“Эшимканов майлуу кесимге сатылып кетет”
Үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында көрсөтүүлөрү жабылып, учурда бош калган УТРКнын экс-кызматкерлери Акиpress маалымат борборуна жыйналышты. Теледива Ассоль Молдокматова, телеалпаруучу Алексей Филатов, режиссёр Асыл Апасова, журналист Шайырбек Абдрахманов болуп маалымат жыйынын өткөзүштү.
Сөздү биринчилерден болуп Ассоль айым баштады. “Биз бул жерге бекеринен чогулган жокпуз. УТРКнын ичинде болуп жаткан башаламандыктардан тажадык. Ал башаламандык кадр алмаштырууну модага айлантып алган Мелис Эшимкановдун башкаруусунан болуп жатат. Ал президентибиз Курманбек Бакиевдин атын жамынып алып, кызматкерлерди каалаганча өкчөп жатат. Мына ушундан улам продюсерлер, журналисттер ай сайын эмес, жума сайын алмашып жатышат. Биздин “Браво”, “Түнкү канал”, “Добуш” сыяктуу көрсөтүүлөрүбүздү эфирге чыгартпай жатканы бул – көрө албастык. “Сиздин жүргүзүп жаткан реформаңыз тууралуу бийликке кайрылабыз” десек, «мен аларга плевать хотел» деп жооп кайтарды”. Бул УТРКнын гендиректорунун айткан сөздөрү. Ушул жылдын башында ал мага чогуу Лондонго, Парижге барып келүүмдү сунуштаган. Бирок, мен ага “кызматтын гана чегинде болушубуз керек” деген жообумду айткам. Ал экинчи жолу да ошол кайрылуусун айтканда менин терс жообумду угуп: “Сен кандай чиновниктерге кайрылба, мен түкүрүп коём. Кыскасы, сен бул жерде иштебейсиң!”- деди.
Мен профессионалдуу журналистмин. Бекеринен эл аралык 32 сыйлыктын ээси болгон жокмун. Эшимканов сыңары майлуу кесимге сатылып кете бере турган адам эмесмин. Биз президенттин УТРКнын кызматкерлеринин санын кыскартуу тууралуу буйругуна каршы эмеспиз. Бирок, Эшимкановдун кадрдык саясатына таптакыр каршыбыз”.
“УТРК чириген даракка айланды”
Сөздү кесиптеши Шайырбек Абдрахманов улады. “УТРКны 3 айдын ичинде өзгөртөм” деген Эшимкановдун иштегенине 3 ай эмес, бир жылга жакындап калса да, кадр алмаштыруудан башка өзгөрүү болгон жок. Тескерисинче, күн өткөн сайын УТРК дүмүрү чирип бараткан даракка айлангандай сезилип жатат. Мелис мырза оозунан чыккан жел сөздүн өтөөсүнө чыгам деп, болгон акчаны айрым программаларды ачууга жумшап жатат. Же бул программалардан майнап чыксачы! Бир мисал келтире кетейин. Орустардын “Минута славы” деген берүүсүн «клондоп» “Баракелде!” берүүсүн жасашты эле, ага 30 миң доллар көрсөтүүнүн жасалгасына гана сарпталды. Бул бир миллионго жакын акча. Мына ушунча акчага жасалган берүү эч кандай деле жаңылык, өзгөрүү алып келген жок. “Силер араң жан экенсиңер, иштей албайсыңар” деп күпүлдөдү эле, өзү да берүү жасап көрдү. Ошол “Эпицентр” деген берүүсүндө актануу, жактануудан башка эч нерсе жок. Эң кызыгы, алып баруучулар күндө алмашат да, ал эми каарман Мелис өзү эле. Бир гана анын ички дүйнөсү баяндалып, үйүнүн ичинен башка нерсе көрсөтүлбөйт. Эшимканов бул жерге келгиче “сетка передач” (берүүлөрдүн тартиби) бар эле. Анан ал жыйында отуруп “бул берүүнү бул жакка, муну алып салгыла” деп жатып, берүүлөрдүн тамтыгын чыгарып салды. Ошондон улам “мындай жетекчинин кереги бар беле?” деген суроо жаралып жатат”.
“Бизди кубалаганга укугу жок”
Кийинки сөз кезегин телеалпаруучу Алексей Филатов алды. “Акыркы мезгилде көрүүчүлөрдүн купулуна толгон берүүлөр жабылып жатат. Башында биздин берүүлөрдүн убактысын кыскартып, анан акыры “рейтингге ээ болбой жатат” деп таптакыр жаап жатышат. Ушундан улам “биздин берүүлөр Ак үй үчүнбү же көрүүчүлөр үчүнбү?” деген суроо жаралат. Жылдыздарды, продюсерлерди кысымга алып жаткандын өзү эле ичи тардык деп түшүнөбүз. Мисалы, Орусиянын биринчи каналында Константин Эрнст деген бар. Ал Малаховго окшогон телеалпаруучуларды өзү чыгарган. Ошондуктан, анын аларды кетиргенге да акысы бар. Бирок, Эшимканов бизди тепселей албайт. Анткени, биз бирдиктүү командабыз жана бул ишти акырына чыгармайын күрөшөбүз”.
“Бизге УТРКга кирүүгө тыюу салды”
Эми сөз кезегин режиссёр Асыл Апасова алды. “Мен нааразычылыгымдын ток этер жерин эле айта кетейин. Ал бизге: “Силер бул жерде иштеп туруп ырчыларга продюсер болбошуңар керек. Контрактка өткүлө”,- дегенде макул болуп өткөнбүз. Бул бизди кетириштин эле амалдары болуп жатат. Мисалы, ар бир аткаруучуга маалыматтык колдоо көрсөтүү үчүн 75 доллардан төлөсөк, жакында эле концерт бергенде 140 доллардан төлөдүк. Ал эми кээ бир ырчыларга жарнамалар бекер. Бизге УТРКга кирүүгө да тыюу салып жатышат. Бул туура эмес нерсе да. Же Эшимканов УТРКны менчик кылып алганбы? Эми бул канчага чейин уланат билбейбиз”.
Эшимканов эмне дейт?
УТРКда 1500 кызматкер эмгектенип келсе, алардын 281и кыскартылмакчы. Крыловдун тамсилиндей, “КТРди кырдаалдан чыгарабыз” деп ары-бери тарта беришип, тарпы кетеби деп да чочуйсуң. Анткени, мындай чыр-чатак УТРКда биринчи жолу болуп жаткан жок.
Бул ызы-чуунун башында турган УТРКнын директору Мелис Эшимкановго ушул эле күнү телефон аркылуу байланышка чыкканыбызда: «Мен тигилер эмне деп айтканын көрүшүм керек. Эки сааттан кийин байланыш»,- деди. Эки сааттан кийин чалсак «эртең чал» деген жооп алдык. Бирок, Мелис Асаналиевич эртеси да жооп бербеди... Жумуштары өтө эле көп экен...
Даярдаган Бахияна Сатылганова