Борбор шаарыбыз Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн серияларга бөлүнүшү жана айырмачылыктары эмнеде?
ХРУЩЁВКАЛАР
(Хрущёвдун убагында салынган үйлөр, 1960-1970-жылдар аралыгында курулган)
Бышкан кыштан салынган 1, 2 жана 3 бөлмөлүү көп кабаттуу үйлөр.
АЯНТЫ:
1 бөлмөлүү: жалпы аянты – 28-31 м2, жашай турган аянты – 16-18 м2, ашкананын аянты – 4,5-6 м2.
2 бөлмөлүү: жалпы аянты – 40-42 м2, жашай турган бөлмөлөрдүн аянты – 29 м2, ашкананын аянты – 4,5-6 м2.
3 бөлмөлүү: жалпы аянты – 52-56 м2, жашай турган бөлмөлөрдүн аянты – 43 м2, ашкананын аянты – 4,5-6 м2.
Кабаты – 2 кабаттан 5 кабатка чейин.
Шыбынын бийиктиги – 2,35-2,6 метр.
Даараткана менен жуунуучу жай бир бөлмөдө жайгашкан.
Бир кабатта 4 квартира жайгашкан.
Балкондун саны – 1.
Дубалы 30 сантиметр калыңдыкта, бышкан кыштан.
Лифти жок.
Чатыры шифер менен жабылган.
УЧУРДАГЫ БААСЫ (доллар менен):
1 бөлмөлүү – 24 000-26 000
2 бөлмөлүү – 25 000-36 000
3 бөлмөлүү – 45 000-56 000
Темир-бетон панелден салынган 1, 2, 3 бөлмөлүү үйлөр.
АЯНТЫ:
1 бөлмөлүү: жалпы аянты – 30 м2, жашай турган аянты – 17,6-17,8 м2, ашкананын аянты – 5,6-5,9 м2.
2 бөлмөлүү: жалпы аянты – 43 м2, жашай турган бөлмөлөрдүн аянты – 28-30 м2, ашкананын аянты – 5,6-5,9 м2.
3 бөлмөлүү: жалпы аянты – 58 м2, жашай турган бөлмөлөрдүн аянты – 44 м2, ашкананын аянты – 5,6-5,9 м2.
Кабаты – 4, 5 кабат.
Шыбынын бийиктиги – 2,5 метр.
Даараткана менен жуунуучу жай бир бөлмөдө жайгашкан.
Бир кабатта 4 квартира жайгашкан.
Балкондун саны – 1.
Дубалы үч катмар (темир-бетон+минералдык жылуулоочу+темир-бетон), 30-40 сантиметр калыңдыкта.
Лифти жок.
Чатыры кара кагаз (толь) төшөлүп, үстүнөн шифер менен жабылган.
УЧУРДАГЫ БААСЫ (доллар менен):
1 бөлмөлүү – 25 000-30 000
2 бөлмөлүү – 35 000-50 000
3 бөлмөлүү – 40 000-52 000
Бышкан кыштан салынган 1, 2, 3 бөлмөлүү үйлөр.
АЯНТЫ:
1 бөлмөлүү: жалпы аянты – 32 м2, жашай турган аянты – 18 м2, ашкананын аянты – 5-6,5 м2.
2 бөлмөлүү: жалпы аянты – 40-43 м2, жашай турган бөлмөлөрдүн аянты – 30 м2, ашкананын аянты – 5-6,5 м2.
3 бөлмөлүү: жалпы аянты – 50-56 м2, жашай турган бөлмөлөрдүн аянты – 44 м2, ашкананын аянты – 5-6,5 м2.
Кабаты – 4, 5 кабат.
Шыбынын бийиктиги – 2,5 метр.
1 бөлмөлүүсүндө даараткана жана жуунуучу жай бир бөлмөдө жайгашкан. Ал эми 2 жана 3 бөлмөлүүсүндө булар өз-өзүнчө жайгашкан.
Бир кабатта 4 квартира жайгашкан.
Балкондун саны – 1.
Дубалы 30 сантиметр калыңдыкта, бышкан кыштан.
Лифти жок.
Чатыры шифер менен жабылган.
УЧУРДАГЫ БААСЫ (доллар менен):
1 бөлмөлүү – 25 000-30 000
2 бөлмөлүү – 35 000-50 000
3 бөлмөлүү – 40 000-52 000
Темир-бетон панелден салынган 1, 2, 3, 4, 5 бөлмөлүү үйлөр.
АЯНТЫ:
1 бөлмөлүү: жалпы аянты – 33 м2, жашай турган аянты – 18 м2, ашкананын аянты – 8 м2.
2 бөлмөлүү: жалпы аянты – 48-50 м2, жашай турган бөлмөлөрдүн аянты – 30 м2, ашкананын аянты – 6-8 м2.
3 бөлмөлүү: жалпы аянты – 62-63 м2, жашай турган бөлмөлөрдүн аянты – 40 м2, ашкананын аянты – 7-8 м2.
4 бөлмөлүү: жалпы аянты – 74-75 м2, жашай турган бөлмөлөрдүн аянты – 52 м2, ашкананын аянты – 7-8 м2.
5 бөлмөлүү: жалпы аянты – 85-86 м2, жашай турган бөлмөлөрдүн аянты – 64 м2, ашкананын аянты – 7-8 м2.
Кабаты – 5, 9.
Шыбынын бийиктиги – 2,8 метр.
1 бөлмөлүүсүндө даараткана жана жуунуучу жай бир бөлмөдө, ал эми калганында булар өз-өзүнчө жайгашкан.
Бир кабатта 2-3 квартира жайгашкан.
Балкондун саны – 1ден 3кө чейин. 5 кабаттуу үйлөрдө балкондор залда жана уктоочу бөлмөдө, ал эми 9 кабаттуу үйлөрдө ашкана жана залда жайгашкан.
Дубалы үч катмар (темир-бетон+минералдык жылуулоочу+ темир-бетон), 35 сантиметр калыңдыкта.
Лифт 9 кабаттуусунда гана бар. Ал 400 килограммга чейин жүктү көтөрүүгө ылайыкталган.
УЧУРДАГЫ БААСЫ (доллар менен):
1 бөлмөлүү – 25 000-33 000
2 бөлмөлүү – 30 000-60 000
3 бөлмөлүү – 45 000-66 000
4 бөлмөлүү – 70 000-75 000
5 бөлмөлүү – 71 000-90 000
Темир-бетон панелден салынган 1, 2, 3, 4, 5 бөлмөлүү үйлөр.
АЯНТЫ:
1 бөлмөлүү: жалпы аянты – 35 м2, жашай турган аянты – 18 м2, ашкананын аянты – 8-9 м2. Жуунуучу жай менен даараткана бир бөлмөдө жайгашкан.
1 бөлмөлүү: жалпы аянты – 35 м2, жашай турган бөлмөлөрдүн аянты – 13 м2, ашкананын аянты – 8-9 м2. Мындай типтеги квартираларда даараткана жана жуунуучу жай өз өзүнчө жайгашкан.
2 бөлмөлүү: жалпы аянты – 52 м2, жашай турган бөлмөлөрдүн аянты – 32 м2, ашкананын аянты – 8-9 м2.
3 бөлмөлүү: жалпы аянты – 64-68 м2,
жашай турган бөлмөлөрдүн аянты – 42 м2, ашкананын аянты – 8-9 м2.
4 бөлмөлүү: жалпы аянты – 76-77 м2, жашай турган бөлмөлөрдүн аянты – 54 м2, ашкананын аянты – 7-8 м2.
5 бөлмөлүү: жалпы аянты – 87-88 м2, жашай турган бөлмөлөрдүн аянты – 66 м2, ашкананын аянты – 7-8 м2.
Кабаты – 9 кабат.
Шыбынын бийиктиги – 2,8 метр.
Даараткана менен жуунуучу жай өз-өзүнчө жайгашкан.
Бир кабатта 3 квартира жайгашкан.
Балкондун саны: 2ден 4кө чейин. Ар бир үйдүн ашканасында балкон жайгашкан.
Дубалы үч катмар (темир-бетон+минералдык жылуулоочу+темир-бетон) 35 сантиметр калыңдыкта.
Лифти бар. Ал 400 килограммга чейин жүктү көтөрүүгө ылайыкталган.
УЧУРДАГЫ БААСЫ (доллар менен):
1 бөлмөлүү – 25 000-35 000
2 бөлмөлүү – 40 000-57 000
3 бөлмөлүү – 45 000-75 000
4 бөлмөлүү – 70 000-95 000
5 бөлмөлүү – 70 000-100 000
Бышкан кыштан, монолиттен жана панелден курулган 1, 2, 3, 4, 5, 6 бөлмөлүү үйлөр.
АЯНТЫ – АР ТҮРДҮҮ.
Кабаты – 2-18 кабатка чейин.
Шыбынын бийиктиги – 2,5-3 метр.
Даараткана менен жуунуучу жай өз-өзүнчө же чогуу жайгашкан.
Бир кабатта 1ден 4кө чейин үй бар.
Балкондун саны – 1ден 4кө чейин.
Лифт 9 кабаттан жогорку үйлөрдө бар.
УЧУРДАГЫ БААСЫ (доллар менен):
1 м2 - орточо баасы 895.
Эскертүү: Баалар үйдүн сериясынан тышкары абалына, Бишкектин кайсы аймагында жайгашкандыгына жараша да коюлат.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg