“Оскар” сыйлыгынын ээси, актриса Хиллари Суонк 5-октябрда Чеченстандын борбору Грозный шаарынын туулган күнүнө келип куттуктап кеткенине өкүнүп турган чагы. Аны укук коргоочулар "Рамзан Кадыровдун режимин мыйзамдаштырууда" деп күнөөлөшкөн. Хиллари Суонктон сырткары салтанатка Жан-Клод Ван Дамм, Ванесса Мэй келип, аталган шаар менен Кадыровдун бир келген туулган күнүнө катышканы үчүн чоң суммадагы акча алышкан. Суонк алган акчасын кайрымдуулук уюмдарына берерин айтып, катуу актанды.