ТАГДЫР ОЮНУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Алинанын көңүлү эч нерсени сүйбөй турган эле. Кенедей жабышкан курбусуна:
– Самара, үйгө барыш керек болуп жатат. Кийин баралыкчы кафеге...
– Сен эмне башкача болуп кеттиң? Боюңду көтөрүп эле болбой калдың. Баса, тиги виртуалдык сүйүүң сенин курбуң менен эле ээрчишип басып жүрөт экен го.
– Азиретпи?
– Ии.
– Эмне? Бема мененби? Ким айтты?
– Биздин кыздардын баары эле айтып жатышат.
Алина туттугуп, эмне деп айтарын билбей калды. Үн катпай, коштошуп да койбой жулкунуп жөнөдү. Кызганыч дүрт жанган өрттөй. Көкүрөгүңө кирди дегиче мээңди, жүрөгүңдү ээлеп алып айлаңды кетирет. Жалбырттап, жалындап азыр Азиретти, Бегимайды, деги ааламдын баарын өрттөп жиберчүдөй болуп буулугуп баратты. Бирок ошол күнү Кудай жалгап, экөөнө тең жолуга алган жок.
Бегимай Аскаттын мүрзөсүнө келип, Азирет Аскардын үйүндө калган эле. Бул жерге Бегимай кусасы толуп, айтарга жан адам калбай калганда келет. Айланасында адамдар бар, керек болсо жанын бергенге даяр адамдар бар эле. Бегимай алардын бирине да кайрыла албайт. Анткени Аскат билген Бегимайды эч ким билчү эмес. Бир да адам анын жан дүйнөсүнө кире албаган.
Аско, неге мен тынчый албайм? Неге мен бул жакка келбейм деп коюп эле келе берем? Айтчы, мындан ары мен кантип жашашым керек?”
Ар дайым ушул суроо көкүрөгүндө. Күнүмдүк тиричилик менен алпурушуп, жашоосу бир калыпта өтүп жатканы чын. Бирок Аскат менен байланышкан жипти эч үзө албай койду. Унута албай койду Бегимай.
Ал эми Азирет... Ал Аскардын үйүнөн чыгып, дубалды таянып отура калды. Ал тагдырдын мындай оюнун таптакыр күткөн эмес эле...

ххх

Окурман, чиеленишкен түйүндүн башы тээ алыскы жылдарда жаткан. Адам өзүнө оор нерселерди эстебегенге аракет кылып, өткөндүн дарбазасын жаап коёт эмеспи. Аскар да өмүрүнүн ошол күндөрүн эч эстегиси келчү эмес. Оор болду ошол түн Аскар үчүн. Азирет кеткен соң креслосуна шалак эте отуруп, альбомду колуна алды. Сүрөттө өзүнө тигилип турган жаш келин үчүн бир кезде өлүмгө да барганга даяр болчу.
Мариям, Мариям де. Сен дагы деле менден акылдуулук, куулук кылган экенсиң” деди ичинен тына. Эми эстегенге аргасыз эле.
90-жылдар. Канына сиңип калган советтик система кулагандан кийин көп адамдар баш аламан жашоонун кай агымына бой урарын билбей алдастап калышты. Аскар бул учурда жаңы үйлөнгөн. Өмүр бою тоодо мал баккан ата-энеси уулунун келечек камын көрүшкөн эмес. Бардык эле советтик адамдардай алар заман дайыма эле ушундай болуп турат деген сокур ишеним менен жашап келишкен. Бардыгы жеке менчикке таралганда деле ошол тоо боорунда жашап, колунда бар малын кайтарып кала беришкен. Аскар Политехникалык институтту бүтүп жаткан учур болчу. Беш жыл жан үрөп окуган окуусунун үзүрүн көрө албай, ылайыктуу жумуш чыкпай жүргөнүнө көп болду. Келинчеги Мединституттун акыркы курстарында эле. Караңгы каптаган сайын Аскардын эки буту үйүнө карай шилтенбей, шалдайып келе жатты. Көз алдында батиринин акчасын доолаган кожойкеси, өзүн күтүп, азык-түлүк алып келсе тамак жасайм деп отурган келинчеги Мариям тартылды. Аргасыз эки колун чөнтөгүнө тыгып, үйүнө кириш тозок болуп турганда келинчеги чыга калды.
– Не турасың? Кечигип жатканыңдан сени издейин деп чыккам.
– Келем да. Мени Кудай алмак беле?
Өзүнө-өзү нааразы болгон Аскар не деп жооп айтышты билбей турду. Келинчеги анын абалын түшүнүп турду. Жакын келип, жаагын жаагына тийгизип жароокерлене кетти.
– Баары жакшы болот. Бүгүн таппасаң, эртең табасың жумушту... Мен бүтсөм, экөөлөп иштейбиз. Гуля эжеден бир аз карыз алып келип, тамак жасап койдум. Жүрү, тамак ичели.
Аскар жылмайып алды. Не дейсиң, мындай ысык, мындай жароокер, камкор жанга? Болгону, татыктуу жашоо берүүгө тийиш. Алаканына салып бөпөлөшү керек. Жакында наристелүү болушат. Орустун эски тамында ыңгайсыздыкта кантип баланы багышат? Үй-бүлөсү үчүн Аскар баарын кылганга даяр эле. Оң каруусунда терең дем алып уктап жаткан келинчегин тиктеп, ошол түндү уйкусуз өткөрдү.
Жүгүрүп жүрүп эптеп тапкан жумушунан да убактылуу кыскартылып калды. Эми эмне кылат? Жаш үй-бүлөнүн кыйналып жатканын байкап, кожойкеси бир аз күн батиринин акысын азайтканга көндү. Бирок андан ары эмне болот? Ошентип жүрүп Аскар жүк ташуучу болуп базарда иштегенге өттү. Жаш үй-бүлө үчүн каргашалуу бороон ушинтип башталарын эч ким билген эмес. Таң азандан турмай. Төшөгүнөн колуктусун ойготпоюн деп акырын туруп бараткан Аскарды Мариям токтотту.
– Аскар, бүгүн, балким, барбай эле коёсуң...
– Эмнеге?
– Жакында мен стипендия алам. Бир аз акчабыз бар. Аябай арыктап, жүдөп кеттиң. Бир күн болсо да эс алып алсаң. Анын үстүнө жаман түш көрүп жатыптырмын.
– Сен мени ойлогондон көрө окууңду ойло. А мен иштешим керек. Барбай койсом болбойт. Эми түш көрдүм деп жумушка барбай койгон кантип болсун?!
Аскар колуктусунун саамайынан жыттап алып чыгып кетти. Ушундай кыйылып турду жаш колукту. Чыгып баратканда да башкача бир көз караш менен тиктеп алды.
Жүк көп болгондуктан, Аскар ошол түнү калып иштемей болду.
– Кел, бир аз болсо да отуруп эс алалы,- деди жанында чогуу иштеп жаткан Кайып.
– Жок, сиз эс ала бериңиз.
– Ой, жоо алгырдын иши кайда качат эле?! Өлө турган болдук. Бир аз чылым чегип, эс алалы.
– Мен чекпейм.
Өзүң бил дегенсиген Кайып ага мурчуя нары басып кетти. Дугдуңдап көпкө иштеген Аскарды байкап туруп, тиги кайра басып келди.
– Эй, сен бир аз чырм этип ал. Дегеле өлөрүңө карабай иштейт экенсиң,- деди нааразылана.
Ошол боюнча Аскар аны көргөн жок. Чарчап, таң агарып калганда вагонго кирип, караңгыда керебетти таап жатып калган. Эртең менен милиция кызматкерлеринин тапыраган үндөрүнөн ойгонуп кетти. Аларды көрөрү менен келмеси оозунан түшүп, ордунан тура калган Аскарды кең далылуу милиционер төшкө түрттү.
– Токто, сен кайда?
– Мен...
Аскар эч нерсени түшүнгөн жок. Көрсө, ошол түнү Аскарлар жүгүн ташып жаткан уйгурду кимдир бирөө бычактап өлтүрүп кеткен экен. Жөн эле сайып эмес, ичеги-кардын эшип таштаптыр. Анысы аз келгенсип, жүк ташуучу Кайыпты кошо өлтүрүшүптүр. Ал эми канга боёлгон бычакты Аскардын жаздыгынын алдынан табышты. Баарынан кызыгы, бычактагы колдун бармак издери Аскарга тиешелүү болуп чыкты.

ххх

Мариямдын абалы оор эле. Биринчиден, шаарда каралашар адамы жок болсо (Балдар үйүндө тарбияланган кыз болчу), экинчи жагынан, төрөтү жакындап калган.
Ал эми Аскар капысынан тигинтип түрмөгө түшүп калды. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй, бир заматта дүйнөсү чаң-будуң түштү да калды. Күндө милиция бөлүмүнө барат. Бир жолу күйөөсү менен жолукканга уруксат алды. Көрөрү менен кучагына жыгылды. Аял байкуш кандай алсыз? Дирилдеп, күйөөсүнүн көкүрөгүнө башын катып алып бир топ ыйлады. Бир топто эсине келди.
– Кандай анан?
– Алынча эле. Мени кой, өзүң эми кантесиң? Апамдарга барасыңбы?
– Аскар, окуумду эми бүткөн жатсам... Анын үстүнө алар угуша элек. Бир жаңсыл болгончо айтпай эле турайын дегем. Апам байкуш күйүп кетет го.
– Мариям, бала менен эмне болосуң сен?
– Мен эч нерсе болбойм. Курбуларым, эжейлер жардам беришет. Азыр сенин абалыңды ойлоп жатып жинди болуп кетмей болдум. Деги бир аз үмүт барбы акталып чыгышыңа?..
Аскар башын чайкап алды.
– Менимче, жок. Көп жыл бериши да мүмкүн.
– Мариш...
– Оув.
– Сен мага ишенесиңби? Мен бул ишти кылбаганыма, ак жерден күнөөлүү болуп жатканыма ишенесиңби? Сенин ишенимиң мен үчүн баалуу.
– Аскар, мен сени жакшы билем, өзүңдөн да жакшы билем. Мындай иш сенин колуңдан келмек эмес. Мен сага өзүмө ишенгендей ишенем.
Алар бири-бирине чындап ишенишер эле. Аскар Мариямга зоодой жөлөк болсо, Мариям күйөөсү үчүн жайлуу мекен эле. Бул алардын акыркы жолугушуусу болду. Ошондон кийин Аскар канчалык аракет кылса да, аялы тууралуу кабар уга албады. Ал эми Мариям күйөөсүнүн акыркы сотуна да келген жок. Кумга сиңген суудай жоголду. Аскар үчүн бул жандырмагы жок табышмак болду, дал ушул күнгө чейин. Анын тагдыры не болду? Кандай жагдай Аскардан баш тартканга аргасыз кылды?

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
toha
2011-10-24 10:03:21
Кийинки жуманы кутмой башталды!
0
OMG
2011-10-24 10:29:40
toha,
da tochna
0
Ryskeldi2
2011-10-24 13:18:14
анда ал эмне эгиз тороп бирин таштап, бирин алып кеткен окшойт э ...
0
belerafon007
2011-10-24 14:14:35
Кийинки жума келгиче жарылып калбасам эле
0
janym_88
2011-10-24 16:23:53
мм чындап эле эгиз окшойт ээ
0
almaz1979
2011-10-24 19:26:10
super info emnege baaryn chachyratyp salgansynar okuiun dep ele tappaym da ordu ordu menen
0
bakiev_kurmanbek
2011-10-24 21:19:05
Мен окуй элекмин да,ошончолук эле кызык бекен?Айтып койсонор эмне жонундо экен?
0
tea23
2011-10-25 01:49:51
Super kopton ele jazgylachy suranych ichim oorup ketti chydabay kettim.
0
Arstan
2011-10-25 03:50:41
Мына саггга кызыыыык...
0
maniyaso
2011-10-25 06:48:40
oilop korsok jashoodo myndai nerseler kop kezdeshet birok biz kop maani berbei juro berebiz da, al emi munun avtoruna iygilik, bul degen chynygy chygarmachylyk talant!
0
nurli.82
2011-10-25 09:04:06
мага абдан жакты бул чыгарма!рахмат сиздерге!бирок супер неге бирдей эмес,бирде коп бирде аз жазасыздар?
0
mishadjan
2011-10-25 17:12:23
бир жума качан отот......
0
veneraaalieva
2011-10-25 18:05:02
Оох эми дагы 1жума качан отот,
0
eka555
2011-10-27 20:28:31
чынында эле тагдыр оз тамашасын таштаптыр.эми аягы Мариям менен Аскардын жолугушу менен бутобу жомоктой болуп.
0
Bishkek
2011-10-29 22:14:14
супер инфо Айдай деген бар эмес беле анын уландысы болобу аны ары эмес же бери эмес кылып бутуруп салдынарго
0
samaraaa
2011-10-30 21:00:03
Супер инфо Кундуз Канатбек кызыынын "Алгачкы махабат "деген жаны клибин медиа порталга кошуп кюнузду отуном!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
№ 468, 21-27-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан