Эсимде, кичине кезимде тасма көрүп жатсак эле чоңдор көзүмдү колу менен баса калып же сыртка шылтоо менен жиберип ийишчү. Адам табиятынан тыюу салынган нерсеге кызыгат го. Мына ошол чоңдор көздү баса калып көрсөтпөй койгон “туздуу” эпизоддор тууралуу “бир чымчым”.
Кыргыздар дайыма революциялык кадамдарды жасап келет. Таң каларлык көрүнүш, бирок советтик курамдагы өлкөлөрдүн алгачкысы болуп тасмага ачык кадрларды тартып чыгыппыз. Мындай кадам бааланып, биздин “Биринчи мугалим” эчен сыйлыктын ээси болгон. Эсиңизде болсо, Алтынайды байдан бошотуп келе жатып, Дүйшөн шар аккан сууга жуунуп алышын суранат. Шар аккан сууга энеден туума жылаңач жуунуп жаткан актрисанын денеси азыр да көргөн адамдын сугун түшүрбөй койбойт. Бул тууралуу Наталья Аринбасарова мындай деп эскерген экен: “Мен ал кезде 16 гана жашта элем. Анан да режиссёрдун айтканын эки кылуу – мага өлүм менен барабар болчу. Ал “чечинип, сууга түш” дегенден кийин унчукпай көнгөм”. Бул кадрлар кыргыз киносундагы эротикалык кадрлардын карлыгачы.
“Сүйүү закымы” тасмасын ким билбейт?! Чынжыр менен байлап да багындыра албаган Алтынбүбүнү “уул төрөп берсең, бошотом” дейт эмеспи. Алтынбүбүнү алгачкы түнгө даярдап жаткан эпизод төмөндөгүдөй тартылган экен. “Асел Эшимбекова мындай ачык жерин ойноп беришин режиссёр оюна да келтирген эмес. Анткени өтө жаш жана тартынчаак кыз болчу. Анын ордуна бурят кызын чакыртып ойноткон”,- дейт оператор Нуртай Борбиев.
Геннадий Базаровдун “Аномалия” тасмасынан. Бузулуп кеткен апасынын тагдырын кайталаган кыз дагы деле эркектердин курмандыгы. Мында режиссёр “социоэротикалык” маанайды бергиси келсе керек. Кыргыз кинематографиясында мурун эротика өбүшүү же жөн гана аялзатынын жылаңач денеси менен берилип келсе, бул тасма ачык төшөк маселесин тарткан алгачкы тасмалардан.
Атактуу “Ак илбирстин тукуму” тасмасынан. Бул да Океевдин чебер колдорунан чыккан тасма. Тасмада төшөк мамилесин тарткан учурду Кожожаштын ролун аткарган Догдурбек Кыдыралиевдин минтип айтканы бар. “Боз үйгө чечинтип, плавкачан жаткызып коюшту, үстүмө терилерден жаап. Режиссёр улам бир актрисаны койнума салып иет. Жат десе жата калышат. Кучакта десе кучактап, жыттагылап ийишет. Өтө эле чоң сыноо болду. Дене-башым дүркүрөп...”
Жайдак ат минген 7 жылаңач сулуу... Укмуш, ээ?.. Бул кадр атактуу режиссёр Мелис Убукеевдин “Манастын ааламы” тасмасынан алынды. Тасма Манастын 1000 жылдыгына арналып тартылган. Бекеринен сулуулар жетөө эмес. Бул – кыргыздар үчүн ыйык сан. Бул эпизодду тартуу үчүн Ысык-Көлгө барышат. Мистика Манасты ар дайым коштоп жүрөт эмеспи. Жай чилдеси болсо да күн таптакыр ачылбай койгон экен. Акыры жаан алдында кыздарды чечинтип тартып башташат. Эмгек текке кетпей, кадр фильмдин өзөгү катары бааланган экен. Режиссёр муну менен кыргыз кыздарынын көркүн, табигый сулуулукту, тукум улоо озуйпасын жана башка ойлорду бергиси келген.
СҮРӨТЧҮНҮН КӨЗҮ МЕНЕН...
Мындай кадрларды издөө менен алек болуп жүрүп, сүрөтчү Александр Павлович менен кездешип калдык. Ал көшөгөнүн артында калган бир учурларды айтып берди.
– Ар бир адамда эротика түшүнүгү ар башка. Кыргыз режиссёрлору да бул нерсени өз табитиндегидей, өздөрү бергиси келгендей бере алышты. Менимче, бул темада Мелис Убукеев оригиналдуу эмгектерди жасай алды. Өзү да энергиясы ашып-ташкан, дайым сулуу кыздарды жандаган адам болчу. Океев болсо эротиканы табышмактуу, назик, аяр нерсе катары бергиси келчү. Кызды чечинтүү учурунда жука көшөгөнү коюп, анын жылаңач денесин да толук көрсөтчү эмес. Мисалы, “Сүйүү закымы”, “Ак илбирстин тукуму” жана башкаларда. Өкүнөрлүк нерсе, көп тасмада сүрөтчү колдонулбай, мындай кадрлар сапаттуу тартылбай калат.
Астра Айдарова
erotika@super.kg