Футболчу Азамат Байматов: «МЕНИН КЫЗЫМ ЭЧ КИМДИ ТОГОТПОЙТ, ОШОН ҮЧҮН МЕНИКИ!..»

Бул жолу белгилүү футболчу Азамат Байматов биздин "Тамаша торго" чалынды. Азаматка телефон аркылуу байланышып, ага "менин сүйлөшкөн кызыма телефон чалып жүрүптүрсүң" деп күнөө койдук...

– Алло, Азаматсыңбы? Кандайсың?
– Ооба. Жакшы.
– Азамат, сени менен эркекче сүйлөшөйүн дедим эле.
– Ким бул?
– Айканын жигити болом. Эй, сен Айкага чалып жүрүптүрсүң...
– Айканын жигити болом?!
– Ооба, Айканын телефонун текшерсем, сенин номериң чыгып жатат. Сен ага көп чалат экенсиң. Анан эмне болгон Азамат деп чалып жатам.
– Айканын жигити болом дейсиңби? Айперининби?
– Жо-ок, Айсулуунун, телефон чалып, СМС да жазат экенсиң.
– Кайсы Айсулуу? Айпери десең. Кечээ чалыптырмынбы, ээ?
Кайдан билем, кайсы маалда чалып жүр­гөнүңдү?! Иши кылып чалып жүрүптүр­сүң.
– Мен Айпери деген кыз менен сүйлөшөм, ал Ошто. Айсулуу деген кызды тааныбайм.
– Азыр сен Оштосуңбу? Эгер Ошто болсоң, жолукпайлыбы?
– Сен мени менен жолугушуп эмне кыласың?!
– Жолугуп, “общение” кылбайлыбы?
– “Общение” кыла бер да телефондон. Мен сага эмне... Телефондон сүйлөй бер.
– Эй, мындай нерсени бетме-бет отуруп сүйлөшүш керек да.
– Айтып жатам го, телефондон “общение” кыла бер. Менин жолукканга, андай-мындай нерселерге убактым да жок.
– Телефон менен болбойт да мындай нерсени сүйлөшүш.
– Эй, сени түшүнгөн жокмун, “по поводу чего” чалып жатасың?
– “По поводу” ошол телефон чалуулар боюнча.
– Кайсы Айсулуу, айтпайсыңбы, кайсы жерде окуйт?
– Кайда окуй турганын, кайсы Айсулуу экенин сен өзүң билесиң да, телефон чалып жүргөндөн кийин. Сен качпагын!
– Кандай?! Ким качып жатат сенден?! "Конкретно" айтсаң, кайсы Айсулуу? Мен Айсулуу деген кызды тааныбайм деп жатпаймынбы.
– Тааныйсың эле. Тааныган үчүн сен чалып, анан мен анын телефонунан номериңди таап чыгып жатпаймынбы. Телефонунда жүрбөйсүңбү?
– Амий, ботом, телефонунда жүрсөм эмне болуптур?
– Анан эмне чалып жатасың деп жатам?
– Эй, “бессмысленный разговор” да, так айт, кайсы кыз, кай жакта жашайт?
– Айтып жатам го... Мындан кийин чалбай жүр, макулбу?
– Айсулуу сенин кызың болсо айт да анда чалба деп.
– Эй, кандай эмесиң, сен чалып жатпайсыңбы ага!
– Мен эч кандай Айсулуу аттуу кызга чалбайм. “Короче, бессмысленный разговор”. Сен мага чалба, макул?
– Кандай чалбай эле кой?
– Биринчиден, Айсулуу деген кызды тааныбайм. Сага ушул эле керекпи? Айка дедиң, Айпери деген кызды тааныйм, ал Ошто.
– Эй, Азамат, эми бир чалсаң таарынба!
– Сен эмне, мага “угрожать” этип жатасыңбы?
– Азамат, эми жолуккан жерден абайла, сындырып коём.
– Көп “угрожать” этпе дейм. Сенин мээң барбы?
– Менин мээм бар үчүн сага чалып жатам.
– Мээң жок экен. Мен тааныбайм десем “момундай, момундай” деп “упор” тээп алып жатасың.
– Давай анда, эркек болсоң жолугалы?
– Сен көп мага “телосложением бар” деп тыңсынба, “угрожать” этип. Уктуңбу?!
– Сенин “телосложениең” барбы?
– Сен “физически” жолугалы деп жатпайсыңбы. “Нормальный” адамдар “нормально” сүйлөшөт. Сага окшогон мээси жоктор ошентип сүйлөшөт.
– Эй, кандай мээм жок?! Сен ошондой турбайсыңбы, кыздарга тийишип, анан телефон чалып эле...
– Давай, башты оорутпа, мага чалба! Майлиби?! Мен Айсулуу деген кызды тааныбайм. Мага өзүмдүн кызым эле жетишет.
– Анда сенин кызыңа чалбайынбы, кандай болот экен?!
– Менин кызым эч ким менен сүйлөшпөйт. Мен ага “уверенныймын”. Уктуңбу?! Эч ким менен таанышпайт, эч кимди тоготпойт. Ошон үчүн ал менин кызым!..

"Тамаша торду" аткарган актёрубуз болбой эле жолугуп, сүйлөшөлү дегенине карабай телефонун коюп салды. Ого бетер жинин кайнатыш үчүн СМС аркылуу “эй, коён, телефонду албасаң, териңди тескери сыйрып кетем” деп кат жөнөтүп койдук. Анда деле унчукпады, жооп келбеди. Башка номерден чалганыбызда гана телефонун алып, “Супер-Инфонун” “Тамаша торуна” түштүңүз” десек, “постоянно” эле “Тамаша торго” түшүп кала берем. Бир нече жолу радиодон да тамашага салышкан. Мен чынын айтып жаттым, бирөөнүн кызы менен сүйлөшсөм деле эч качан алдабайм. Кечээ Айпери деген кыз менен сүйлөштүм эле, Айка десе ошол оюма келди. Негизи, мээси жок балдар эле күчүнө ишенип “жолугалы” деп чалат. Ал эми СМСтерди карап, жанагы номерди көрүп эле жиним келип окуган жокмун” деп күлдү.

Бахияна Сатылганова
tamasha@super.kg

 Кыстарылган видео 
Тамаша тор (телефон аркылуу) - Азамат Байматов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
mikasa
2011-10-24 11:14:49
Эркек экенсин.
0
mishadjan
2011-10-24 19:18:52
коён журок экенсин.кел.жолукса жолугалы деш керек эле.
0
cristiano
2011-10-26 23:50:45
mishadjan, Соз жолугуп эркектигин корсотуудо эмес, соз о мудрой поступке и вот это называется настоящая мужская поступка! А кел жолугалы "тигинтип салам", "мынтип салам" деген "самозванцылар" азыр кобойуп кеткен, таких просто надо послать и все! Андайлар менен жолугуп нервди да, убакытты да коротпоо керек, потому что, без толк!!! Эн туура кадам жасаган, молодец Азамат!
0
ainura220888
2011-10-25 04:08:45
ии бизде каяктагы футболистер да шоу бизнеске аралашып калганбы??? Кызына ишенгени жакшы экен бирок коен журок экен
0
Tynka
2011-10-25 11:20:52
жолугуп койобериш керек андайларга,олтуруп койбойт эле.
+1
ABIL
2011-10-26 03:27:16
Oshskie parni nikogda ne izmenyayut...,o4erednoy raz dokazyvayut 4to JIGITy iz OSHa samye lu4shie
0
AsAlinA
2011-10-26 11:59:05
ABIL: вызывает сомнение....
0
rusana
2011-10-26 12:45:21
Воспитанный, цивильный,настоящий мужчина!!!
0
Dollar
2011-10-27 19:17:47
Jolugup koyo berish kerek ele, koyon jurok eken degender baary kuchuno ishengen, bashynda ech nerse jok, soz menen adamga okshop suyloshup aluunu bilbegen mankurttar.
Azamat sivilniy, akilduu, tarbiya korgon jigittigi baykalip turat.
0
Bishkek
2011-10-28 07:21:28
сен кайактан билесин эч кимди тоготпогонун 1крутой жакшы акча берсе кети азыр заман ошондой
0
Karlygach90
2011-10-28 14:49:54
Незнаю вы о чем,но Азамат мне нравится
0
Aelina
2011-10-29 06:29:00
birinchy surap kaysi kiz menen suyloshup jatkanin anan tamasha tor kilsanar jakshy bolmok,jon ele, tigi anan bu, anan emne taanibaysinbi debei. dostorunanby, tuugandarinan zaranee bilip alip anan tamasha tor kilsa oshondo ayabay kizik bolmok.
0
№ 468, 21-27-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан