турушу зарыл.
azake: – Өмүрбек Токтогулович, мен сизге жардам суроо иретинде кайрылайын дегем. Мен “Риом-Авто” базарында соода кылган көп балалуу бир үй-бүлөнүн өтүнүчүн билдиргим келген. Ошол жердин директорубу же башкаруучусубу, “соода кылган күркөңөрдү алгыла” деп жатыптыр. Алар ошол жай менен үй-бүлөсүн багып жатышат да, андыктан калтырып коюуга жардам бересизби? Ишемби-жекшемби күндөрү соода кылышып, ижарасын убагында төлөшөт. Эгер мүмкүн болсо ушул маселени туура жагына чечип коюңуздарчы.
Өмүрбек Бабанов: – “Риом-Авто” базарындагы күркөнү иштетип жаткан ижарачынын так дарегин берсеңиз, жергиликтүү башкаруу бийлиги аркылуу бул маселени мыйзам чегинде адилеттүү карап беребиз.
Эльвира Караева