«БИШКЕГИМ,БИШКЕГИМ, БОРБОРУМ СЕН...»

Шаардын паспорту

  • Шаардын негизделген жылы – 1878-ж.
  • Расмий аталышы – Бишкек
  • Деңиз деңгээлинен 750 метр бийиктикте жайгашкан.
  • Учурда шаардын мэри – Нариман Түлеев
  • Калкынын саны – 1991-жылы 600 миң адам болсо, азыр бир миллиондон ашык.
  • Шаарда 50 жаңы конуш бар.

Тарых барактарында...
Маалыматтарга караганда, азыркы ордо калаанын ордунда 1825-жылы Пишпек чеби курулган. Анда алгач 120 кепе үй болуп, жер иштетүү менен алектенген өзбектер жана Маргалан, Намангандан келген соодагерлер жайгашышкан. 1862-жылы чепти орус аскер күчтөрү басып алышкан. 1878-жылы Улуу Жибек Жолунун боюнда жайгашкан ошол чептин тегерегинде шаарча пайда болот. Андыктан, азыркы Жибек Жолу көчөсү алгачкы көчөлөрдүн бири. Шаарчанын болгону 6 миң 600гө жакын тургуну бар эле. Кепе тамдардан турган шаарчанын так ортосундагы беш-алты жыгачтан салынган үй сырткы көрүнүшүнөн гана айырмаланбаса, шаар статусуна ылайыктуу эч кандай көзгө көрүнүктүү курулуштар болгон эмес. Анын интенсивдүү өнүгө башташы совет бийлиги орногондон кийин башталган. 1926-жылы Пишпек шаарына белгилүү революциячы М.В.Фрунзенин наамы ыйгарылат. «Фрунзе» молдован тилинен которгондо “жашыл жалбырак” дегенди түшүндүрөт. Айткандай эле, Фрунзе кийин “эң жашыл шаар” деген аталышка жетишкен.
Баш калаа КАНЧА ЖАШТА?
1991-жылы 7-ноябрда шаардын илгерки Пишпек аталышы өзгөртүлүп, Бишкек деген атка көчөт. Шаардын пайда болуу тарыхы тууралуу талаш-тартыштар учурда да жок эмес. 2009-жылы 29-апрелде борбор калаабызга 130 жыл толот деген датанын чын-төгүнү учурда такталып жатат. Кээ бир окумуштуулардын айтуусуна караганда, шаарыбыздын жашы мындан улуу.
Ушундан улам Бишкек шаарынын мэриясына кайрылдык. Бизди кызыктырган суроолорго 1-вице-мэр Тарбинский Олег Станиславович жооп берди.
– Олег Станиславович, сурайлы дегенибиз, шаарыбыздын жашы такталдыбы?
– Азырынча так датаны айта албайбыз. Учурда шаардык кеңештин чечими менен окумуштуулардан, тарыхчылардан, археологдордон турган комиссия изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Кээ бир тарыхый булактарга таянган окумуштууларыбыз шаарыбызды VI кылымга таандык кылышып, 1500 жыл берип жатышат. Алар «ошол маалда түрк шаарчасы болгон» деген божомолдоолорду келтиришүүдө. Изилдөөчүлөрдүн жыйынтыгына карап, анан шаардын жашы такталат.
– Изилдөө иштерин жүргүзүүчүлөр кандай булактарга таянып жатышат?
– Археологиялык казууларга. Мына жакында «Ала-Тоо» кинотеатрынын алдында күмбөз бар экенин айтышты. Кээ бир маалыматтарга караганда, бул легендарлуу Бишкек баатырдын күмбөзү деген да варианттар бар.
– “Ала-Тоо” кинотеатрынын алдын казуу иштери болушу күтүлүүдөбү?
– Бул күмбөз кинотеатрдын так алдында болгондуктан, эч кандай казуу иштери болбойт.
борборду канча «ЧОң» БАШКАРГАН?
1917-жылдары шаарды староста башкарчу. Бишкек ошол күндөн 2008-жылга чейин 37 башкаруучунун колунан өттү. Учурда Бишкекти 38-мэр башкарууда. Шаарды көп жыл башкаргандар болуп Абузяров Исмаил Хасянович (1939-1946-ж.ж.), Койбагаров Макиш Койбагарович (1946-1955-ж.ж.) эсептелет.
– Калаадагы ири архитектуралык курулуштар Турдакун Усубалиев Кыргыз ССРнин 1-секретары болуп турган кезде салынган. Ал эми Борис Силаев мэр болуп турган кезде (1995-1998-ж.ж.) бир топ мамлекеттик мекемелер менчикке чыгып, шаарда эч кандай өзгөрүүлөр болбогон. Борборубуз Бишкек деген аталышка ээ болгон убакта шаарды Нанаев Акматбек Асанкулович (1991-1992-жылдары) жетектеген.
Ордо калаага тиешелүү фактылар
Бишкектеги шаардык турак-жай фондунун 2008-жылдын апрелиндеги көрсөтмөсү боюнча 71116 турак-жай катталган. Булардын ичинде көп кабаттуу үйлөрдүн саны – 2500, жеке менчик үйлөр – 68616.
Шаарда жогорку окуу жайлардан 18 университет, 20 институт, 9 академия бар. Булардан жалпысынан бир жылда 5,5 миң студент ар кайсы тармактагы адистикке ээ болуп чыгышат.
Учурда Бишкекте дүйнө банктары менен кызматташкан 21 банк бар.
Жакшы деп эсептелген мейманканалардын саны 120га жетет.
Шаарыбыздын 1 миллиондон ашык тургунунун 60 миңи пенсия курагында.
Шаарда сейил бактарынын жана эс алуу жайларынын саны – 20.
Атайын адистештирилген 8 музей, ал эми ачык асман астындагы 5 мемориалдык музей бар.
Театрлардын саны 10го жетет.

Бетти даярдаган Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 318, 5- 11-декабрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА