БОНСАЙ ЯПОН ИСКУСCТВОСУНУН БИР ҮЗҮМҮ ЭМИ БИЗДЕ

Бонсай бул – экзотикалык өсүмдүк. Мекени Япония катары эсептелет. Аны көрүү үчүн эми Японияга сапар алуунун кажети жок. Калаабыздын тургуну Аширбек Райымкулов бул өнөр менен көптөн бери алектенип келет.

БОНСАЙЛАРДЫН ТҮРЛӨРҮ
Бытыкый бонсай: 2,5-15 сантиметрге чейин.
Кичинекей бонсай: 15-25 сантиметрге чейин.
Орто бонсай: 25-40 сантиметрге чейин.
Чоң бонсай: 40-60 сантиметрге чейин.
Эң чоң бонсай: 60-1 метр 20 сантиметрге чейин жетет.
Аталыштары:
«Тёккан» – бутактары түз, тамыры жоон бак.
«Моёги» – бутактары кыйшык бак.
«Сокан» – эки дарактын кошулмасы. Кучакташкан бактар:
«Сякан» – бир жак тарабына ооп турат.
«Будзинги» – бутактары аз бак.
«Икадабуки» – жаткан бутактын бетинде ар кандай формадагы шактар өстүрүлөт.

ТАРЫХ БАРАКТАРЫНДА
"Бонсай" – япон тилинен которгондо "карапага өстүрүлгөн дарак" дегенди түшүндүрөт. Тагыраак айтканда, чыныгы дарактын кичирейтилген көчүрмөсүн өстүрүү искусствосу. Бул болжол менен 2000-2005 жыл мурун Японияда пайда болгон, ал эми Кытайда акыркы 100 жылдан бери өтө популярдуу болуп кеткен. Бонсай дарагын тынымсыз кыркып, ага түрлүү форма берип туруу керек. Искусствонун бул түрү жыл санап дүйнө жүзү боюнча миңдеген күйөрмандарын чогултууда. Европада бонсай дарагынын баасы 2 миң евродон өйдө. Ал эми биздин калаада 50 доллардан 3-4 миң долларга чейин.

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЯПОН АРАЛЫ
Калаабыздын эс алуучу жайларынын биринде бонсай көргөзмөсү болуп өткөн. Толугураак маалымат алып, иликтөө жүргүзүү үчүн уюштуруучулардын бири менен байланышып, мындай чеберчилик менен алектенип келген Ашырбек агайдын короосуна сапар алдык.
– Кандайча бонсайга кызыгып калдыңыз?
– Жаш кезимде эле бак-дарак өстүргөндү жакшы көрчүмүн. Япониялыктар үчүн бонсай искусство экендигин көп укчумун, өзүм да китеп, журналдардан көрүп, абдан кызыгып жүргөм. Кийин бонсай дарагын өстүрүү ыкмасы тууралуу китеп колума тийип калды. Андан бери убактымды да, жашоомду да кичинекей дарактарга арнадым. Быйыл бонсай искусствосу менен алектенип келе жатканыма 20 жылдын жүзү болду. Бонсай мен үчүн – дарак аркылуу бул дүйнөнү таануу. Ал эми япондуктар үчүн бул дарак – чоң сыймык. Алардын бонсайга берилгени ушунчалык, узундугу бир жарым сантиметр болгон дарактарды чөнтөктөрүнө салып жүрүшөт.
Бонсай наристедей көңүл бурууну талап кылат. Бир күн карабай калсаң жүдөп кетет. Япон эли ар бир нерседен искусство таап чыга алат эмеспи. Мисалы, бир айылында жалаң күрүч өстүрүшөт, дыйкандар өсүп жаткан күрүчтү ар кайсы түскө боёп, самурайлардын сүрөттөрүн түшүрүшөт. Жадакалса ошол өсүп турган күрүчтөрүнө да суктандырууну билишет.
– Коллекцияңызда канча бонсайдын түрү бар?
– Бонсай дарагы деп атайы идишке отургузган убакыттан баштап аталат. Жашы да мына ушул убакыттан баштап саналат. 10-15 жаштагы бонсайларым бар. Менин коллекциямда көбүнчө карагай жана кара-жыгачтар. Мөмөлүү дарактар деле бар, бирок азырынча өнүктүрө элекмин. Балыкты аквариумда чоңойтуу ыкмасы менен бонсайды өстүрүү ыкмасы окшошуп кетет. Балыктын өсүшү аквариумдун көлөмүнөн көз каранды, эгерде чоң болсо балык да чоң болот, бул жерде дарак идиштин көлөмүнөн көз каранды. Мен уруктарды ботаникалык бактан алып келип, алгач даярдап алам. Ар кандай химиялык кошулмаларды кошуп багам да, кесип, дарактын түсүн бере баштайм. Кыйыштыруу – деп коёт, чоң бактын бутагын кичине бакка жабыштырып өстүрөм.
– Бир жыл ичинде бак канча сантиметрге чейин өсөт?
– Көп болсо 1 же 1,5 сантиметрге чейин эле көтөрүлөт. Идиштин ичинде 400 жылга чейин өсө алат. Кадимки эле бак сыяктуу өсө берет, жазында бүр байлап, жайында жашыл жалбырактарга байланып, ал эми күзүндө жалбырактары саргайып, түшөт. Бак канчалык көп бутактаган сайын жалбырактардын көлөмү кичирейет, ошончолук көрк алып, кооз болуп калат. Канчалык бутактап, тамыры чоңойгон сайын бактын туурасы да чоңоюп кете берет.
– Бонсайды өстүрүүдө кандай кыйынчылыктар кездешет?
– Биринчиден, чоң көңүл бурууну талап кылат. Мен үчүн эң чоң көйгөй – кыш мезгили. Бак-дарактарымды үшүккө алдырып алам деп корко берем. Абанын температурасы нөлгө түшүп кетсе, үшүк алып кетет. Ошон үчүн кышы бою өзүнчө бөлмөгө багам. Учурда чоң жер төлө салып жатам, буюрса, эмдиги жылы бонсайларым дайыма турчу жай даяр болот. Жакынкы жылдары калаада бонсайлардын чоң көргөзмөсүн өткөрүүнү пландап жатам.
– Ушунча көп эмгекти талап кылган нерсе сизге киреше алып келеби?
– Бизде бонсай дегенди түшүнгөнгө азырынча деңгээлибиз жете элек. Ошондуктан сата элекмин. Бирок келечекте кирешелүү бизнеске айланышы мүмкүн.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Репортаж - Бонсай япон искусствосунун бир үзүмү эми бизде
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 469, 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан